Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сизди шыктандыра турган 8 эреже

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 сентябрь 2018

Кээде туруп эч нерсе жасагыңыз келбей, эптеп окууга барып-келип, күнүм өтсө деген учурлар ар бир адамда эле болсо керек. Кайсы бир ишти жасап жатып сапатына карабай тезирээк бүтүрүп берип салайын деген да учурлар көп кездешет. Адамдагы мындай сезимдер жана ойлор ар түрдүү кырдаалдардан улам келип чыгышы мүмкүн. Көңүл ооруткан сөздөр, жетекчиңиздин сиздин эмгегиңизди баалабай жатканы... жана башка толгон себептер. Муну азыркы сөз менен айтканда “мотивация жок”, “мотивациям түшүп калды” деп түшүндүрүшөт. Мындай учурларда дароо жашоодогу башкы максатыңызды жана диниңиздин осуяттарын эстеңиз. Анткени Ислам адамды кандай гана кырдаал болбосун алдыга умтулуп, жакшы нерселерден үмүт кылууга чакырат. Төмөндө сизге мотивация берчү айрым кеңештерди сунуштайбыз.

null

1- Жашоодо эң мыктысы болууга умтулуңуз.

Мусулман бул - кайсы бир ишти эптеп-септеп жасаган адам эмес. Ал мындай нерсеге жол бере албайт. Андыктан, сиз, эгер, бир иштин үстүнөн эмгектенсеңиз анын майын чыгара максималдуу түрдө мыкты аткарганга белсениңиз. Өзүңүзгө “эң мыктысы болуу” максатын коюңуз. Сөзсүз бул жашоодо боло турчу сырткы терс факторлорго карабай, дайым алдыга жыла бериңиз. Алар сиздин ишиңизге тоскоол болбошу керек. Өзгөчө жаш кезиңизде. Анткени бул учурда сиздин өтө чоң деле милдеттериңиз жок. “А үй тапшырмаларычы?” деп сурашыңыз мүмкүн. Ооба, бирок бул - чыныгы жоопкерчилик эмес. Чыныгы жоопкерчилик сиз үй бүлө куруп, балалуу болгондо башталат. Сиздерде азыр эркиндик бар. Дал азыркы кездегидей эркиндик башка бир да учурда болбойт. Окуучулук жана студенттик убак - өзүңүздү алдыга жылдыра турчу сонун мүмкүнчүлүк. Бул дүйнө сиздин аны жакшы жакка өзгөртүшүңүздү күтүп турат. Андыктан, сиз жайбаракат эс алып жата албайсыз. Бул нерсени башкалар кылсын, бирок - сиз эмес.

2- Жашоодогу негизги максатыңызды өзүңүзгө кайра-кайра эстетип туруңуз. Бул сизге чоң дем берет.

Сиз Аллахтын ыраазычылыгына, аны менен болгон жолугушууга даярданып, умтулуп жатасыз. Акыретте Жараткандын алдына барганда кандай иштерди жасаганыңыздын, ага кандай ыкылас менен аракеттенгениңиздин отчетун бересиз. Бул – кандай гана керемет. Элестетип, кыялданыңыз. Бул биздин максатыбыздын эң жогорку чеги болууга тийиш.

3- Башкалар сизди карап суктангыдай, үлгү алгыдай болсун.

Сиз жашоонун бардык аспектисине байланыштуу эң мыкты адаттарды өздөштүргөнгө аракеттениңиз. Билим алуу, спорт менен алектенүү, уйку режими, туура тамактанууга байланыштуу мыкты адаттардын комплексин практикада колдонуңуз. Өзүңөрдүн ибадатыңарда, окууңарда, жумушуңарда анын майын чыгара жасаңыз. Сиздин колуңуз тийген иш жаркырап, башкалардан өзгөчөлөнүп туруусу абзел. Керек болсо, ойноп жатканда да чын жүрөктөн, бүт дитиңерди коюп ойногула. Классташыңар, же досторуңар силерди суктанып, үлгү алгыдай болсун. “Бул адам эмне гана кылбасын, бардыгын сонун жасайт” деген ой калыптанышы керек. Бул үммөт мына ушундай адамдарга муктаж.

