Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Арафа күндүн орозосу 2 жылдын күнөөлөрүн кечирет

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 август 2017

Эртең, 22-августта шам намазынын кириши менен ыйык айлардын бири болгон Зуль-хижжа айы кирип келет. Дагы башкача айтсак, Курман айт туура келчү ай Зуль-хижжа болуп эсептелинет.

Зуль-хижжа тыюу салынган 4 айдын бири болуп саналып, бул айларда жасалган жакшы иштердин сооптору көбөйтүлөт.

null

Ал эми Зуль-Хижжа айынын алгачкы 10 күнү - куттуу, жылдын эң жакшы күндөрү.

Ишенимдүү хадистерде "Жакшы иштер кайсы күндөрү аткарылбасын, Аллах Таала үчүн аткарылган жакшы иштердин ушул 10 күндүктөгүсү сүйкүмдүүрөөк" деп айтылат. Пайгамбарыбыз да Зуль-Хижжа айынын 9 күнүндө орозо кармаган. Ал эми 10-кун Курман айтка туш келгени үчүн орозо кармоого болбойт. Майрам күнү орозо кармоого тыюу салынган.

Имам ан-Навави мындай дейт:

“Зул-хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арафа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”.

Мына ошол күндүктүн ичиндеги 9-күн - Арафа күнү. (2017-жылындагы Арафа күнү 31-августка туура келет).

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан:

«Арафа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».

Демек, мусулмандар Арафа күнүнө өзгөчө маани бериши керек. Анткени дал ушул күнү кармалган корозо эң чоң артыкчылыкка ээ болуп, 2 жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себепчи болот.

Абу Катаданын сөздөрүнөн Аллахтын Элчисинин мындай дегени риваят кылынат:

«Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот».

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул жерде кичине күнөөлөр тууралуу айтылып жатат. Анткени, чоң күнөөлөр тообо келтирүү жана Алла Тааланын ырайымы менен гана кечирилет.

Айша Аллахтын Элчисинин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин баяндаган:

“Аллах Өзүнүн кулдарын тозок отунан ушунча көп бошото турган Арафат күнүндөй башка күн жок. Акыйкатта, Ал (аларга) жакындайт, андан соң периштелердин алдында: «Алар эмнени каалашат?», - деп мактанат”.

Эң жакшы дуа – бул Арафа күнкү дуа

null

Лаа илааха илла-Ллааху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа ‘алаа кулли шай-ин кадиир.

Абдуллах ибн ‘Амрдан Аллахтын Элчисинин мындай дегени кабарланат: “Эң жакшы дуа – бул Арафа күнкү дуа. Мен жана (мага чейинки) пайгамбарлар Арафа күнү айткан эң жакшы дуа бул: «Жалгыз, шериги жок Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир кудай жок! Бүткүл бийлик жана мактоо Ага таандык, жана Ал бүткүл болумуш үстүнөн кудуреттүү!»”.

Бул кадыры көтөрүлгөн күндөрдө төмөндөгү амалдарды аткарса болот:

1.Алла Тааланын мээрим-ырайымына, кечиримине жана ыраазычылыгына ээ болуу үчүн тообо келтирүү жана күнөөлөрдөн оолак болуу, керек болсо, кипкиченекей күнөөдөн да алыс болуу керек.

Күнөө – бул пенденин Алла Тааладан алысташына, узакташына себепкер болсо, таат-ибадат пенденин Алла Таалага жакындоосуна, сүйүүсүнө өбөлгө болот.

Анткени, Абу Хурайрадан (радыяллааху анху) келген куттуу хадистердин биринде Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

«Алла Таала өтө кызганчаак. Анын кызгануусу – бул пенденин Алла Таала тыюу салган (арам кылган) ишке баруусу». (Бухарий жана муслим).

2. Орозо кармоо. Анткени, Ислам дининин алгачкы доорунда жашашкан такыба, улуу имамдарыбыз мына ушул күндөрү дайыма орозо кармоону өздөрүнө адат кылышкан.

3. Тасбих, тахмид, тахлил, такбир жана Пайгамбарыбызга Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтууну көбөйтүү.

Ибн Умардан (радыяллааху анху) келген бир риваятта минтип айтылат:

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

«Алла Тааланын назарында (Зулхижжа айынын башындагы) он күндө жасалган амалдардан сүйкүмдүү амал, андан улук күндөр да жок. Андай болсо, ошол күндөрү тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтканды көбөйткүлө!»

Тасбих – «Субхааналлоох» (Алла Таала ар түрдүү айып-кемчиликтен аруу) деп айтуу.

Тахмид – «Алхамду лиЛЛААХ» (бардык мактоо-алкыш Алла Таалага гана ылайыктуу) деп айтуу.

Тахлил – «Лаа илааха иллаЛЛООХ» (Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок!) деп айтуу.

4. Ошол түндөрдү намаз жана зикир менен өткөрүүгө аракет кылуу.

5. Нафил намаздарды, кайыр-садакаларды, Курани Карим тилаватын көбөйтүү.

6. Өзүңдүн, жаамы мусулман бир туугандарыңдын эки дүйнө бактысына, жакшылыктарына жетүүсү үчүн көп-көп дуба кылуу.

7. Бирөөнү капа кылган болсоң кечирим суроо, бирөөнүн акысын жеген болсоң, анын алдынан өтүп, колдон келсе акысын кайтарып берүү, жалпы элге жакшы, жумшак, жылуу мамиледе болуу, жакшылыктарды жасоо.

8. Кимде-ким мына ушуларды жасоодон алсыз болсо, анда жок эле дегенде башкаларга зыян-залал берүүдөн алыс болуу. Мына ошондо да үлкөн сооп бар.

Мусулман бир туугандарыбыз Аллах Таала тарабынан берилген бул кадырлуу күндөрдө көп-көп дуба кылып, сооп иштерди жасап, Жаратканыбыздын ырайымына ээ болуубузду насип этсин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов