Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Исламдагы мазхабдар (юридикалык мектептер)

Автору: Кадыр Маликов / Жарыяланды: 17 август 2017

«Мазхаб» − бул исламдагы юридикалык мектептер. «Мазхаб» сөзү, арабдардын

«захаба» - баруу, багыт алуу сөзүнөн келип чыккан. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн ой-

пикирине негизделген, диндеги багыттар, «мазхаб» - деп атала баштаган.

Шариятта, «мазхаб» түшүнүгү, жөнөкөй дин тутуучулардын, шарият ченемдерин түшүнүүсү жана дин жолун жолдошу үчүн, Курандан жана пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сүннөттөрүнөн, беделдүү аалымдар тарабынан чыгарылган, далилдердин тутумун жана ыкмаларын, шарият эрежелерин, укуктук мектептерди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө, суниттерде, төрт укуктук мектеп, «мазхаб» бар. Алар, өз негиздөөчүлөрүнүн атынан аталган:

•ханафий (имам Абу Ханифанын мазхабы),

•шафий (имам аш-Шафийдин мазхабы),

•маликий (имам Маликтин мазхабы),

•ханбалий (имам Ахмад ибн Ханбалдын мазхабы).

null

Тарых барактарынан

Алгач, исламда эч кандай мазхабдар, тактап айтканда, юридикалык мектептер болгон эмес. Бирок, жада калса, пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) учурунда да, анын сахабалары, шарияттагы кээ бир нерселерди, ар түрдүүчө түшүнүшкөн. Ал жөнүндө далилдүү маалыматтар бар. Мазхабдар, ислам укугу дүркүрөп өскөн, VII-XII кылымдарда калыптанган. Анткени, Омеяддардын жана Аббасиддердин башкаруусундагы халифат (пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) учурунда негизделген мамлекет), тездик менен кеңейип, анын айланасына жаңы өлкөлөр, маданияттар жана цивилизациялар, ар түрдүү элдер жана уруулар топтолгон. Илим гүлдөп, өскөн. Күндөн- күнгө жаңы көйгөйлөрдү – тиричилик маселелеринен тартып, саясый жана философиялык маселелерге чейин чечүү талабы жаралган. Мындан тышкары, исламдын ченемдерин

колдонуу боюнча, жаңы ыктарды табуу зарылчылыгы келип чыккан. Мазхабдар тарыхый жактан, «хадистерди тутунуучуларга» (асхаб аль-хадис) жана «акылга негизделген түшүнүктүн тарапташтарына» (асхаб ар-рай), тактап айтканда, биринчилери текстерге басым жасаса, экинчилери, акылга негизделген ой-жүгүртүүгө, логикага жана салыштырмалуу талдоону кеңири колдонушкан.

Суннимзде жана акылга негизделгендерден (асхабул рай) эң биринчи болуп, ханафий мазхабы пайда болгон. Бул укуктук мектеп, анын негиздөөчүсү, фарси улутундагы имам – Абу Ханифанын урматына аталган. Бул мектептин өзгөчөлүгү, анда логикалык акыл корутундуларына чоң маани берилген. Халифаттын аймагы чоң болгондуктан, пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) тарабынан калтырылган хадистер, анын чет жакаларына толук жеткен эмес. Ошондуктан, көптөгөн шарият чечимдерин логикалык жол менен чечип, салыштырмалуу талдоо жүргүзүүгө

туура келген. Имам Абу Ханифа, баардык маселелерди, көп сандаган окуучуларынын арасында талкуулоо ыкмасын тандап алган. Ал көйгөйдү аныктап, ар бир окуучу анын чечүү жолдорун сунуштап, өз пикирин жактап айтып берген. Баардык сунуштар кагаз бетине жазылган. Алардын арасынан эң ылайыктуусу жана далилдүүсү тандалып алынган. Абу Ханифа кездеме саткан соодагер да болгондуктан, бул укуктук мектепке анын таасири тийген. Ханафит мазхабы, өзгөчө соода, каржы жана экономикалык мамилелерде, жарандык жана кылмыш-процессуалдык укуктарда, өзүнүн толеранттуулугу, күчтүү логикалык аргументтүүлүгү жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Ал, Ирактан тышкары, араб эмес элдердин арасында кеңири таралган. Бүгүнкү күндө, бул юридикалык