4- Баалуулуктарыңыз негизги орунда болууга тийиш.

Байкасаңар, биздин ата-энелерибизге бул нерселерди эч ким айтып берген эмес. Алар үчүн жогорку планка бул престиж болгон. Анан – байлык. Максат, ой-кыялдын жеткен чеги- престиж жана акча. Алар айтат: “Престиждүү жумуш тап. Биз башкаларга биздин бала доктур же архитектор, ал престиждүү жерде иштейт. Өзүнө чоң там салды” деп айта ала тургандай бололу. Ата-энелер балдарынан ушул нерсени күтүшөт. Алар ар дайым бизге “Ким болуп иштейсиң? Акчаны кантип табасың? Качан өзүңө үй сатып аласың?” деп престиж менен акчанын айланасында айланып жүрө беришет. Бирок жашоодо мындан да баалуу нерселер бар. Акчадан өйдө эмне турат? Албетте, Аллахтын ыраазычылыгы, дүйнөгө, адамзатка пайдалуу болуу. Биздин коомдо канча адам доктур кесибин аркалап жатышат? Кээде менин мусулман доктурларга боорум ооруйт. Анткени алар бактысыз, кесибин ата-энеси айтканы үчүн гана тандашкан. Мен, мисалы, мындай доктурдун колунда даарыланууну каалабайт элем. Андан көрө адамдарга жардам берүүнү сүйгөн доктурга бармакмын. Ал ар бир кардарда акчанын элесин көрбөйт. Мындай доктурлар элдерге кам көрүүнү биринчи орунга коюшат.

5- Умтулуңуз. Эмнеге умтулуп жатканыңызды карап көрүңүз.

Аллах айтат: “Адам эмнеге умтулса ошону гана алат”. Бул жактагы эң негизги ачкыч сөз “умтулуу”.

Бакытка умтулуу, эл катарында болууга умтулуу, элге таанымал болууга умтулуу, престижге умтулуу, акчага умтулуу, эң мыктысы болууга умтулуу, коомго пайда келтирүүгө умтулуу жана чындыкка умтулуу. Бирок Аллах үчүн баарынан эмне баалуу экенин билесиңерби? Аллах үчүн эң маанилүү нерсе бул – умтулуунун өзү. Акча, популярдуулук, престиж...мунун баары келет. Аллах болгону бизден умтулууну көргүсү келет. Акыретте Пайгамбарлардын жанында жыйынтыктары 0 болгон адамдар турат. Бирок Аллах аларга бейиштеги эң чоң даражаларды берет. Эмнеге? Анткени Аллах алардын умтулуусун баалайт. Элестеткиле, сиздердин колуңуздарда Нух (Аллахтын ага тынчтыгы болсун) аткарган иштеринин отчету турат. Ар жыл сайын канча адам исламга келди эле? 100 жыл өттү - 1 киши, дагы 200 жыл – 2 киши. Мындайча айтканда, жыйынтык 0го барабар. Прогресс эптеп эле көрүнөт. Бирок сиздер билгендей, биз Нухту (Аллахтын ага тынчтыгы болсун) эмне үчүн ардактайбыз? Анын туруктуу, жеңилбеген бекем умтулуусу үчүн. Аллах бизден умтулууну баалайт.

6- Коркпогула! Чоң максаттарды койгонду үйрөнгүлө!

Жаштар, ойлонгула, эгер силердин жашооңор видео оюндардан гана турса эмне болот? Эгер силер бир фильмден 2-фильмге чейин жашасаңар... Бул нерсе дүйнөнү кантип жакшы тарапка өзгөртөт? Кенен ойлонуп, өзүңөргө чоң максаттарды кое билүүнү үйрөнүшүңөр керек. Ошондо Аллах силерге чыныгы бакыт тартуулайт. Адамдын жашоосунда чыныгы максат пайда болгондо жашоо да мааниге ээ болот. Ал эми качан жашоо мааниге ээ болгондо, адам чыныгы бакыттын даамын сезет. Ал эми адамдын максаты жок болсо, жашоосунун маанисин да жоголуп баштайт. Бул учурда адам өзүлөрүн бактысыз сезип башташат. Адам канчалык эң кооз үйдө жашап, эң кымбат жерлерде эс албасын, баарыбир, өзүлөрүн чыныгы бактылуу адам катары сезе албайт. Өзүлөрүнө ыраазы болбой, мезгил мезгил менен депрессияга түшүшү мүмкүн. Ошон үчүн жашоодо максат коюп, ага умтулган маанилүү.

