Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кийим кийүү адебин билесизби?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 декабрь 2017

Кийим бул адамдын уяттуу жерлерин жаап, аны ысык-суук, сырткы зыяндуу факторлордон коргоп турган калканыч.

Бул тууралуу Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:

“О, Адамдын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана жана сулуулугуңарды жабуу үчүн (Биз силерге) кийим түшүрдүк. Бирок-такыбалыктын кийими-эң мыкты (кийим)!” (“Аараф”:26).

Аллах Таала дагы бир аятта:
“Ошентип, силерге (өзүңөрдү) ысыктан сактай турган кийимдерди, согушта коргоно турган соот кийимдерди пайда кылдык". (“Нахл”:81).

Мусулман адам сырткы кийими аркылуу өзүнүн адебин көрсөтөт. Ошондуктан, ал ар дайым таза, тыкан, өзүнө жарашыктуу кийинүүгө аракет жасоосу керек.

null

Кийим кийүүдөгү айрым адептер:

1- Таман акы-маңдай тер, адал кесип менен табылган акчага кийим алуу.

2- Мүмкүнчүлүк болушунча ак кийинүү. Анткени, ак түстөгү кийим кийүүнүн дурустугу тууралуу бир нече хадистерде баяндалат. Алсак, пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

“Кийимиңердин ак түстөгүлөрүн кийгиле, анткени ошолор эң мыкты (кийим болуп эсептелет) жана маркумдарыңарды (ак түстөгү кездеме) менен кепиндегиле”.

3- Кийимге карата мамиледе ашыкча ысырапкор болбоо. Бул тууралуу пайгамбарыбыздын эң бир сонун хадиси бар. Бул хадисти Му’аз бин Анас (андан Аллах ыраазы болсун) кабарлаган.

“Ким кымбат баалуу кийим кийүүгө мүмкүнчүлүгү боло туруп ыйбаалуулуктан улам андай кылуудан карманган болсо, Кыямат күнү Аллах ага бардык макулуктардын алдында кайрылып, ыйман кийимдеринин ичинен ага, ал өзү каалаганын тандап кийүүсүн сунуш кылат”.

4- Динибиз боюнча эркектердин жибек кийим кийүүсүнө тыюу салынат:
“Жибек кийим кийбегиле, анткени ким бул дүйнөдө жибек кийим кийсе, ал акыретте аны кийүүдөн кур калат!” (Бухарий, Муслим).

Дагы бир хадисте Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Мен Аллахтын Элчисинин бир парча жибекти оң колуна, ал эми бир парча алтынды сол колуна кармап туруп:
“Чындыгында, бул дагы, мобул дагы-менин үммөттөрүмдүн эркектери үчүн харам (кылынган)”-деп айтканын укканмын.

5- Жибек кийим кийүү жана алтын буюмдар эркектерге тыюу салынып, ал эми аялдарга уруксат берилген.

6 -Эркек аялча, ал эми аял эркекче кийинбөө.

Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) айтат:

Алланын элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айтты”. (Абу Дауд)

Абдулла ибни Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) аялдарга окшошуп кийинген эркектерди жана эркектерге окшошуп кийинген аялдарды каргады”. (Бухарий)

7-Кийим кийүүдө оң жактан баштоо.

Айша энебиз (Аллах ыраазы болсун) айтат:

Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) колунан келишинче бардык иштеринде оң жактан баштоону жакшы көрөт эле: тазалануусунда, тарануусунда, кепичин кийүүдө”. (Бухари, Муслим)

8- Кийим кийүүдө Аллахка ыраазычылык келтирип, атайын дубаны айтуу дурус болот. Абу Са’ид ал-Худринин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын Элчиси жаңы кийим кийген кезде, ал анын (мисалы): “селде”, “көйнөк”, “чепкен” деп атын атап туруп, анан минтип дуба кылчу.
“О, Аллах, сага мактоолор болсун! Сен мага бул кийимди кийгиздиң. Мен Сенден мунун өзүнүн жакшылыгын жана мунун жасалуу максатынын жакшылыгын тилеймин. Мен мунун өзүнүн жамандыгынан жана мунун жасалуу максатынын жамандыгынан сакташыңды тилеймин!” (Аллахума, ла-ка-л-хамду, Анта касавта-ни-хи, ас’алю-ка, хайра-ху ва хайра ма суни’а ла-ху а’узу би-ка мин шарри-хи ва шарри ма суни’а ла-ху!”) (Бул хадисти Абу дауд менен Тирмизий келтирип, Тирмизий аны: “жакшы хадис” деп атаган).



Намаз убактылары
15 апрель 2024г.
Багымдат
4:38
Күндүн чыгуу
6:21
Бешим
13:02
Аср
17:45
Шам
19:48
Куптан
21:03
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов