Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Инша Аллах" деп кайсы учурларда айтуу керек?

Автору: Айкөл Болотбекова / Сүрѳттѳр: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 23 октябрь 2018

Университетте менин бир агайым бар эле. Ал мен “Кудай буюрса (Инша Аллах), эртең отчетту алып келем деп айткан соң, менден кайра тактап “Инша Аллах бул мусулманчабы, же исламчабы?” деп сурачу. Анын минтип суроосунун себеби, мусулмандар автоматтык түрдө бул сөздү (Инша Аллах) айтып жиберишет да, чын эле айтканын аткарышары тууралуу ага терең маани беришпейт. “Инша Аллах” сөзү, чындыгында, кандай маанини камтыйт, бул сөздүн аркасында кандай тарых турат? Инша Аллах деп кайсы учурларда айтуу керек? Аны колдонуп- колдонбогонубуз үчүн кийин суралабызбы?

null

“ИншаАллах” сөзүнүн тарыхы

“Эч нерсени : “Ушуну эртең жасаймын!” – деп айтпа. “Аллах кааласа (жасаймын!)”-дегин” . (Куран, Аль-Кахф сүрөсү, 23,24).

Аллах Элчисине пайгамбарлык түшкөн алгачкы жылдар абдан оор мезгилдерден болгон. Курайшиттер Пайгамбарыбызды айыптап, анын ар бир кадамын сынга алышып, жалганчы, сыйкырчы дешкен. Түрдүү провокациялык суроолорду бергенге аракеттенишип, анын “калпын” кармап калганга абдан умтулушкан.

Бир жолу иудейлердин кеңеши менен курайшиттер Пайгамбарыбыз Мухаммедди (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) текшерип көрүүнү чечишип, 3 суроо беришет. Эгер, ал суроолордун экөөсүнө жооп бере алса, демек, ал - чынында эле пайгамбар. Эгер 3 суроонун бардыгына тең жооп берсе, демек ал - калпычы. Суроолор мындай эле: “Үңкүрдөгү балдардын тагдыры кандай болгон? Чыгыш менен Батышты башкарып турган пайдыша ким болгон? Рух деген эмне, ал кандай болот?”

Курайшиттер Пайгамбарыбызга (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул суроолорду узатышканда Пайгамбарыбыз : “Мен эртең жооп берем” деп айтат да, бирок “ИншаАллах” деген сөздү айтпай калат.

Пайгамбарыбыз аянды 2 жума күтөт, бирок такыр келбей коет. Бул арада Аллах Элчисине карата душмандык күчөп, курайшиттер аны табалап башташат:

“Көрдүңөрбү! Биз айтпадык беле! Ал алдамчы! Ал эртең жооп берем деп сөз берген , бирок 2 жума өттү!”

15-күнү гана Пайгамбарыбызга (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өтө кооз сүрө түшкөн- “Аль-Кахф” сүрөсү (Үңкүр). Ал 2 суроого жооп берип, 3-суроону жоопсуз калтырган эле.

Эң таң калычтуусу, пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сүрөнүн башында эле мындай ачык-айкын көрсөтмө берилген: “ИншаАллах деген сөздү айтмайынча убада бербе”.

Аллах ага мындай дейт:

“Эч нерсени : “Ушуну эртең жасаймын!” – деп айтпа. “Аллах кааласа (жасаймын!)”-дегин”. Эгер унутуп калсаң, Эгеңди эстээриң менен: “Эгем, мени мындан да тууралыкка жакыныраак жолго салуундан үмүткөрмүн”,-деп айткын. (Куран, 18:23-24)

null

Инша Аллах – Аллахка баш ийүүнүн далилдеринин бири

Инша Аллах араб тилинен “Эгер Кудай кааласа” деп которулат.

Бул Аллахтын чечимине баш ийгендик болуп саналат. Анткени мындай жол менен сен Аллахтын эркисиз эч нерсе болборун тааныйсың.

Хадисте: “Адамдын балдарына өзүнүн баш ийгендигин Инша Аллах деген сөз менен билдиргенчелик далил жок”,-деп айтылган.

Ошондуктан, мусулман дайыма келер чак тууралуу сүйлөгөндө ИншаАллах деген сөздү айтууну унутпоосу зарыл.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) дуба айтып жатып минтип айткан: “Ар бир пайгамбардын сөзсүз түрдө кабыл болчу дубасы бар. Алар бул дубаларын айтышкан. А мен өзүмдүн дубамды Акыретке сактап койдум. Акыретте ал дубамды жолдоочуларыма шапаат кылуу үчүн колдоном. Менин дубам, Аллах кааласа (Инша Аллах), Жаратканга шерик кошпой бул дүйнөдөн өткөн жолдоочуларыма жетет.

“Инша Аллах” деп айтуу жоопкерчиликке чакырат

Тилекке каршы, коомубузда “Инша Аллах” сөзүн туш келди колдоно берген мусулмандарды жолуктурууга болот. Кандай жол менен? Адамдар бул сөздү айтуу менен убаданы аткарууда өзүнүн колунан келгендин баарын аткарышы керектигин ойлошпойт.

Инша Аллах - өзүңдүн аткарылбай калган милдетиңди Аллах Таалага шылтап коюу эмес, Инша Аллах- пландалган ишти аткаруу үчүн колдон келгендин баарын жасап, бирок жыйынтыгы кандай болорун Аллахка коюу дегендик.

Белгилүү хадисте: Эгер сурасаң, Аллахтан сура, эгер жардамга муктаж болсоң, Аллахка кайрыл. Бил, эгер кайсы бир иште сага пайда келтирүү үчүн калың эл чогулса, алар Аллах сага жазгандан ашык жардам бере алышпайт. Эгер калың эл сага жамандык кылуу үчүн чогулса, Аллахтын ага уруксаты болмоюн эч нерседен зыян жеткире алышпайт. Калемдер эбак көтөрүлгөн, барактар кургап калган”. Ахмад 1/293.

Эгер, сиз Инша Аллах сөзүн ойкелди колдонуп, убадаңызды аткаруу үчүн сизден көз каранды болгон иш-аракетти аткарбасаңыз, сөзүңүзгө турбаган болосуз да эки жүздүү адамдардын катарына кирип каласыз, Кудай андан сактасын.

“Мунафыктардын (эки жүздүү адамдардын) 3 белгиси бар: Эгер сүйлөсө жалган сүйлөйт, аманатка кыянаттык кылат, убадасына турбайт”. (Бухари, Иман, 24).

Белгилүү Productive Muslim сайтынын негиздөөчүсү Мухаммад Фарис эмне үчүн биз “Инша Аллах” сөзүн туш келди айтканыбыздын себебин изилдеп, мындай тыянакка келген: Адамдардын көбүнө “жок” деп айтуу кыйын болгондуктан, алар бул сөздү сылык болгон “Инша Аллах” сөзү менен алмаштырышат. Мухаммад Фарис мындай кылбоого чакырып, “жок” деп айтууга үйрөнүүнүн айрым кеңештери менен бөлүшөт:

1. Ойлонууга убакыт берүүнү суроо.

Кокусунан кесиптешиңизди жолуктуруп калып, ал ушул күнү эле сизди жолугушууга чакырса, сиз адатта “Инша Аллах” деп айтасыз (Бирок экөөңөр тең жолугушууга келбей турганыңыздарды жакшы билесиз). Мунун ордуна: “Мен өзүмдүн иш тартибимди карап көрөйүн, анан жооп берем” деп айтып көрсөңүз болот.

2. Көңүлдү башка нерсеге буруу.

Эгерде жетекчи сизге такыр кызыктуу болбогон, же тажрыйбаңыз жетишерлик эмес долбоордун үстүнөн иштөөнү сунуштап жатса, сиз андан кандайдыр бир жол менен кутулууга аракеттенесиз. Бул учурда сиз сылык түрдө “Инша Аллах” деп айтуунун ордуна: “Мен бул жумушка эң мыкты талапкер эмесмин. Анын себептери бул...” деп, бул ишке ким ылайыктуураак экенин сунуштап көрүңүз.

3. Убакытты кыскартуу.

Сизге өтө маанилүү кардар менен жолугууга келүүңүздү айтышты. Бирок бул жолугуу 3 саат убакытты алат. Бирок сизге ал адам менен сүйлөшүүгө болгону жарым саат жетиштүү. Келүүгө убада берип, “Инша Аллах” деп айтуунун ордуна: жолугушуунун биринчи жарым саатына келүүңүздү, кийинки сүйлөшүүгө сиздин керегиңиз деле жоктугун, мындан башка да жумуштарыңыз бар экенин айтыңыз.

Биз “Инша Аллах” фразасына болгон мамилебизди кайрадан карап чыгышыбыз зарыл. Кайсы бир адам бул сөздү сиздин оозуңуздан укканда жөн гана бош убада эмес, “Ооба, сөзсүз. Мен колумдан келген нерсенин баарын жасайм” деген маанини түшүнүүсү керек.

Эгер ар бирибиз “Инша Аллах” сөзүн кандай ниетте колдонуп жатканыбызды ойлонсок, бул фразага анын чыныгы маанисин кайтарып берүүнүн алгачкы кадамдарын жасаган болобуз. Ал эми анын чыныгы мааниси сиздин ишиңиз, аракетиңиз менен Аллахтын каалоосунун ортосундагы байланышты түшүндүрөт.

Ошондой эле, "Аль-Кахф" сүрөсүн ар жума күнү окууну адат кылыңыз. Себеби бул – артында бизге өтө чоң пайда жаткан сүннөт болуп саналат.

Кыргызчага которгон: Амангелди кызы Айдай



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов