Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Намаздан жаңылганда эмне кылуу керек?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 29 сентябрь 2017

Намаз окуп жатып, же окуп бүткөндөн кийин кандайдыр бир ката кетиргениңизди сезгендирсиз. Бул учурда “Намазым кабыл болобу, же кайрадан окуш керекпи?” деген түпөйүл суроолор ар бир адамда жаралат. Төмөндө биз ал каталарды кантип оңдоо керектигин айтып беребиз. Намаздагы каталар жана аларды оңдоо тууралуу суроолорго Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бахтияр жооп берди.

null

Намаздагы каталар шарттуу түрдө 2ге бөлүнөт:

Биринчи учурда намазды кайра башынан баштап толугу менен окуу абзел;

Экинчи учурда ката кетирсе да, намазды улап окуй берет, бирок акырында Сахв саждасын (жаңылыш сажда) окуп намазды толуктап бүтүрөт.

Биринчи учурдагы намазды кайра башынан баштап окуу - намаздын парздары (рукун деп да айтылат) бузулган учурга тиешелүү. Ал эми намаздын парздары төмөнкүлөр:

1- Ифтитах такбири: Тигил же бул намазды баштоо үчүн «Аллаху акбар!» деп айтуу «ифтитах такбири» же «тахрима» деп аталат.

2- Кыям: «Кыям» сөзү тике туруу, какаюу, өйдө турган калыпта болуу деген маанилерди туюнтат. «Кыям» сөзү дин терминологиясында ар бир рекетте Куран окулган чакта өйдө турган калыпта болуу дегенди түшүндүрөт.

3- Кыраат: Бул жерде «кыраат» сөзү «намаз учурунда Куран окуу» деген маанини билдирет. Намазда эң азынан үч кыска аят же ушул үч аятка тете бир узун аят окуу кажет.

4- Руку: «Руку» сөзү «кол тизеге жеткендей даражада бел бүгүү, ийилүү» дегенди түшүндүрөт. Рукуда белгилүү мөөнөт («субхаана роббиял-азиим» деп айтканчалык) туруу парз.

5- Сажда: «Сажда» сөзү «баш ийүү, моюн сунуу, ыклас кылуу, жана маңдайды жерге коюу» деген маанилерди туюнтат. Ар бир рекетте эки жолу саждага баруу - парз.

6- Акыркы отурум: Акыркы отурум араб тилинде «Каада-и ахииро» деп айтылат. Намаздын акырында «Тахиййат» дубасын окуу убагынчалык отуруу парз болуп саналат.

Эгер намаз учурунда жогорудагы намаздын парздары бузула турган болсо, анда намазды кайра башынан окуу абзел.

Экинчи учурда болсо, намаздын парздары кечиктирилип, важиптери жаңылыш же аткарылбай калса, анда намазды улап окуп, акырында «сахв» (жаңылуу) саждасын кылуу талап кылынат. Эми ар бирин мисалдар менен карап көрөлү.

3 рекет окудумбу, же 4 рекетпи?

Намаз окуп жатып 3 рекет окудумбу, же 4 рекетпи деген суроо жаралып, адам канча рекет окуганын билбей калса, бул учурда ал 3 рекет окудум деп эсептеп (чечим рекеттин аз санына чыгарылат), намаздын аягында сахв саждасын кылуу керек.

Сахв саждасы деген эмне?

Намаздагы парздар кечиктирилип, ал эми важиптерден адашып же унутуп окубай кеткенде савх сажданын жардамы менен намаздагы каталар оңдолот.

Савх саждасы кандай аткарылат?

Эгер намаздын парздары кечиктирилип, важиптери аткарылбай же жаңылыш болгон болсо, адам намазды токтотпостон андан ары окуп кете берет да Ташаххуд дубасын окуган соң, 2 тарапка салам берип, (жамаат менен окулганда, элдер намаз бүтүп калды деп ойлоп калышпасы үчүн оң гана тарапка салам берилет) андан соң 2 жолу саждага барып, кайра Ташаххуд дубасын окуп, салават, салам, дуба менен намазды бүтүрөт.

Намаздын парздарынан ката кетиргениңди намаз окуп бүткөн соң билип калсаң кандай кылуу керек?

Эгерде намаз окуп жатып намаздын парзына кирген 2 жолу рукунун ордуна 1 эле жолу руку кылганыңды намаз окуп бүткөн соң гана билип калсаң, намазың жарактуу болуп эсептелине берет. Бирок намазды кайра башынан окуп койсо да болот.

Эгер намаз окуп жатып күлүп жиберсе намаз бузулабы?

Намаз учурунда жылмаюу намазды бузбайт, ал эми өзүнө угулгандай даражада күлүү бузат. Эгер күлүп жибергениңди өзүң да, айланаңдагылар да укса, анда дааратты да жаңылоого туура келет.

Жогорудагыдай каталарды кетирбей, намазды берилип окуу үчүн айрым нерселерге кунт коюу - пайдалуу. Алгач дааратты кунт коюп алуу керек. Бекеринен, “Намаз-бейиштин ачкычы, ал эми даарат- намаздын ачкычы” деп айтылбайт. Даараттын парз, сүннөттөрүнөн тышкары анын адептери да болот. Алар төмөнкүлөр:

1. Мүмкүн болсо, даарат алуу учурунда кыбылага бет алуу.

2. Даарат учурунда сууну этият колдонуу. Сууну кийимге чачыратпоого аракет кылуу.

3. Адам менен сүйлөшпөө.

4. Даарат алууда (себепсиз) бирөөдөн жардам сурабоо.

5. Таза жерде даарат алуу

6. Даарат алгандан кийин «Ашхаду ан лаа илааха иллаллах, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху» деп шахадат келмесин айтуу.

Дааратты ыкылас коюп, адеп, тартиптери менен алган соң, намазды да ошондой туура ниет коюп, ойду топтоп баштоо зарыл.

Чексиз Кечиримдүү, Ырайымдуу, Боорукер, Кабыл кылуучу Аллах Таала ар бир мусулмандын намазын кабыл кылган болсун!



Башка макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36