Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ырыскы - жумуш, акыл, күчкө көз каранды эмес

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 12 октябрь 2017

Көпчүлүк адамдар бул жашоодо бай жана ийгиликтүү болгулары келишет. Айлыгы көп жумушта иштеп, сапаттуу, кымбат кийим кийип, балким, акыркы үлгүдөгү машина айдоону самашат. Айрымдары бул нерсеге өтө оңой жол менен жетишсе, башкалары күнү-түнү иштегенине карабай, көздөгөн максатына жете алышпайт. Мунун себеби эмнеде? Бул жерде кеп ырыскы маселесине барып такалат.

null

Адамдын жашоосундагы ал муктаж болгон, пайдаланыла турчу нерселердин баары ырыскы болуп саналат. Ал материалдык, же рухий түрдө болушу мүмкүн. Мисалы, кийим, машине, үй, тамак-аш көзгө көрүнгөн материалдык ырыскы болсо, илим-билим, Аллахка жакындоо деген сыяктуу нерселер рухий ырыскы түрүнө кирет.

Мусулман адам жогорудагы ырыскылардын баары Аллахтан гана келерине чын жүрөгү менен, кыпындай да күмөн санабай ишенүүсү абзел.

Ыйык Курандын “Рум” сүрөсүнүн 40-аятында:

“Аллах силерди жаратып, анан ырыскы берет” деп айтылган.

Динден түшүнүгү болбогон адам, “Мен байлык, бийликке өз күчүм, же акылым менен жеттим” деп ишенет. Айрым адамдар “Мага менин кесибим нан таап берип жатат” деп эсептешет. Мындай ой жүгүртүү исламга каршы келерин унутпаңыз.

Жогорудагы биз ойлогон иш орду, же жумуш берүүчү, билим, күч - булардын баары ырыскы берүүчү, же ырыскыга себеп болуучу дагы факторлор эмес. Биз аларды “ырыскынын абалдары” дешибиз туура болот. Анткени ырыскы берүүчү тек гана Аллах (ар-Раззак, Аллахтын 99 атынын бири, Ырыскы Берүүчү деген мааниде).

Түшүнүктүү болушу үчүн бир мисал келтирели.

1- Кайсы бир адам бир ай бою маңдай терин агыза, бел чечпей иштеди. Айдын соңунда анын иш акысына бөлүнгөн акча ошол адамдын колуна тие электе эле мурунку карызын өчүрүүгө башка жакка которулду. Же болбосо, ал жумушчу өзүнүн компаниясы кризиске учурагандыгы үчүн бир тыйын да албай калды. Мындай учурларда элибизде "Ырыскысы жок экен" деп айтылгандарды кулагыбыз чалгандыр.

Эгер жумуш ырыскынын табылышына себеп болгондо анда бул мыйзам ченемдүүлүк эч качан бузулбастан иштемек. Ишеген адамдар эмне болгон күндө да сөзсүз акысын алмак. Бирок реалдуу жашоодогу мисалдар бул “мыйзамдын” бузулуп жаткандыгына далил болуп жатышпайбы.

Эми дагы бир мисал келтирели.

2- Кыргызстандагы бир адам Америкада жашаган жалгыз агасынын бул дүйнө менен кош айтып кеткендиги, эми анын артындагы болгон байлыгы ага калгандыгы тууралуу угат. Миллиондогон акчаларга мураскер болуп калган адам эч кандай күч, акыл жумшабастан эле чоң байлык ээси болуп калды. Буга окошогон учурларды да биз жашообузда бир нече ирет көрүп жүрөбүз. Бул адамда ырыскынын эч кандай абалы болгонуна карабастан, ал Аллах өлчөп берген ырыскысына ээ болду. Демек, ал- ырыскылуу адам экен. Куранда бул тууралуу “Аали Имран” сүрөсүнүн 37-аятында мындайча баяндалат:

“Чындыгында, Аллах каалаганына ырыскы берет”.
Макалабыздын башындагы суроого ушул мисалдар жооп болуп бере алат. Айрым адамдар анча күч жумшабастан эле байышса, кээ бирлери айлап-жылдап иштесе да чакан үйгө жетпей жүрүшөт. Анткени ырыскынын абалдары болгону менен Аллах ал адамга ырыскы бербегени себептүү ал адам каалаган нерсесине жете алган жок.

