Мусулмандардын жыл санагы боюнча азыр биз Мухаррам айында жашап жатабыз. Ал эми Мухаррам - Исламдагы 4 ыйык айлардын (Ражаб, Зуль-хижжа, Зуль-каада, Мухаррам) бири болуп саналып, бул айларда жасалган жакшы иштердин сооптору көбөйтүлөт. Ал эми күнөө иштердин даражасы да оорлотулат. Андыктан, бул айда ар кандай күнөө иштер, аларга алып барчу жолдордон оолак болгон оң.
Мухаррам айында ибадаттарды көбөйтүп, орозо кармоого аракет кылуу керек.
Анткени Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (Алланын ага салават-саламдары болсун) Рамазандан кийинки эң абзел орозо Аллахтын Мухаррам айындагы орозо, парз намаздан кийинки эң абзел намаз түнкү намаз деп айтканын келтирет.
Ар айда 3 күн орозо тутуу сүннөтүн Мухаррам айында да калтырбай кармоого ниеттенүү керек.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) сахабаларынын бири Абу Хурайрага 3 нерсени аткарууга кеңеш берген. Алардын бири - ар айда кармала турчу 3 күндүк кошумча орозо эле.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун):
Эртең, 3-октябрь, Мухаррам айынын 13-күнү. Демек, эртеңден баштап 3 күн катары менен орозо кармоо аркылуу сүннөттү аткаруу менен бирге Мухаррам айында чоң соопко жетишкен болосуз.