7- “Мени баалабай жатышат деп капаланбаңыз”.

Аллах минтип айткан: “Анын аракети, умтулуусу жакында көрүнөт”.

Эгер, силер бирөөгө резюмеңерди көрсөтүшүңөр керек болсо, ал жакка эмне деп жазасыңар? Жыйынтыгыңардыбы же умтулууңардыбы? Албетте, жыйынтыктарды жазасыңар. Мисалы, мектепти, жогорку окуу жайын аяктаганыңарды, белгилүү бир долбоорлордун үстүнөн иштегениңерди жазышыңар мүмкүн. Бирок акыркы семестрде аябай аракеттенип окуганыңар, түнү менен уктабай окуп чыкканыңар тууралуу жазат белеңер? Албетте, жок. Долбоорго катышканыңарды жазып жатып, ага канча күч, уйкусуз түндөр кеткенин жазбайсыңар да, туурабы? Биз, элдер, бири-бирибизди жыйынтыктарга карап гана баалайбыз. Эгер ал кандайдыр бир жыйынтыкты алып келбесе, анын канча күч жумшаганына көңүл да бурбайбыз. Бул – биз үчүн маанилүү эмес. Бүттү, сизди жумуштан чыгарып жибериши да мүмкүн. Бирок, акыретте Аллах биздин иштерибизге гана эмес, негизгиси умтулуубузга карайт. Бул жер жүзүндөгү бир да адам башкасынын аракетин көрө албайт. Жалгыз Аллах гана аракетибизди көрөт. Адамдар болсо жыйынтыктарды гана көрөт. СубханаЛлах, бул кандай гана адилет Жаратуучу! Аллахтан башка эч ким сиздердин аракетиңизди баалабайт. Ошондуктан, башка адамдар сизди баалабай жатса да умтулууңузду азайтып же токтотуп койбоңуз. Иштин жыйынтыгы тууралуу өтө эле көп ойлоно бербеңиз. Жыйынтык, албетте, болот. Сиз күтпөгөн жерден ийгиликтер ушундай жаап кирет дейсиз. Бирок бул нерсе Аллах каалаган убакта гана болот. Сабыр кылууну үйрөнүңүз.

8- Санга эмес, сапатка маани бериңиз.

Ар бир адам Аллах ага кандай жөндөмдүүлүктөрдү бергени туурасында ой жүгүртүшү керек. Инсан ошол таланттары аркылуу өзүнүн артына өчпөс из калтырат. Андыктан, иштериңердин санын эмес, сапатын ойлонгула. Жашооңордун сапатын ойлонгула. Бүгүн багымдатка канчада ойгондуңар, эртең мененки тамакка эмне жедиңер? Ким менен сүйлөштүңөр? Кантип сүйлөштүңөр? Бүгүнкү убактыңарды эмнеге кетирдиңер? Бул күнүңөр канчалык деңгээлде сапаттуу болду? Ойлонгула, оңолгула! Ошондо Аллахтын жардамы менен бүгүнкү үммөт да сапаттуу үммөткө айланат. Өзүбүздөн кийин кандай из калтырарыбызды ойлоп баштаганда гана башыңардан бир идеянын аркасынан 2-идеялар чыга баштайт. Креативдүүлүк, заманбап долбоорлор пайда боло баштайт. Алар бул дүйнөнү мурда өзгөрүп көрбөгөндөй кылып өзгөртөт. Туура умтулуу болсо мына ушундай иштерге жөндөмдүү болот мусулман жаштары. Аллах бизди бүгүнкү үммөттүн баатырлары кылсын. Кийинки муун келип, силер тууралуу “Биз алардын бийиктигине жеткибиз келет, алар - бул коомдун алтын стандарттары” деп айтсын.

ARQAM TV каналынан которулду



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23