мектепти, Түркиянын, Пакистандын, Афганистандын, Түндүк Индиянын, Ирандын жана Синьцзяндын кээ бир бөлүктөрүнүн мусулман-сунниттери карманышат. Мурдагы СССРдин аймагында, ханафит мазхабын, Кавказдын бир бөлүгүндөгү (Карачай-Черкесс, Кабардин-Балкар), Крымдагы, Волга боюндагы, Уралдагы, Сибирдеги (тактап айтканда, Орусиянын баардык аймактарынын) жана Борбордук Азиянын республикаларындагы мусулмандар карманат. Азыркы Кыргызстандын аймагы, бул мектептин таралуу доорунда, түрк бирикмелерине киргендиктен, кыргыздар дагы ханафит мазхабын тутунушат.

Ханафит мазхабына удаалаш эле, Мединалык имам Малик ибн Анас (Абу Ханифанын замандашы) тарабынан, маликий мазхабы негизделген. Бул мектептин өзгөчөлүгү, имам Малик, укуктук ченемдерди, акыл корутундусуна жана хадистерге (ал учурда, Мединада пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) хадистерин жатка айткандар көп болгон) таянып, иштеп чыккан. Мында талкууга чек коюлуп, окуучулар, имамдын айтканын кагаз бетине түшүрүшкөн. Бул мектептин жактоочулары, бүгүнкү күндө, Перс булуңунда жайгашкан өлкөлөрдө жана Түндүк Африкада (Египет жана Судандан башкасы) таралган. Бул мазхаб тамак-аш маселелерине ийкемдүү мамиле кылат. Маликий мазхабына ылайык, Курандын текстеринде жана пайгамбардын сүннөтүндө (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) түз тыюу салынбаган нерселердин баардыгы, арам деп эсептелбейт. Намазды окуу техникаларынан айырмачылыктар бар (маликийлер дуба окуп жатканда, колду байлабастан, колду түшүрүп окушат).

Шафий мазхабы – ханафий мазхабынан кийинки эле, кеңири тараган мазхаб болуп эсептелет. Аны тутунуучулар, Жакынкы Чыгышта (Сирияда, Иорданияда, Палестинада, Ливандын бир бөлүгүндө), Түндүк Африканын бир бөлүгүндө (Египетте, Суданда), Түштүк Чыгыш Азияда (Индонезияда, Малазияда, Филиппинде, Таиландда) жашашат. Орусиянын аймагында, бул мектепти Дагестандын, Ингушетиянын жана Чеченстандын мусулмандары карманышат. Бул мазхабдын өзгөчөлүгү – анын негиздөөчүсү, имам Мухаммад аш-Шафи (имам Абу Ханифанын шакирттеринин биринин шакирти болгон), Палестинанын Газа шаарындагы, белгилүү курайш уруусунан болгондуктан – пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) текшерилген хадистерин (тактап айтканда, туура экендиги шексиз) пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болгондугунда. Ошондуктан, бул мектепте, исламдын ырым-жырым маселелери – өзгөчө намазга тиешелүү маселелер так иштелип чыккан. Мухаммад аш-Шафи, ханафий жана маликий фикхтерин мыкты билип, өз эмгектеринде, эки мектептин жоболорун колдонуп, аларды жакындатууга аракет кылган. Аны менен бирге, укуктун өз ыкмасын иштеп чыгып, өзүнчө мазхабдын (юридикалык мектептин) негиздөөчүсү болуп калган.

