Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 15 июнь 2017

Урматтуу мусулман бир туугандар, кудай буюрса, Ыйык Рамазан айынын акыркы 10 күндүгүнө кирдик. Аллахтын мээримдүүлүгү чексиз. Улуу Жаратуучубуз белгилүү бир убактарды белгилеп, кыска аралыкта пенделерине эселеген соопторду табууга мүмкүнчүлүк түзүп коет. Маселен, Рамазан айы айлардын султаны болсо, ошол Ыйык Рамазандын ичинде да анын акыркы 10 күнүнүн өзгөчө орду бар.

null

Ыйык Рамазан айынын акыркы 10 күнүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

1- Дал ушул акыркы 10 күндүктө Куран китеби түшүрүлгөн. “Бакара” сүрөсүнүн 185-аятында:

“Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү”,-деп баяндалат.

2- Дал ушул акыркы 10 күндүктө Кадыр Түн катылган. Пайгамбарыбыз:

“Кадыр түндү Рамазандын акыркы 10 күндүгүндө так сандардан издегиле”,- деген.
Ал эми бул түндүн кадыры Куранда миң айдан артык деп таасын баяндалат. Тагыраагы, Кадыр Түнү жасалган ибадаттар 83 жыл жана 4 ай бою жасалгандай көбөйтүлөт.

3- Итикаф (мечитте жалгыздануу). Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жана анын сахабалары мечитте жалгызданып, Жаратканга кайрылып, күнөөлөрүнүн кечирилишин сурашкан.

Ишенимдүү хадистердин биринде Аиша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп баяндайт:

“Пайгамбар (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Рамазан айынын акыркы 10 күндүгүндө төшөгүн жыйыштырып, аны бөлмөнүн бурчуна коюп, мечитте Жаратканга сыйынчу. Пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң анын жубайлары да ушундай кылышкан” (Бухари, Муслим)

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) үммөттөрүнө айтып кеткен төмөнкү насаатын унутпайлы:

“Бул айда 4 сыпатты өзүңөргө сиңиргиле. Алар тууралуу көп-көп ойлонгула. Алардын экөө Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө жардам берет. Алардын бири – Аллахтын жалгыз экенидигине күбөлүккө өтүү...” Башкача айтканда, «ля иляха илля ллах» сөзүн маанисине сүңгүп кирип, көп-көп айтуу чоң сооп алып келет.

Экинчиси, Жараткандан кечирим сурап, «астагфируллах» деп көп-көп истигфар айтуу.

Ал эми калган 2 сыпат тууралуу айта турган болсок, алар Аллах Тааладан тозоктон коргоп, бейишке киргизүүсү жөнүндө көп-көп суроо.

Урматтуу мусулман бир туугандар, келгиле берилген мыкты мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ибадаттарга кылдат көңүл буруп, Аллахтан кечирим сурап, жакшы амалдарды, кайрымдуулук иштерин колдон келишинче жасап калууга аракет кылалы. Аллах дуба-тилектерибизди кабыл кылып, Өз ырайымына алсын! Аминь!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48