Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Даарат бузулуучу 14 учур

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 декабрь 2017

Таза суу менен колду чыканак менен бирге, бетти, томук (кызыл ашык) менен кошо бутту жуу жана башка масх тартуу түрүндө жүзөгө ашкан өзгөчө тазалык «даарат» деп аталат.

Маида сүрөсүнүн 6-аятында намазга тураардан мурун даарат алуу зарылчылыгы тууралуу төмөнкчө буюрулат: «О, ыйман келтиргендер! Намазга турганыңарда жүзүңөрдү жана колуңарды чыканагы менен бирге жуугула, башыңарга масх тарткыла, бутуңарды кызыл ашыкка чейин жуугула».

Мухаммед Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) дааратсыз окулган намаздын жараксыз болгондугу жөнүндө бир топ куттуу хадистеринде айтып кеткен. Ислам аалымдары Куран менен Сүннөткө таянуу менен намаз окуу үчүн даарат алуу ар бир мусулман адамга парз болгондугун бир пикирден кабылдашкан. Ал эми ошол даараттын өзү кандай учурларда бузулушу мүмкүн?

null

Алар төмөнкүлөр:

1. Алдыдан жана арткы тешиктен заң, заара, урук суюктуктары (сперма, мази сыяктуу), кан, ийриң жана башка ушул нерселер сыяктуу ыплас нерселердин же суюктуктардын чыгышы дааратты бузат.

2. Арткы тешиктен желдин чыгышы да дааратты бузат.

3. Дененин тигил же бул жеринен кан, ириң, сары суу сыяктуу нерселердин чыгып териге жайылышы дааратты бузат. Мындай нерселер чыккан жеринин тегерегине жайылбаса даарат бузулбайт. Ооздон чыккан кан түкүрүк менен бирдей же түкүрүктөн көп болсо дааратты бузат. Эгер андан аз болсо даарат бузулбайт.

4. Ооз толо кусуу. Аз-аздан болсо да удаама-удаа келген кусундулар ооз толо турган өлчөмгө жетсе, дааратты бузат.

5. Эстен тануу, акылдан ажыроо, мас болуу жана уктоо. Мындай абалдарда даарат бузулат. Эч нерсе билбей калгандай уйкуга кирбестен, бир аз көзү илинип кеткен адам даараты бузулбаганына кескин түрдө ишенсе, даараты бузулбаган болот. Ошондой эле намаз учурундагы уйкусуроо да дааратты бузбайт. Анткени, намазда туруунун өзү эле даараттын бузулбашына шарт түзөт. Бирок ошону менен катар өзүн билбей кала турган даражада уктап калган адамдын даараты бузулган болот.

6. Рукуу жана саждалуу намаз учурунда бир адам атайылап же жаңылуу менен уйку абалында болбостон жанындагы адамга угула тургандай үн менен күлгөн адамдын даараты да, намазы да бузулат. Куттуу хадистердин биринде, намазда күлгөн адамдын кайрадан даарат алып, намаз окушу талап кылынган. Жаш баланын же болбосо уйкудагы адамдын каткырып күлүүсү тек гана намазды бузат, дааратты бузбайт.

7. Аял кишинин бала төрөшү. Төрөт учурунда кан көрүлбөсө да даарат бузулат.

8. Эркек аялы менен сүйүү кумарына берилип өтө берилип эркелешүүсү да дааратты бузат. Суюктук чыкса да, чыкпаса да өкүм бирдей.

9. Эркектин жыныстык мүчөсүнүн учуна толук же жарым тыгылган пахтадан жасалган тампондун сырттагы бөлүгү сийдик менен нымдалуусу да намазды бузат. Тек гана ичи нымдалган болсо дааратты бузбайт. Бирок пахта ичи гана нымдалуу менен кыпчылып турган жеринен чыгып, түшүп кетсе дааратты бузат.

10. Аялдын жыныстык органынын ичине же сыртына коюлган тампон, мата, пахта ж.б. сыяктуу нерсенин нымдалышып сыртка чыгуусу дааратты бузат. Тагыраак айтканда: Бул мүчөнүн сыртына коюлган матанын ич тарабы нымдалган болсо дааратты бузат. Коюлган нерсенин сыртына чейин чыгуусу шарт эмес. Ал эми ичине тыгынган тампон сыяктуу нерсенин сыртына чейин нымдалышпаса дааратты бузбайт.

11. Жамбаштап, көмкөрөсүнөн жатып, малдаш уруп отуруп, тизелерине таянып, бутту эки жака сунуп отуруп, намаздын сыртында сажда абалында уктоо да дааратты бузат. Ошондой эле тик олтуруп уктап жатып кулап калбаса да, бир кылт этип термелип кеткен адамдын да даараты бузулат.

12. Жайдак улоо минип өйдөлүшкө чыгып баратып уктоо дааратты бузат. Бирок, түз жолдо же ылдыйышка түшүп келатып уктаган болсо даараты бузулбайт. Ээр токуму бар улоо минип баратып кандай абалда болсо да уктап калса даарат бузулбайт.

13. Таяммум алган адам даарат алууга жеткиликтүү суу көрсө же тапса даараты бузулат.

14. Дааратын сактай албаган үзүрлүү адам алган даарат үчүн намаз убактысынын чыгышы дааратты бузат. Мисалы, мурду дайым канаган, же заарасы токтобогон адам ар бир намаз убактысы үчүн бир жолу гана даарат алып, бул даарат менен каалаган парз, нафил намаздарды окуй берет. Кийинки намаз үчүн жаңы азан окулганда, андан мурунку убакытка арнап алган даараты бузулат да, жаңы убакыт үчүн кайра даарат алууга тийиш болот.

risaleinur.on.kg



Башка макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36