“Андай болсо, менин эмгектенүүмө керек барбы?” деген да суроолор жаралышы мүмкүн.

Эмгек кылуу, өз ырыскысын издөө мусулмандарга фарз болуп саналат. Адамдар ырыскыга жетүү үчүн тиешелүү абал жана жолдорду өзүлөрү тандашат. Кээ бири адал, ал эми башкалары арам жолдор менен. Адал жол менен ырыскысына жетүүгө жасалган кадамдар мусулман үчүн ибадат болуп жазылат.

Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен кол алышкан кезде:

-Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр.

-Ооба, йа Расулаллах, жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам.

Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Хазрети Муазды өөп:

-Бул колду Тозоктун оту күйгүзбөйт – деп айткан.

Мусулман адам адал жол менен өз ырыскысына жетүү үчүн колдон келген күч-аракетин жумшап, ал эми анын жыйынтыгын бир гана Аллахка коет. Эгер ырыскы берилген болсо, шүгүр келтирет, а ырыскысы аз же ага такыр эле жетпей калган болсо, сабыр кылат. Биз, Жараткан Аллах Таала адамды ар кандай жолдор менен сынарын унутпашыбыз керек: айрымдарын байлык берип сынаса, башкаларынын байлыгын толугу менен тартып алып сынайт. Бул жашоо түбөлүктүү эмес, убактылуу болгондуктан, адам Жараткандан келген сыноолорду татыктуу көтөрүп, Жараткандын ыраазычылыгына ээ болууга умтулушу керек.

Динге карата капиталисттик көз караш

Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар өзүлөрүнүн жаңылыштыктарынан улам динге капиталисттик көз карашта карашат. “Эгер мен намаз окусам, Аллах менин жашоомду жеңилдетиши керек, чечилбеген иштерим чечилип, байлыкка ээ болом” деп ойлошот. Бул - өтө жаңылыш түшүнүк. Мусулман адам намаз, орозо сыяктуу ибадаттарды бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аткарат дагы, анын артында кандайдыр бир дүнүйө кызыкчылыктарын ойлобойт. Же дагы бир мисалды келтирели. Тааныштарыбыздан: “Кудай сүткөр, коррупционер, алдамчыларга толтура байлык берип, жакшы адамдарды ачкачылыкта күн көрсөтүп жатат. Эми ушул кантип адилеттүүлүк болсун?” дешет. Аллах Таала эч качан бул дүйнөдө Өзү жакшы деген адамдарга жыргал турмуш берип, жаман адамдарды кедейчиликте калтырбайт. Жараткан каалаганына байлык же жакырчылык берип, ошонун негизинде пенделерин сынайт.

Мусулман адамга байыса болобу?

Бүгүнкү күндө “мусулмандар байлык жыйнабоого тийиш” деген кептерди да угуп калгандырбыз. Бул - кайрадан эле жаңылыш ой.

Ислам түшүнүгү боюнча, акча, байлыктын өзү - тыюу салынган арам нерселер эмес. Ал эми адамдын акчага болгон мамилеси, аны табуунун жолдору адамдын Аллахтын алдындагы ордун аныктайт. Мусулман адам байлык, акчаны тапканга аракет кылышы милдет (албетте, адал жолдор менен), бирок ал акча табууну жашоонун маңызына айландырып, анын артынан кубалап, Аллахты эстөөдөн четтетип, бул жалган дүйнөгө байлап салбоосу кажет. Бир топ хадистерде мындай адамдар утулушта экени айтылат:

"Акчага сыйынган куруйт”, "Алтын жана күмүштүн [акчанын]кулуна лаанат болсун!”, "Акчага көңүл берүү силерден мурдакыларды куруткандыгы сыяктуу силерди дагы курутушу мүмкүн”

Мусулман адам байлыкты Аллахтын ыраазычылыгына жеткире турган иштерди аткаруу үчүн жыйнап, аны туура жолдо пайдалынышы зарыл.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36