Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын куттуу сүннөтү "Итикаф" жөнүндө билесизби?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 4 июнь 2018

"Итикаф" деген түшүнүк тууралуу уктуңуз беле? Бул амал Пайгамбарыбыздын куттуу сүннөтү болуп саналат. Анкени Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) ар жылы орозонун акыркы он күнүндө итикафка отурган. Итикаф тууралуу макалада кененирээк баяндайбыз.

null

"Итикаф” сөзү арабчадан которгондо “токтоо” дегенди билдирет. Итикаф амалы бул – ибадат ниетинде мечитте такай болуу дегенди түшүндүрөт.

Итикафтын түрлөрү: Важиб, Сүннөт, Нафил.

1-Важиб итикаф.

Эгерде кимдир бирөө бир нерсеге сөз берсе, мисалы, менин ушул ишим бүтсө, же экзаменден өтүп калсам, мынча күн итикафта отурам десе, анда ага итикафка отуруу важиб болот. Ошондой эле, бирөө сүннөт итикафты бузуп койсо, анын казасы важиб болот.

Бул үчөөнүн тең өкүмү башка башка. Итикаф маселеси өзгөчө орозо айында талап кылынгандыктан, төмөндө орозо айындагы итикаф баян кылынат.

2-Сүннөт эътикаф.

Сүннөт итикаф орозонун акыркы он күнүндө гана, жыйырма биринчи ай көрүнгөндөн баштап айттын айы көрүнгөнгө чейин кылынат. Пайгамбарыбыз ушул күндөрү итикафта отургандыктан, итикафтын бул түрү - сүннөт итикаф делет.

3-Нафил итикаф.

Кайсы учурда кылса да боло берет.

Итикафтын пазилеттери:

Аллах Таала ибадаттарга ар кандай жолду көрсөтүп койгон. Алардын ичинен кээ бир ибадаттар өзгөчө сүйкүмдүү. Алардын бири - итикаф. Бул ибадатта инсан бир гана Аллах үчүн бардык ишин таштап, Аллахтын үйү болгон мечитте бир нече күн Аллах менен өзгөчө байланышта болуп өткөрөт.

Итикафтын өзгөчөлүгү, эгерде, инсан канча убакыт итикаф абалында болсо, ошол убакытта анын ар бир аракети ибадат болуп эсептелет. Анын уктаганы, ичип-жегени жана анын ар бир нафил аракеттери ибадатка кошулуп турат.

Орозодо сүннөт итикафтын хикматы (пайдасы): кадыр түндүн пайдасын алууда -итикафтын мааниси зор. Аллах Таала кадыр түндүн так түнүн жашырып койгондугу - ар бир мусулманга белгилүү. Ал эми итикафтагы мусулман орозонун акыркы он түнүндө туруп ибаадат менен алек болот.

Итикафтагы адамдын ар бир амалы - ибадат, жада калса, уктап жаткан болсо дагы ал ибадат кылуучулардын аты менен жазылып турат.

Итикафтагы адам итикафка отургандыгынын себебинен кандайдыр бир жакшы амал кыла албай калса, мисалы, оорулууга зыяратка бара албай, же бирөөгө жардам бере албай, же жакшылыкка чакыра албай, жамандыктан токтото албай калса, итикафтын шарапаты менен аталган амалдардын бардык сообу, ал өзү кылган сыяктуу анын амал китебине жазыла берет.

Сүннөт итикаф

Берекелүү Орозонун акыркы он күнүндө итикафка отуруу сүннөт муаккада кифая болуп саналат. Башкача айтканда, бир айылдан бир эле адам итикафка отурса, ошол айылдагылардын бардыгы сүннөткө амал кылган болуп саналат. Эгерде бирөө дагы итикафка отурбаса, анда айылдын бардык эли сүннөттү таштагандыгы үчүн күнөөкөр болушат.

Ошондуктан, айылдагылардын милдети алдын ала өз ара кеңешип, итикафка кимдер отурат деп сураштырып, жок дегенден бир адамды итикафка олтурууга даяр кылуу керек. Бирөөгө акча берип, итикафка отургузууга болбойт. Себеби итикаф- ибадат. Ал эми ибадатка акы алып, амал кылууга болбойт.

Итикафка качан ниет кылып, мечитке кайсы убакта келиш керек?

Итикафка ниет орозонун 20-күнү күн батардан мурун кылынат. Аср намазынан кийин шамга чейин мечиттин ичинде болуп калуу зарыл. Ниетти мечитке кире электе же киргенден кийин деле кылса болот. Бирок күн баткандан кийин ниет кылып анан мечитке кирсе анда ал итикаф “сүннөт итикаф” болуп эсептелбейт. Күн баткан учурда итикафка отургандар мечиттин ичинде (чегинде) болуу зарыл.Акыркы күн айттын айы (рамазандан кийинки ай) көрүнгөнгө чейин болот.

Итикафтын эн зарыл шарты - мутакифтин (итикафка олтурган адамдын) 10 күн бою мечиттин чегинде гана болуусу.

Мутакиф зарыл нерседен башка нерсе үчүн (шарый себепсиз) бир секундга дагы мечиттин чегинен чыкпаш керек. Эгерде мечиттин чегинен бир секунд болсо дагы чыгып кетсе, анда анын итикафы бузулат.

Мечиттин чеги кандай болот?

Көптөгөн адамдардын итикафы мечиттин чегин билбегендиги себебинен бузулуп калат. Кээ бирөөлөр мечиттин бардык айланасын мечит деп ойлойт (төрт тарабы тосулган чеги менен кошуп). Бирок шарияттын көз карашында, мечит деп мечитке жер берип, ошол жердин чегинде төрт тарабынан дубал тургузуп, ичине жай намаз салып, ушул жерде жамаат намаз окулат деген жер мечит болот. Башкача айтканда, ошол жерге намаз окугандан башка эч кандай максаты болбоосу керек.

Мечиттин аймагындагы даараткана, жуунучу жай, жаназа окула турган жер, имамдын бөлмөсү жана башка ушул сыяктуу жерлер мечиттин чегине кирбейт. Андыктан, итикафка турган адам, эгер, ушул жерлерге 1 секундга дагы турса, итикафы бузулат. Кээ бир мечиттерде имамдын бөлмөсү жана балдарды окута турган башка бөлмөлөр мечиттин ичинде эле болот. Бул бөлмөлөр да мечиттин чегине кирбейт. Бирок мечит салдырып жатканда ушул бөлмө дагы мечиттин чегине кирет (ушул жерге дагы намаз окулат) деп ниет кылынган болсо, анда ал мечиттин чегине кирет.

Ошондуктан, мутакифтер (итикафка отурган адамдар) үчүн итикафка отурардан мурда мечиттин чегин аныктап, тактап билүү зарыл.

Мутакиф мечитте эмне амал менен алектенет?

Итикафта отурган адам Куран, зикр, диний китеп, нафил намаз, каза намаз жана башка ибадаттар менен алек болот. Уктаса дагы болот.

Ооз ачуу жана саарлыкта мечиттин ичинде жеп ичилет. Итикафта отурган адамга үйүнөн бирөөнүн тамак ташып берүүсү жакшы болот.

Итикафта отурган адам мечиттин бурчунда же чекесинде өзүнө жай салып уктайт жана намаз учурунда төшөгүн бир четке алып коюш керек. Парда тагып алса жакшы болот.

Итикаф жөнүндө дагы башка маселелер

1. Мутакиф чачын тараса, башын жууса болот. (Мечитте туруп, суу мечиттен сыртка акса).

2. Башкаларга да жуудурса болот. Аялынын ага кызмат кылуусуна уруксат берилет. Эгер аял мечиттин сыртында болсо, анда ал айызы келген абалында болсо дагы уруксат.

3. Мутакифтин денеси мечиттен чыгып турса, бирок сырттан караган адамдар аны мечиттин ичинде деп эсептешсе, анда анын итикафы бузулбайт. Бирок, анын эки буту тен мечиттин ичинде болуш керек.

4. Зарылчылык үчүн мутакиф эшикке чыкса болот. (Зарылчылык нерселер 5 номерден башталып жатат)

5. Мутакиф ажаатканага чыкканда, эгер бирөө салам берип калса, кетип бара жатып анын саламына жооп берсе болот. Ошондой эле, анын абалын сурап, же ал бир нерсе десе, ага жооп кайтарса дагы болот. Бирок ал үчүн атайылап токтоп, саламдашып сүйлөшүп туруп калса, анда итикафы бузулат. Басып бара жатканда да өтө тез да, өтө жай да эмес орточо басык менен басуу зарыл. Эгерде жолдо келе жатканда, бирөө токтконго аракет кылса, анда ага “мен итикафтамын” деп айтып коюш керек. Эгер зордуктап токтотсо да итикафы бузулуп калат. Бирок, ошол адамга карыз болсо жана ал коё бербей токтотуп алса, анда итикафы бузулбайт.

Ажаатканага баруу - зарылчылык. Эгер ажаатканада бирөө аны күтүп турса, итикафы бузулбайт. Албетте, бошонгондон кийин дароо мечитке кириши керек. Бошонгондон кийин бир мүнөт ашыкча туруп калса, итикафы бузулат.

6. Жунуб болуп калса, анда гусул кылганы эшикке барып жуунуп келүүгө болот. Бирок, жөн эле жуунуш үчүн чыгууга болбойт. Эгер мечитте гусул кылууга такыр мүмкүнчүлүк болбосо, ошондо гана өзүнүн үйүнө барып гусул кылып, дароо кайтыш керек. Же жакын арада бирөөнүн үйүнө барып гусул кылса болот. Жума күнү үчүн дагы гусул кылууга мечиттен чыкпаш керек.

7. Парз же нафил намаз үчүн, же Куран окуганга, дегеле бардык намаз үчүн даарат алганы дааратканага чыкса болот.

8. Эгер тамак -аш ташый турган эч ким болбосо, мутакиф өзү эшикке чыгып, дүкөнгө барып келүүгө болот. Анткени бул -зарылчылык.

9. Азан айтуу үчүн эшикке чыгууга болот, бирок азан айтары менен дароо мечитке кириш керек.

10. Эгер отурган мечитте жума болбосо, башка жамий мечитке жума окуганы барса дагы болот. Ушул аталган нерселерден башка максатта эшике чыкса итикафы бузулат.

Пайгамбарыбыз итикаф учурунда зарылчылык үчүн чыкканда жолдо, эгер, оорулуу адам жолугуп калса, анын абалын сурап өтчү.

1. Эгер мечитке бирөө келип калса, аны менен сүйлөшүп отурууга дагы болот. Бирок мутакифтин итикаф абалында пайдасы жок сөздөрдөн сактануусу зарыл.

2. Эгер үйдөн бир аял киши мечитке келгиси келсе, уруксат. Бирок ал толук парда менен, мечитте эркек кишилер жок учурда келип кетиш керек.

3. Келген адамды мечиттин эшигине чейин узатып койсо болот. Бирок, эшиктен чыкпоо керек.

4. Мутакиф мечитте отуруп, сырттагы элдин абалын бирөө аркылуу билсе болот.

Итикаф жөнүндө зарыл маселелер болуп калса, мечиттин имамынан же башка аалымдардан телефон аркылуу сурап туруу зарыл.

muftiyat.kg



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:21
Шам
21:06
Куптан
22:23