Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Зуль-Хижжа айы кирди. Кандай амалдарды аткаруу керек?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 август 2018

Ислам дининде тыюу салынган 4 ай бар. Бул айларда жакшы иш жасаса, башка айларга караганда көбүрөөк сооп берилет, ал эми күнөө иш жасаса, башка убакытка караганда жазасы оор болот. Андыктан тыюу салынган айларда күнөө иштерден оолак болуп, колдон келишинче сооп амалдарды аткарып калууга умтулуу керек. Тыюу салынган айлардын бири Зуль-Хижжа кечээ,12-августта, кирип келди. Бул айдын баалуулуктары, өзгөчө эң мыкты күндөр катары саналган алгачкы 10 күндү кандай амалдар менен өткөрүү керектигин билип алыңыз.

Зуль-Хижжа айы, тыюу салынгна айлар, Курман айт, Арафат күнү, ислам, мусулмандар

1- Аллах Таала бул 10 күн менен ант берген. Мындан Зуль-Хижжанын алгачкы 10 күнүнүн улуулугун билүүгө болот. Анкени Аллах Таала улуу нерселер менен гана ант берет.“Таңга Ант! Он түнгө ант! (Куран, 89:1–2).

10 түн бул Зуль- Хижжа айынын 10 күнү экендигин окумуштуулар, Куран тафсирчилеринин көбү айтышкан.

2- Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) аталган 10 күн бул дүйнөдөгү эң жакшы күндөр экендигине күбөлүк берген.

3- Зуль-Хижжанын алгачкы 10 күнүндө Арафат күнү бар. Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан:

«Арафа күнүнөн башка Аллах Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».

Бул жылы Арафат күнү (кыргыздарда арапа деп да айтылат) 20-августка туш келет.

4- Сахабалар: «Йа Расулаллах, бул айдын алгачкы күндөрү кылына турчу амалдар Аллах жолундагы жихаддан да баалуубу?» - дешкенде Пайгамбарыбыз: «Ооба, жихаддан да баалуу болот. Бирок, жанын, малын аябай согушка барып шейит болгон адамдын жихады өтө баалуу болот», - деп жооп берген. (Бухари)

5- Зуль-Хижжа айында мусулмандардын 2 эң чоң майрамынын бири Курман айт майрамдалат.

6- Ал эми Зуль-Хижжа айынын алгачкы 10 күнү - куттуу, жылдын эң жакшы күндөрү.

Ишенимдүү хадистерде "Жакшы иштер кайсы күндөрү аткарылбасын, Аллах Таала үчүн аткарылган жакшы иштердин ушул 10 күндүктөгүсү сүйкүмдүүрөөк" деп айтылат. Пайгамбарыбыз да Зуль-Хижжа айынын 9 күнүндө орозо кармаган. Ал эми 10-күн Курман айтка туш келгени үчүн орозо кармоого болбойт. Майрам күнү орозо кармоого тыюу салынган.

Имам ан-Навави мындай дейт:

“Зуль-Хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арафа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”.

7- Бул кадыры көтөрүлгөн күндөрдө Аллахтан көп-көп кечирим тилөө керек.

Алла Тааланын мээрим-ырайымына, кечиримине жана ыраазычылыгына ээ болуу үчүн тообо келтирүү жана күнөөлөрдөн оолак болуу, керек болсо, кипкиченекей күнөөдөн да алыс болуу зарыл.

Күнөө – бул пенденин Алла Тааладан алысташына, узакташына себепкер болсо, таат-ибадат пенденин Алла Таалага жакындоосуна, сүйүүсүнө өбөлгө болот.

8- Орозо кармоо. Анткени, ислам дининин алгачкы доорунда жашашкан такыба, улуу имамдарыбыз мына ушул күндөрү дайыма орозо кармоону өздөрүнө адат кылышкан.

9- Тасбих, тахмид, тахлил, такбир жана Пайгамбарыбызга Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтууну көбөйтүү.

Ибн Умардан (радыяллааху анху) келген бир риваятта минтип айтылат:

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

«Алла Тааланын назарында (Зулхижжа айынын башындагы) он күндө жасалган амалдардан сүйкүмдүү амал, андан улук күндөр да жок. Андай болсо, ошол күндөрү тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтканды көбөйткүлө!»

Тасбих – «Субхааналлоох» (Алла Таала ар түрдүү айып-кемчиликтен аруу) деп айтуу.

Тахмид – «Алхамду лиЛЛААХ» (бардык мактоо-алкыш Алла Таалага гана ылайыктуу) деп айтуу.

Тахлил – «Лаа илааха иллаЛЛООХ» (Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок!) деп айтуу.

10- Бул түндөрдү намаз жана зикир менен өткөрүүгө аракет кылуу.

11- Нафил намаздарды, кайыр-садакаларды, Курани Карим тилаватын көбөйтүү.

12- Өзүңдүн, жаамы мусулман бир туугандарыңдын эки дүйнө бактысына, жакшылыктарына жетүүсү үчүн көп-көп дуба кылуу.

13- Бирөөнү капа кылган болсоң кечирим суроо, бирөөнүн акысын жеген болсоң, анын алдынан өтүп, колдон келсе акысын кайтарып берүү, жалпы элге жакшы, жумшак, жылуу мамиледе болуу, жакшылыктарды жасоо.

14-Кимде-ким мына ушуларды жасоодон алсыз болсо, анда жок эле дегенде башкаларга зыян-залал берүүдөн алыс болуу. Мына ошондо да үлкөн сооп бар.

15- Ар аптада чач, сакал, тырмак алуу сүннөт болуп саналат. Хазрети Ибни Абидин: «Зуль- Хижжа айынын алгачкы он күнүндө бул сүннөттөрдү кечиктирүү керек. «Курмандык чала турган адам Зуль- Хижжа айы киргенде чачын жана тырмагын албасын» деген хадиси шариф буйрук эмес. Башкача айтканда, бул амалдарды курмандык чалганга чейин кечиктирүү жакшы амал болуп эсептелет», - деген. Курмандык чала турчу адамдын Зуль- Хижжа айынын биринчи күнүнөн баштап курмандык чалганга чейин чачын, сакалын, мурутун жана тырмагын албоосу жакшы болот, бирок, важиб эмес. Алса күнөө болбойт жана курмандыгынын сообу азайбайт.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23