Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тагдырды өзгөртүүгө мүмкүнбү?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 26 февраль 2018

Баарыбыз өз жашообуз, тагдырыбыз тууралуу ойлонобуз. “Бизди келечекте кандай окуялар күтүп турат? Алдыдагы максат, кыялдарым орундалабы?” деген сыяктуу суроолор көпчүлүгүн эле түйшөлтөттүр. Жашы бир топко барып калган чоң ата, чоң апалар менен сүйлөшкөндө, адамдын каалоо-тилектеринен тышкары ага баш ийбеген “тагдыр” аттуу түшүнүктүн барлыгын айтышат.

Чындыгында, тагдыр түшүнүгү татаал маселелердин катарына кирет. Элдер арасында “Маңдайыма ушундай жазылыптыр”, “Тагдырымда менин бактысыз болушум белгиленип коюптур” деген сыяктуу жаңылыш калыптанган ой-пикирлер бар. Булардын баары туура эмес түшүнүктүн жана маалыматтын жоктугунан улам келип чыгат. Төмөндө биз тагдыр тууралуу кененирээк талдаганга аракет кылдык. Суроолорго ислам таануучу, профессор Кадыр ажы Маликов жооп берди.

null

Тагдыр деген эмне?

Эң алды менен өзгөчө белгилей кетчү нерсе, тагдыр тууралуу сөз болгондо биз, адамдар, көпчүлүк убакта логиканы колдонобуз. Ал эми айрым учурларда тагдыр маселеси адамдын аң-сезиминин чегинен чыгып кетет. Анткени, биз акыл-эс, аң-сезим, убакыт сыяктуу факторлордо чектелгенбиз. А Аллах эч бир нерседен чектелген эмес. Ал баарын Билүүчү, Көрүүчү Даанышман...

Тагдыр деген сөзгө келсек, бул - адам акылы жетпеген Жараткандын улуу сыры. Тагдырга чындап ишенүү - бул жашоодогу болуп жаткан көрүнүш, окуя, иш-аракеттердин баары Аллахтын эрки, ыктыяры менен ишке ашарына моюн сунуу жана аны кабыл алуу.

Тагдырдын 4 түрү

Бардык боло турган жана болуучу нерселер “аль-Лавх аль-Махфуз” деген китепте жазылып, анда 4 түрлүү тагдыр баяндалган.

1. Биринчи түрү – тагдыр азалий (эзелтеден эле жазылган тагдыр). Аллах айтат: “Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (аль-Лавх аль-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил” (аль-Хадид, 22)

2. Экинчи түрү болуп жеке адамдын өмүрүнүн тагдыры эсептелет. Хадистерде келгендей: “Чындыгында, силердин ар бириңер (оболу) энесинин жатынында кырк күн бою бир тамчы (урук) түрүндө, анан дагы ошончо күн уюган кан түрүндө, анан дагы ошончо күн бир тиштем эт түрүндө калыптанат, андан кийин (120 күн өткөн соң) Аллах ага периштени жиберип, ал ага рухту үйлөп (жан салып), төрт нерсени: (1) анын ырыскысын, (2) өлүмүн, (3) амалын жана (4) бактылуу же бактысыз болушун жазууга буйрук алат” (аль-Бухари, 3036). Периште бул маалыматты аль-Лавх аль-Махфуздан адамдын китебине көчүрөт.

3. Үчүнчү түрү – бир жылдык тагдыр. Рамазандын акыркы он күндүгүндө, Кадыр Түнүндө периште адамдын бир жылдык тагдырын аль-Лавх аль-Махфуздан анын китебине көчүрөт. Аллах айтат: «Ал түндө (кадыр кечесинде) ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет. Биздин буйругубуз болгон себептүү» (ад-Духан, 4-5)

Ибн Аббас (радиаллаху анху) бул аттын тафсиринде айткан: «Кадыр Түнү аль-Лавх аль-Махфуздан келээрки жылда боло турган ырыскы, өлүм, өмүр, жаан-чачын тууралуу маалымат көчүрүлөт. Керек болсо ажылардын ажыга баруусу жазылат. Ошондо айталыт: Баланча ажыга барат, түкүнчө ажыга барат – деп» (ад-Дар аль-Мансур, 9/112)

4. Төртүнчү түрү – күнүмдүк тагдыр, бул эчактан бери белгиленген мөөнөттөргө тагдырды алып келүү. Аллах Таала айтат: «Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан (жардам, ырыскы) тилешет. Ал күн сайын иш үстүндө» (Ар-Рахман, 29).

Аллахтын Элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул эмне иш экенин баяндап: “Күнөөлөрдү кечирүү, кайгы-кападан бошотуу, бирөөлөрдү ызаттап жана башкаларын кордоо” экенин айткан.

Тагдырда баары жазылган болсо анда адамдардын күнөөсү жок экен да?

Көпчүлүгү “Менин тагдырыма намаз окуу жазылбаптыр”, “Менин маңдайыма көптөгөн күнөө иштерди жасоо буйрулуптур, андай болсо менде эмне күнөө?” деген сыяктуу суроолорду беришет. Мындай ой жүгүрткөн адамдар адамдын тандоо эркиндигинин бар экендигин эске алышпайт. Аллах Таала эч качан адамды күнөө жол менен барууга мажбурлабайт. Мындай жолду адам өзү тандайт. Буга байланыштуу мисалдарды келтирели.

1-мисал. Эгер адам бул жашоодон тажап, өз өмүрүн кыюуну чечсе, бул анын тандоосу болобу, же анын тагдырына ушундай жазылганбы? Албетте, бул - анын тандоосу. Бирок Аллах өзүнүн баарын Билгичтик сыпаты менен ал адамдын дал ушундай өзүнө өзү кол салуу жолу менен бул дүйнөдөн кош айтышарын билип туруп, тагдырына ошондой кылып жазган. Биз эч качан бир нерсени унутпашыбыз керек: “Аллах- убакыттын сыртында. Ал эмне болгонун жана эмне болорун алдын – ала эле билет”. Демек адам өзүнүн жанын өзү кыйганы үчүн Акыретте сөзсүз суракка алынат.

2-мисал. Кайсы бир адам айыккыс ооруга чалдыкты дейли. Бирок кандайдыр бир жол менен ал бул ооруну жеңип, жашап кетет. Мындай учурда адамдар “Ал тагдырын жеңди” деп айтышат. Бул түшүнүк ошол ооруган адамдын тагдырынан качып, башка тагдырга туш болду деген тыянакка келбеши керек. Анткени ал ооруган адамдын ооруну жеңип, жашап кетиши тагдырдын өзүндө ошондой болуп жазылган болчу.

3-мисал. Тагдыр маселесиндеги дагы бир өзгөчө баса белгилей кетчү жагдай бар. Аны туура түшүнүү адамдын жашоосун жеңилдетип, жан дүйнөсүнө бейпилдик берет. Биздин тагдырыбызга айрым учурда Аллах өзү аралашат. Мисалы, эгер биз машинеге отуруп, жолдо аны бардык эрежеси менен айдап баратсак, кандайдыр бир себептер менен дөңгөлөк иштен чыгып, алдыбыздан чыккан адамды сүзүп алдык. Натйыжада, ал оор жаракат алып, же өмүрү менен кош айтышты. Албетте, биз муну атайын жасаган жерибиз жок. Аллах Таала бизди колдонуу менен алдыбыздан чыккан адамдын тагдырын чечти. Бул жагдайды биз сыноо катары кабыл алышыбыз керек да, ага сабыр кылуу зарыл. Ал адамдын Жараткандын алдында, албетте, күнөөсү жок, бирок ислам укугу боюнча буга себеп болгон адам жабырлануучу тарапка бардык чыгымдарды төлөп берет. Ушул сыяктуу биздин колубузда жана эркибизде болбогон бир канча окуялар болушу мүмкүн (кырсыктар, же тескерисинче жакшы окуялар). Булардын баарын биз Аллахтан келген сыноолор деп түшүнүүбүз кажет. Эгерде биз ага сабыр кылсак, анда Акыретте бизди, Ин Шаа Аллах, Жараткандын Мээрими жана сыйы күтүп турат.