Эң соңкусу, ханбалий мазхабы. Негиздөөчүсү, имам Ахмад ибн Ханбал. Мусулман ылакаптары – хадистер боюнча, бирден-бир, эң белгилүү адис болуп саналат. Көзү тирүү кезинде эле, Сүннөттү жана хадистерди бир тутумга келтирген, беделдүү аалым катары таанылган. Имам ибн Ханбал, башкалардан айырмаланып, өзүнүн укуктук окуусун кагазга түшүргөн эмес. Анын окуучулары жана жолун жолдоочулар, ханбалий мазхабынын усулдарын өнүктүрүшкөн. Ал негизинен Сауд Арабиясында жана Перс булуңунун кээ бир өлкөлөрүндө (Катар, Кувейт) таралган. Бул мектепти эң консервативдүү жана талапчыл деп айтууга болот. Ал Курандын тамгасын жана пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сүннөтүн бекем карманып, текстердин түзмө-түз которулушун колдонуп, акыл корутундулардын негизинде чечмелеп түшүндүрүүгө жол бербейт. Ошондуктан, ханбалий мазхабы, «хадистерди тутунуучулардын» айкын мисалы боло алат. Баардык сунний мектептери, XIV кылымга чейин калыптанып бүткөн. Бул мектептердин кээ бир окумуштуу аалымдары, мындан аркы «ижтихаддын» - жаңы укуктук иштелмелердин (бирок, мазхабдардын ичиндеги ислам укук таануу илиминин өнүгүшү жөнүндө эмес) максатка ылайыксыздыгы жөнүндө, өз ой-пикирлерин билдиришкен. Ошол мезгилде, ислам укук илими өзүнүн гүлдөгөн дооруна, өнүгүүнүн туу чокусуна жеткен. XII-XIII кылымдарда, ханафий мазхабынын аалымдары, мындай юридикалык маселени карашкан: эгерде адам учканды үйрөнүп, ажылык зыяратка келип, Каабаны айланып учса, мындай ажылык зыярат эсептелеби?

Бирок, орто кылымдарда, пикир келишпестиктердин доору башталып, мектептер бири-бирин укуктук эрежелерди туура эмес түшүнөт деп айыптап, бир мазхабдын өкүлү, башка мазхабдын өкүлдөрү менен чогу намаз окубай калган абалга чейин жеткен. Бүгүнкү күндө, төрт мектептин ортосунда, кеңири маселелер боюнча айырмачылыктар жок. Мектептер болжол менен никелешүү, үй-бүлө жана жөрөлгөлөргө тиешелүү, 12-13 укуктук маселелер боюнча ар түрдүү пикирлер бар. Бул пикир келишпестиктер, негизинен ислам укук булактарынын ичинде, мааниси боюнча экинчи орунда турган – Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) хадистеринен келип чыгат. Анткени, мазхаб – бир же бир нече окумуштуу-уламалардын пикири болуп эсептелгендиктен, аларга кээ бир хадистер жетпей, анын негизинде башка мазхабдын өкүлдөрү, алардан айырмаланган чечимди чыгарып же көпчүлүк учурда бул хадистерди так эмес деп карашат. Ханафий жана шафий мазхабдарынын ортосундагы айырмачылык тууралуу айта турган болсок, намаз окууда кээ бир айырмачылыктар бар. Шафийлерде, эркек даарат алгандан кийин, аялга денеси тийип кетсе (кол кармашып учурашса), даараты бузулуп, кайра даарат алуу талап кылынат. Ал эми ханафийлерде, эркек намаз окуурдун алдында, аялын өпсө дагы, даараты бузулбайт. Ханафийлерде, адамдын денесинен, темененин башчасынан чоңураак өлчөмдөгү кан чыгып, денени аралап акса, даарат бузулат. Шафий мазхабында, бут кийим толгудай кан акса гана, даарат бузулат. Мазхабдардын ортосундагы башка айырмачылыктар, негизинен намаз окуу, дуба окуп жаткандагы колдун абалы,

Фатиха сүрөөсүнөн кийин, «Оомийн» сөзүнүн катуу же шыбырап айтылышы сыяктуулар. Негизги маселелер боюнча, мазхабдар бири-бирине шайкеш келет. Баардык төрт мектеп, толук түрдө тең укуктуу деп эсептелинип, ар бир мусулман, өзү каалаган мазхабды тандап алууга акысы бар. Бирок, бир мазхабды тандап алгандан кийин, экинчисине өтүү сунушталбайт. Кээде, эрежеден тышкаркы абалдар да бар. Мисалы, шафийлер ажылык зыярат учурунда, ханафит мазхабына ниет кылышат (анткени, шафий мектебинин эрежелерине ылайык, дененин ачык бөлүктөрүнө, эркектин же аялдын

колу тийсе, даарат дароо бузулат).

Дин тутуучуга аныкталган мазхабды кармануу зарылбы? Ар бирибиз, Курандан жана Сүннөттөн түз чечимдерди алып, өз алдынча түшүнсөк болот да?

Акыркы мезгилдерде, жаш дин тутуучулардын арасында, диний билимдердин жетишсиздигинен, аныкталган мазхабды (укуктук мектептин) карманбастан, Курандын жана пайгамбардын сүннөттөрүнүн (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) түзмө-түз текстерин туу тутууга чакыргандарды угуп жүрөбүз. Мазхаб – исламга чоочун нерсе, пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) учурунда, эч кандай укуктук мектептер болгон эмес. Баардык мазхабдар – жаңы киргизилген нерселер (бид’а) жана адашуу. Көпчүлүк жаштар, араб тилин, анын өзгөчөлүктөрүн, түшүндүрмө берүү эрежелерин, тексттер менен иштөөнүн юридикалык ыкмаларын билишпегендиктен, Курандын жана Сүннөттүн кыргызча же орусча котормолорун ачып алып, аяттарга эркин түшүндүрмө берип, шарият боюнча укуктук чечимдерди чыгарып келишет. Эреже катары, булар шарият ченемдерин, исламдын маани-маңызын бузуп, мусулмандардын ичинде пикир келишпестиктер, чыр-чатактар жана бөлүнүп-жарылуулар пайда болот. Куранга жана хадистерге түшүндүрмө берүү укугуна, мужтахид деп аталган, чоң аалымдар гана укуктуу. Азыр, андайлар жокко эсе. Ал эми, жөнөкөй мусулман, өз алдынча Куранга жана хадистерге түшүндүрмө берүүгө укугу жок. Мындайда, атайын билим жана терең илим зарыл. Бүгүнкү күндө, миллиарддан ашык мусулмандар, милдетүү түрдө, аныкталган мазхабды тутунушат. Бул шарият ченемдерин аткарууну жеңилдетет. Жөнөкөй эле мисал келтирсем, намаз окуурдун алдында, даарат алуу үчүн, жөнөкөй мусулманга, Куранды толук окуп чыгуунун жана ушул темага тиешелүү хадистерди билүүнүн кажети жок. Алар үчүн, өткөн доордун улуу аалымдары, бүгүнкү күндүн шарият адистери, бул маселелерди чечип келишет. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Ислам аалымдары – пайгамбарлардын мураскорлору». Ошондуктан, адашууга жол бербестен, бир мазхабды кармануу зарыл. Кимде-кимдин билими жетишсиз болсо, түшүндүрмө берүүгө укуктуу адамдын артынан ээрчисин. Кимдир бирөөнүн артынан ээрчүү таклид деп аталат. Ислам укугунда, таклид – бул түшүндүрмө берүүгө укуктуулардан тышкаркылардын баардыгына милдеттүү.

Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) хадисинде айтылат:

«Эгерде аалым, ижтихад (укуктук чечим чыгарууга далалат кылуу) жолу менен чечим чыгарып, ката кетирсе, анда ал Аллахтан бир сыйлык алат. Ал эми туура чечим чыгарса, эки сыйлыкка татыйт».

Бир дагы мазхабды тутунбайм деген мусулман, адашып, өзү үчүн Аллахтын динин татаалдантып алышы мүмкүн. Мындай мисал бар: математикада, окумуштуулар тарабынан чыгарылган формулалар бар. Баардык адамдар, ушул формулалардын жардамы менен эсептөөлөрдү жүргүзүшөт. Кимде-ким бул формулаларды колдонуудан баш тартса, өздөрү ушул сыяктуу формулаларды иштеп чыгышы керек. Ал үчүн, ушул окумуштуу- математиктердин деңгээлине жетиши керек (тактап айтканда, улуу имамдардын деңгээлине жетиши зарыл – Абу Ханифанын, Малик ибн Анастын, Мухаммад Шафийдин,

Ахмад ибн Ханбалдын). Эгерде мындай иш колубуздан келбесе, даяр нерсени колдонуудан баш тартуунун кажети жок. Мазхабдар деле ошондой. Баардык ислам коому, аныкталган мазхабдарды тутунуп, шарият талаптарын аткарып келишет. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) хадисинде айтылат: «Менин үммөттөрүм, адашуу же ката кетирүү аркылуу бириге алышпайт». Жада калса, Сауд Арабия Падышачылыгындагы, Кувейттеги заманбап окумуштуулар ханбалий мазхабын, Түркия, Пакистан, Борбордук Азиядагылар – ханафий, ал эми Египет, Малазия жана Индонезиядагылар – шафий мазхабын тутунушат. Силерге дагы бир мазхабды тутунууну сунуштайм.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48