Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүн ыйык 4 айдын бири Зуль-хижжанын 1-күнү

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 23 август 2017

Зуль-хижжа тыюу салынган 4 айдын (Ражаб, Зуль-хижжа, Зуль-каада, Мухаррам) бири болуп саналып, бул айларда жасалган жакшы иштердин сооптору көбөйтүлөт. Ал эми күнөө иштердин даражасы да оорлотулат. Андыктан, бул айда ар кандай күнөө иштер, аларга алып барчу жолдордон оолак болгон оң.

null

Зуль-хижжа айында:

- мусулмандардын башкы майрамдарынын бири Курман айт бар;

- бул айда мусулман бир туугандарбыз исламдын 5 парзынын бири болгон ажылык милдеттерин өтөшөт;

- бул айда ыйык күндөрдүн бири болгон Арафа күнү бар. Арафада кылынган сооптор эселеп көбөйтүлүп, ал эми ким бул күнү орозо кармаса, анын 2 жылдык күнөөлөрү кечирилет.

Бир нече хадистерде келгендей, Зуль-хижжа айынын алгачкы он күнүндө кылынган ибадаттардын кадыры өтө жогору болуп саналат.

«Аллахтын алдында Зуль-хижжанын алгачкы 10 күнүндө кылынган ибадаттардан өткөн артыкчылык жок. Бул күндөрү тасбихти (Субханаллах), тахмидди (алхамдулиллах), тахлилди(Ла илаха иллаллах) жана такбирди(Аллаху акбар) көп айткыла!»(Табарани)

Сахабалар сүйүктүү пайгамбарыбыздан минтип сурашат:

«Йа Расулаллах, бул айдын алгачкы күндөрү кылына турчу амалдар Аллах жолундагы жихаддан да баалуубу?» - дешкенде Пайгамбарыбыз: «Ооба, жихаддан да баалуу болот. Бирок, жанын, малын аябай согушка барып шейит болгон адамдын жихады өтө баалуу болот», - деп жооп берген. (Бухари)

Аллах Таала мээримин, кечиримдүүлүгүн чачкан бул ыйык айда кошумча намаздарды көп окуп, Аллахты зикир кылып, кайрымдуулук, жакшылык иштерин жасап, орозо кармоо аркылуу жакшы колдонуп калалы. Жаратканыбыз ибадаттарыбызды кабыл кылсын!



Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов