Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сапардагы адамдын намазы кандай окулат?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 12 сентябрь 2018

Үйүңүздөн алыс чыккан учурда, башка шаар же өлкөгө келсеңиз, намаздарды кантип окуйм деген суроо жаралса керек. Динибизде сапардагы адамдын намазы демейдекиден бир аз башкачараак, тактап айтсак, жеңилдетилген болот.

сапар, сапардагы адам, намаз, кандай окулат?

Сапардагы адам бул - ким?

Ханафи мазхабы боюнча, адам өз үйүнөн 15 күндөн аз калуу максатында 90 кмден же андан да алыс жерге чыккан болсо, ал сапардагы адам (муфасир-жолчу) болуп эсептелет. Демек, ушул таптан тарта ал кадимки намаздан айрымаланган сапардагы адамга тиешелүү намазды окуп баштайт.

Ал эми 15 күн, же андан көп убакытка сапарга чыкса, ал жолчу болуп саналбайт, демек, намазын адаттагыдай толук окуйт.

Сапардагы адамдын намазы кандай окулат?

Сапарда жүргөн адам 5 убак намаздын 4 рекет парз намаздарын 2 рекетке кыскартат. Ал эми сүннөт намаздары боюнча ханафи мазхабынын ичинде мындай 2 пикир айтылат:

1- Сүннөт намаздар толугу менен окулат.

2- Жеңилдетүү мааниси бардык намаздарга тиешелүү, ошондуктан, парз намаздар менен бирге сүннөт намаздар да кыскарат. Айрым учурда окубай коюуга да мүмкүн.

3 рекеттен турган шам намазы жана витр-важиб намазы кыскарбай толук окулат.

Аллах Таала Куранда мындай дейт:

«Силер сапарга чыккан учуруңарда эгер каапырлардын жамандыгынан корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!» (Ниса 4/101).

Дагы айрым жеңилдиктер

Сапарда жүргөн адамга жума намаз жана айт намаздары парз болбой калат. Бирок өз каалоосуна карап, бул намаздарга барса болот.

Эгер сапардагы адам транспортто кетип бара жатса...

Эгер сапарда жүргөн адам учак же поездде кетип бара жатып, намаз окуу убагы келип , кыбылага бурулууга такыр мүмкүнчүлүк жок болсо, отурган жеринде эле кыбылага карагандай ниет кылып намаз окуй берсе болот. Мүмкүнчүлүк болсо, унааны токтотуп, бардык шарттары менен окуган жакшы.

Даараттагы жеңилдик

Сапардагы адамдын маасынын үстүнөн тартылган масх 3 күнгө чейин жарактуу. Ал эми мындай убакта 24 саатка гана жарактуу болуп саналат.

Сапарда жүргөн адамдын каза намаздары кандай окулат?

Эгерде адам сапарда жүрүп намаздарын каза кылса, казаны ошол сапардагы окулган намаздарындай окуп, казасын берет. Мисалы, бешим намазынын каза болгон 2 рекет парз намазы, аср намазынын каза болгон 2 рекет парзы, куптан намазынын каза болгон 2 рекет парзы жана башка ушул сыяктуу.

Сапарда жүргөн адам жергиликтүү жамаат менен намаз окуп калса...

Эгерде адам сапарда жүрүп, ошол жердеги жергиликтүү тургундар менен жамаат болуп намазга турса, имамга уюп, кадимки окулган намазды окуйт. Бул учурда намаздар кыскарбайт. Анткени ал имамга уюган болуп эсептелет.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов