Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балдарды шайтандын таасиринен коргоонун 6 жолу

Жарыяланды: 6 сентябрь 2017

1. Дуба окуңуздар

Ибни Аббастын риваятында (Аллах андан ыраазы болсун) айтылат: "Пайгамбарыбыз алайхис салам, көп учурда Азирети Хасан менен Хусейн үчүн коргоону сурачу жана аларга:" Силердин атаңар Ибрахим, Исмаил менен Исхака коргонуч сурап бул дубаларды окуучу:

أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللَّهِ التَّامَّةِ ، مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ وَهَامَّةٍ ، وَمِنْ كُلِّ عَيْنٍ لاَمَّةٍ

«А’узу би-калимати-Лляхи-т-таммати, мин кулли шайтанин ва хамматин, ва мин кулли ‘айнин лямматин» (Аллахтын толук сөздөрү менен Анын жараткан баардык макулуктарынын жамандыгынан Өзүңөн когоо тилеймин).

[3371 Бухари, Тирмизи 2060, Абу Дауд 4737].

2. Балдары коргоодо, алар үчүн «му’аввизатан» (Куран акыркы эки аяты) окулуп, андан соң колдор менен денесин сүртүп, же алаканына сүрөлөрдү окуп, желпи түкүрүп балдарга үйлөп, андан соң баланын бүт денесин сүртүп чыгуу керектигин айткан. Жана башка риваяттарда бул сурөөлөрдү сууга окуп, ал сууну денелерине сүртүү зарыл экендигин же жуунтуп койсо болоорун айткан. Пайгамбарыбыз алайхис саллам өзүнө жана башкаларга коргоону үчүн ушул сүрөлөрдү окууган.

Аишанын риваятында (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: "Алланын элчиси алейхи салам, жатаар алдында “Ихлас”, “Флак” жана “Нас” сүрөөлөрүн окуп, алакандарына үйлөп колдору жеткен жактарга чейин сүртчү. Ал ооруп калган учурларда, мага ал үчүн деп салып берүүмдү сурачу. " [Бухари 5748].

Бул хадисте, кимдир бирөө өзү үчүн окууга даарманы келбей турган болсо, же жаш наристе болгон болсо, башка бирөөлөрдүн дем салым берүүсүндө бөгөт жок экендиги айтылууда.

3. Күүгүм кирип, шам намазынын убагы киреери менен балдарыңарды эшике чыгарбоого аракет кылууңар зарыл.

Жабирдин берген риваятында (Аллах андан ыраазы болсун) айтылат, пайгамбар алейхи салам айткан: “Күүгүм кириеери менен балдарыңар жанынарда болсун, анкени бул учурда шайтандар кое берилет, бираз убакыт өткөн соң эркин койсонор болот. Кечинде Аллахтын аты менен эшигиңерди жапкыла, анткени Аллахтын аты эскертилип жабылган эшиктен шайтан кире албайт. Аллахтын аты менен чаначтарды, идиш-аяктардын үстүлөрүн жабып, жарыкты өчүргүлө”. [Бухари, 3316]

4. Балдарды кичинесинен тарта Алланы таанытып, Андан гана коркуп, Ага гана таянууну үйрөткүлө. Аларга көз мончок жана тумар чийдирбегиле, эгер тумарда Курандын аяттары болгон болсо дагы моюдарына такбагыла. Анткени алардын аң сезиминде бул тумар менен көз мончоктор коргойт деген ой калыптанып калат.

5. Бакара Сүрөсү жана азан окуу менен үйүңөрдү коргогула.

Абу Хурайра аркылуу берилген риваятта, пайгамбар алейхи салам айткан: “Үйүңөрдү мүрзө кылбагыла! Акыйкатта, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат”. [Муслим 780].

6. Балдарңарга тамак алдында "Бисмиллах"(Аллахтын аты менен) деп айтканды үйтөткулө.

"Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” [Ибни Мажа]

Муслим хадис жыйнагында келген дагы бир хадисте пайгабарыбыз алейхи салам, Аллахтын аты эскертибеген тамактанууда шайтан аралоорун жана шайтан үчүн ал тамак адал болоорун айткан.

%article_title%

Материал Islam for Kids сайтынан алынып которулду



Башка макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36