Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сахаба Аз-Зубайр ибн Аввам жөнүндө кызыктуу 11 факт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 20 июль 2018

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Мына ошол 10 сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды камтыган макалалардын сериясын улантабыз.

Бейиш менен кубандырылган бул сахаба өзгөчө жоокер болгон. Анын согуш талаасындагы өзүн алып жүрүү таланты пайгамбарыбыз Мухаммедди (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өзгөчө суктанткан. Бадрдагы согушта Аллах Таала мусулмандарга жардам иретинде жиберген 3000 периште бул эр жүрөк сахабаны туурап согушушкан. Анын аты – Аз –Зубайр ибн Аввам (Аллах андан ыраазы болсун). Бүгүнкү күндө ар бир мусулманга үлгү болчу бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Аз-Зубайр ибн Аввам, кызыктуу факт, 11 факт, сахаба, пайгамбарыбыз Мухаммед

1- Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Аз –Зубайр ибн Аввам аны менен бейиште кошуна болорун айткан.

Эгер пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өмүр баянына көз жүгүртсөк, бири-бири менен жанаша айтылган 2 атты көрөбүз. Алар - Тальха ибн Убайдуллах менен Зубайр ибн Аль-Аввам (Аллах алардан ыраазы болсун). Бул эки сахабанын тең ислам тарыхындагы орду чоң. Пайгамбарыбыз Тальха менен Зубайр экөө тең бейиште аны менен кошуна болорун айткан.

2- Аз-Зубайр ибн Аввам (Аллах андан ыраазы болсун) Исламды өтө жаш кезинде кабыл алган. Анда ал болгону 12 жашта эле.

3- Аз-Зубайр Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) тууганы болгон. Анткени Аз-Зубайрдын апасы Сафия Пайгамбарыбыздын эжеси эле.

4- Аз-Зубайр кичинекей кезинде исламды кабыл алганы үчүн авасынан кордук көргөн. Бул сахабанын атасы эрте кайтыш болуп калгандыктан аны тарбиялоо милдети авасы Науфаль ибн Хувайлидге жүктөлгөн. Науфаль Аз-Зубайрды исламды кабыл алганы үчүн жана анын жаштыгынан пайдаланып аны түрдүү жолдор менен кыйнаган. Ал аны килемге ороп, түтүн менен тумчуктурган. Меккенин жашоочулары күн сайын Аз-Зубайрдын кыйналгандан кыйкырганын угуп турушкан.

5- Аз-Зубайр кичинесинде эле Пайгамбарыбызды айланчыктаган балдардын бири болгон. Аз Зубайр, Тальха, Али үчөө кичинекей кездеринде, ислам жаңыдан жайылып баштаган убакта дайыма пайгамбарыбыз Мухаммедди (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жандап, айланчыктап турушкан.

6- Аз-Зубайр укмуштуудай эр жүрөк жигит эле. Ал кичинекей кезинде мындай бир окуя болгон.

Бир жолу Аз-Зубайр пайгамбарыбызга бироо кол салганын угуп, кылычын алып келет. Пайгамбарыбыз Аз -Зубайрды көрүп анын бул жакта эмне кылып жүргөнүн сурайт:

- Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?

- О, Аллахтын элчиси, сага бирөө кол салганын уктум.

- Анан?

- Мен бул кылыч менен сага жамандык каалаган адамга өз жазасын бергим келген.

Бул окуя Аз- Зубайрдын пайгамбарыбызды кичинекей кезинен тартып эле ушунчалык чоң сүйүү менен жакшы көргөнүнөн кабар берет.

7- 3000 периште Аз-Зубайрды туурап согушканда...

Бадрдагы согушта Аз Зубайр өзгөчө сый-урматка ээ болгон. Бул салгылашта пайгамбарыбыздын болгону 2 атчан жоокери бар эле. Ал эми курайшиттер 300 атчан жоокер менен келишкен. Ошол атчандардын бири - Аз -Зубайр ибн Аввам эле. Ал бир убакта 2 колуна кылыч кармап, оң буту менен атты башкарып согуша алган таланттын ээси болчу. Бадрдагы согушта Аз – Зубайр башына сары селде кийген. Ал бул кагылышта ушунчалык эрдик менен салгылашкандыктан, Аллах Таала аны чоң сый -урматка бөлөгөн. Ыйык Куранда Аллах Таала Бадрдагы согушта мусулмандарга 3000 периштени жардамга жибергени айтылат. Бул периштелердин баары Аз -Зубайрды туурап согушушкан. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) периштелердин баарында сары селде болгонун, ушундай жол менен алар Аз- Зубайрдан үлгү алышканын айткан.

