С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Маек төр /
18 декабрь 2020 /
Айдай Амангелди кызы
Жоолук салынгандыгы үчүн 24 саат бою көзөмөлгө алынган Үпөл кантип Россиядагы академияны кызыл диплом менен аяктап, жаңылыш ойлорду бузду?
Ислам кызы Үпөл – Россия Федерациясынын Д.К. Беляев атындагы Иваново мамлекеттик айыл-чарба академиясынын бүтүрүүчүсү. Үпөл 1-курстан соң жоолук салынганда айрым мугалимдер ага экзаменден баа койбой, “Сен биздин мыйзамдарды сыйлабайт экенсиң”,- деп жагымсыз мамиле кылышкан. Группалаштары болсо “Бизди жардырып ийбейсиңби? Ушул жерден тирүү чыгабызбы?”,- деп аны террористке теңешкен. Үпөл 24 саат бою көзөмөлгө алынып, телефонуна чейин текшерилип турган. Бирок бул сыноолор Үпөлдү сындырып койгон жок. Каарманыбыз окууну кызыл диплом менен аяктап, академиянын окутуучулары жана студенттерине ислам дини менен мусулмандар тууралуу чыныгы картинаны ачып берген. Бүгүнкү күндө Үпөл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бөлүмдүн жетектөөчү адиси болуп иштейт.
Сыноолорду кантип жеңип, Алланын жакшылыгына ээ боло алабыз?
Бакара сүрөсүнүн 155-аятында: “Биз, албетте, силерди коркуу сезими, ачкачылык, мал-мүлк, адамдар аркылуу сынайбыз. Сабырдуулукту сурангылга ... ”,- деп келет.
Ал эми, пайгамбарыбыз Мухаммеддинﷺ: "Мусулман эркек жана аял денеси, мал-мүлкү жана балдары аркылуу, Аллах менен күнөөсүз абалда жолукканга чейин, ар дайым сыноодон өтөт",- деген хадисин Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган.
Бирок, мусулман адам башына сыноо келгенде, аны жакшылык катары кабыл алууну унутпоосу керек. Себеби хадистердин биринде: "Эгер Аллах кимдир бирөөгө жакшылык кааласа, анда аны сыноолорго дуушар кылат",- деп айтылат. (Бухари)
Кыш мезгили - ыймандуу адамдардын жазы
Пайгамбарыбыздынﷺ көрүнүктүү сахабасы Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун): "Кыш- такыбаларга тартууланган белек”,- деген. Бул макалабызда сиздерге “ыймандуу адамдын жазы” делген кышта кыйынчылыксыз бейишке жетелеген ибадат, амалдардын айрымдары менен бөлүүшүүнү туура көрдүк.
Бактылуу үй-бүлө курууга негиз болгон сүйүүнүн 5 тили
Улуттук статистикага таянсак, былтыр өлкөбүздө 49,4 миң нике каттоого алынып, кайра 11 миң үй-бүлө расмий түрдө ажырашкан. Ал эми жалпы ажырашуулардын айынан 13,3 миң бала толук эмес үй бүлөдө жашоого аргасыз болгон.
Мындай көрүнүштөр үй-бүлөдө жубайлар өз ара тил табыша алышпай, бири- бирине сүйүү жана сый-урматты жоготкондуктарынан келип чыгарын психолог Гэри Чепмен “ Сүйүүнүн беш тили” аттуу китебинде айтып, бактылуу үй-бүлө курууга негиз болгон сүйүүнүн 5 тилин сунуштайт.
Бул материалыбызда сүйүү жана өз ара түшүнүшүү аркылуу бактылуу үй-бүлө куруудагы пайгамбарыбыздын ﷺ изги үлгүлөрүн жогорудагы аталган китеп менен айкалыштырып берүүнү чечтик.
Өтүк белеке алган окуучу кыздын таасирдүү окуясы
Судандын Нил штатындагы мектепте мугалимдердин бири окуучулардан экзамен алууну чечет. Мугалим окуучуларга эң мыкты натыйжа үчүн мотивация болсун деп жаңы бут кийим белекке берилишин айтат. Балдар сүйүнүп, тырышчаактык менен жаза башташат.
Лотерея ойносо болобу?
Бул маанилүү темага байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев макала даярдады.
Билүү керек /
17 ноябрь 2020 /
Айкол Болотбекова, кыргызчалаган- Айдай Амангелди кызы
Раби Ас-Сани айы кирди. Бул айда 400 жылдан соң Аль-Кудс бошотулган
Мусулмандардын жылсанагы боюнча кечээ, 16-ноябрда, Раби Ас-Сани айы кирип келди. Бул ай ислам календарында 4-катарда турат. “Сани” деген сөз “экинчи”, ал эми “раби” “жаз” дегенди түшүндүрөт. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” деген маани пайда болот. Раби Ас-Сани айында жалпы ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар орун алган.