4-мисал. Көпчүлүк адамдар “Тагдырыма баары жазылса, дуба кылыштын, Аллахтан жардам сураштын эмне пайдасы бар? Баарыбир эч нерсе өзгөрбөйт да?” деп сурашат. Бирок Аллах Таала Ыйык Куранда Өзү: «Менин пенделерим Мен тууралуу сурашса, Мен жакынмын, чакыруучунун дубасына жооп берем…» деп айтып жатат (аль-Бакара, 186). Демек, “дуба кылуунун пайдасы жок” деген - эң чоң жаңылыш түшүнүк. Бул жерден кайрадан эле Аллах Тааланын керемет сыпаттарына, Анын аттарына терең ой жүгүртүшүбүз керек. Баарын билүүчү, баарынан кабардар Жаратканыбыз пендесинин Ага кайрылып, Ага жалбарып, колун сунуп дуба кыларын билип, бул нерселердин баарын эске алуу менен тагдырга боло турчу нерселерди жазган. Андыктан, эч качан биз Жараткандан үмүт үзүп, күмөн санабообуз кажет.

5-мисал. Айрым адамдар “Аллах менин дубаларыма жооп бербей жатат” дешет. Бул да - туура эмес түшүнүк. Аллах- Угуучу жана Көрүүчү, дубаларга Жооп берүүчү. Жараткан адамдардын дубаларына түз, кээде кыйыр түрдө жооп берет. Же болбосо анын жообу Акырет күнүнө калат. Биз өзүбүздүн чектелген аң-сезимибиз менен бизге бакыт алып келүүчү нерсенин, чыныда, зыян экенин биле бербейбиз. Ал эми баарын билүүчү Аллах бизди ошол нерселерден коргоп, дуба-тилектерибизге кыйыр түрдө жооп берет.

Тагдырыбызды Жаратканга дуба менен кайрылуу, туугандык мамилелерди чыңдоо, кайыр-садака берүү, истигифар айтуу (кечирим суроо), ажылык, умра сапарларын ишке ашыруу менен өзгөртө алабыз. Бул жашоону татыктуу жашап өтүп, Жараткандын алдына маңдайы жарык баруу өзүбүздүн колубузда экенин унутпайлы.

Суроо берүүдө этият болуу

Тагдыр маселесинде тереңге түшүп ойлонуу айрым учурда кооптуу. Анткени бул учурда шайтан келет да, адамдарды логикалык ой жүгүртүүгө түртө баштайт. Баш-аягы жок суроолорду берип отуруп, адам туңгуюкка такалат да, “Жараткан адилетсиз” деген жыйынтыкка кантип келгенин өзү да билбей калуусу мүмкүн. Бул - өтө куркунучтуу. Кайсы бир маселеде адамдын аң-сезими жетпей калган учурда эмоциялар иштей баштайт. Ошондуктан, биз ар дайым ниетти жаңылап, түздөп турушубуз абзел. “Хусну зан” деген жакшы түшүнүк бар. Ал жакшы ойдо болуу деп которулат. Жаратканыбыз тууралуу жакшы ойдо болуп, Ага толугу менен ишенип, тобокел кылып, моюн сунуп, андан бизди туура жолго салуусун ар дайым сурайлы.

Аллах Таалам баарыбызды тагдыр маселесин туура түшүнүп, жакшылыктарга шугүр, жамандыктарга сабыр берсин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49