8- Ухуддагы согушта болсо көп кудайга ишенгендердин тарабында Тальха ибн Абитальха аль Абдари турган. Анын согушка ылайыкталган эң мыкты минген аты бар эле. Мындан тышкары, ал эр жүрөк, эч кимден коркпогон, сүрдүү жоокер катары таанымал болчу. Согуштан мурда Тальха ибн Абитальха мусулмандардан салгылашка бирөөсүн чакырат. Аз - Зубайр анын чакырыгын дароо кабыл алып, күрөшкө чыгат. Аз-Зубайрдын апасы Сафия Пайгамбарыбызга чуркап келет да минтип айтат: “Ал менин баламды өлтүрөт”. Пайгамбарыбыз Сафияга мындай деп жооп берет: “Жок, жок, Аз Зубайр аны өлтүрөт, эгер Аллах кааласа”. Мына ошондо Аз - Зубайр Тальха ибн Абитальхага келип, кылычын жерге коюп, анын атына чыгып, Тальха ибн Абитальханы өзүнүн кылычы менен өлтүрөт дагы, аны жерге түшүрүп, бошогон мыкты атты мусулмандар тарапка алып келген.

9- Али Аз-Зубайр жөнүндө...

Али Аз-Зубайр тууралуу мындай деп айткан:

"Ал жолборс сымал ачууланып, арстан сымал кол салат”.

10- Аз -Зубайр менен дагы бир маанилүү учур байланыштуу. Мусулмандар Меккеден Мединага көчкөн учурда эл арасында “мусулмандар балалуу боло алышпайт” деген сөздөр айтыла баштайт. Ошол учурда Аз -Зубайр Асма бинт Абу Бакрдын кызына үйлөнгөн эле. Асма хижрадан 3 жыл өткөндөн кийин көз жарган алгачкы аял болот. Буга чейин мусулмандарда бала төрөлбөй, аларга кандайдыр бир каргыш тийген деп ойлой башташкан.

11- Аз-Зубайр намаз окуп жаткан убакта өлтүрүлгөн.

Тилекке каршы, Аз-Зубайр Усмандын өлүмүнөн кийинки фитнага айласыздан аралашып калган. Аз-Зубайр Усмандын каны үчүн өч алууну талап кылып, Айша менен Тальханын тарабында болот. Ислам тарыхында белгилүү болгондой, Усмандын өлүмүнө байланыштуу Айша менен Али акырында бир пикирге келишет. Ошондо Али Аз- Зубайрга пайгамбарыбыздын убагында болгон бир окуяны эскертет.

Бир жолу пайгамбарыбыз Али менен Аз- Зубайрды чогуу көрүп калып, Аз- Зубайрдан минтип сурайт: “Сен Алини жакшы көрөсүңбү?”. Али: “Албетте жакшы көрөм”,- дейт. Анда пайгамбарыбыз: “Силер бири бириңерге каршы согушасыңар, бул кырдаалда сен Алиге карата адилетсиз болосуң”,- деп айткан.Бул окуяны уккандан кийин Аз-Зубайр Алиге баш ийүү антын берип, андан соң фитна аралашкан согуш талаасын таштап кетет.

Бирок бул окуя Аз- Зубайрдын адилетсиздигин билдирбейт. Эгерде мындай болгон болсо, пайгамбарыбыз аны менен бейиште кошуна болорун айтмак эмес. Аллах Элчиси болгону фитна болгон заманда алардын буга аралашпаганы жакшы экендигин эскерткен.

Аз - Зубайр согуш талаасын таштап кеткен соң өзүнчө жолго чыгат. Аны артынан харижиттердин бири Амр ибн Жармуз кууп жетип, ага шерик болууну каалаганын айтат. Аз-Зубайр буга макул болот. Түшкү намаз убагы келип, Аз-Зубайр даарат алып, намаз окуп жаткан кезде Амр ибн Жармуз аны сайып өлтүрөт. Мындай жол менен ал Алиге жаккыдай иш кылам деп ойлогон. Аз-Зубайрдын канга боелгон кылычын Алинин лагерине алып келген убакта Али Аз-Зубайрдын тагдыры эмне болгонун билип, ыйлай баштайт. Андан соң ал “эгер силер Сафиянын баласын өлтүргөн адамды көрсөңөр анда аны тозок менен кабарландыргыла” деп айтат. Бул убакта Амр ибн Жармуз качып кетүүгө үлгүрүп, бир нече убакыттан кийин ал өзүн өзү өлтүрүп тынат.

Кошумчалай кетчү нерсе Аз-Зубайрдын 2 баласы да атасы сымал намаз убагында өлтүрүлгөн. Алар Аллах жолунда бел чечпей кызмат кылышкандыктан Аллах Таала алардын ибадат кылып жаткан кездеринде бул дүйнө менен кош айтышуу мүмкүнчүлүгүн берген.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
21 ноябрь 2018г.
Багымдат
06:21
Күндүн чыгуу
08:01
Бешим
12:47
Аср
15:52
Шам
17:39
Куптан
18:54
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов