Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Аманаттын түрлөрүн билесизби?

Автору: Сымбат Эсенкан кызы / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов / Жарыяланды: 19 декабрь 2018

“Аманат”, “Аманатка кыянаттык кылба” деген сөздөрдү эл оозунан көп эле угуп жүргөндүрсүз. Бирок бул түшүнүктүн канчалык терең жана жоопкерчиликтүү экенин билчү белеңиз? Анда эмесе бул материалда биз бул тууралуу кененирээк айтып бергенге аракет кылабыз. Бул макаланы окуган соң өзүңүздүн жашооңузга, кыймыл-аракетиңизге көз жүгүртүп, аманаттын шарттарын туура аткарып жатасызбы, же жокбу деген маселенин үстүнөн акыл калчайсыз деген үмүттөбүз.

null

“Аманат” сөзү - көп кырдуу түшүнүк. Анда ишенимдүүлүк, туруктуулук, ыкластуулук, кең пейилдик, чынчылдык, абийирдүүлүк, уяттуулук өңдүү сапаттар да камтылган. Кайсы гана коом жана кайсы гана мезгил болбосун аманатка бекем адамдарга коом чоң сый-урмат менен мамиле кылышкан.

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) аманатка бекем болууну өзүнүн иши, кыймыл-аракети менен жогорку деңгээлде көрсөтүп берген. Пайгамбарыбызды пайгамбар катары тааныгысы келбеген бутпарастар дагы аны коомдогу эң ишеничтүү адам катары көрүшүп, өзүнүн буюм-тайымдарын ага сактатышып, коопсуздугунан шек санашкан эмес. Аллах Элчисине пайгамбарлык милдет жүктөлө электе эле элдер аны эң чынчыл адам эсептеп, аны “Амин” дешкен.

Эми кандай нерселер аманат болушу мүмкүн деген маселеге кененирээк токтолсок.

1- Адам баласына берилген бардык жоопкерчилик аманат болуп саналат.

Мисалы, дин. Аллах Таалага ибадат кылуу Жаратуучунун Өзү тарабынан буйрук кылынгандыктан, бул милдетти аткаруу - эң башкы аманатты аткаргандык.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул дүйнө менен кош айтышынан 3 ай мурун ажылык сапарында Арафат тоосунда туруп, 3000 сахабаларынын алдында минтип айткан:

“Мен силерге мурас калтырып кетем. Аны сактоо менен силер туура жолдон адашпайсыңар. Бул мурас - Аллах Тааладан белекке берилген Ыйык Куран".

Ыйык Куран - бардык мусулмандар үчүн баасы жок белек. Аны биз көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз ыйык милдет болуп саналат. Эгер биз исламды аздектеп карманбасак, Ыйык Китебибизди үйрөнүп, изилдебесек, бара-бара ишенибизди жоготуп алабыз, аманатка кыянаттык кылган болобуз.

Эми ой жүгүртөлү. Бул аманатыбызга канчалык деңгээлде көңүл буруп жатабыз? Аны экинчи орунга жылдырып жиберген жокбузбу?

Адам баласына берилген жоопкерчиликтердин катарына иштеп жаткан жумушубуз, окуубуз да кирет. Өлкө башчысынын, кайсы бир компаниянын жетекчисинин, же жөнөкөй эшик шыпырып иштеген адам болсун, алардын бул иши моюнга жүктөлгөн аманат болуп саналат. Биз жумушубузду так, эптеп-септебей, колубуздан келишинче майын чыгара, кылдат аткарышыбыз абзел.

Акыл калчайлы. Жетекчи билбей калат деп жумушка кечигип келген же, балким, такыр келбей койгон кезиңиз болду беле? Аткарды аты болсо болду деп бир ишти чампалап бүткөрүп койгон күнүңүз болду беле?

Мындай кылуу адамдын өзүнө жасаган жамандыгы. Анткени бул үчүн Кыяматта баарыбыз сураларыбызды унутпайлы.

Бизге берилген жоопкерчиликтерге үй-бүлө, тууган-туушкан, жоро-жолдош, кошуна -колоңдорду кошууга болот. Ар бирибиздин булардын астындагы милдетибиз бар. Мисалы, эркек кишиге анын жубайы аманат катары берилет. Ал жубайына кол көтөрүп, кордогону, тиешелүү деңгээлде кам көрбөгөнү - чоң кыянаттык.

Аллах Таала Ыйык Куранда минтип айтат:

“Эй ыймандуулар! Аллахка жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган ишке билип туруп кыянаттык жасабагыла” (аль-Анфаль 27).

2- Адамдардын өмүрү да аманат. Анткени өмүрдү жалгыз Аллах Таала берет жана каалаган учурда ал аны кайра алат. Өз өмүрүнө кол салуу жана башкалардын өмүрүн атайылап кыюу – аманатка кылынган чоң кыянаттык, оор күнөө.

3- Адам баласы үчүн өзү жашап жаткан мамлекет да аманат болуп эсептелет. Биздин ыйык милдеттерибиздин бири мамлекет иштерин жүргүзүүчү эл башчыларын туура тандоо. Татыктуу жетекчилерди тандоо, аманатты татыктуу адамдарга өткөрүп берүү да чоң аманаттын катарына кирет. Шайлоо мезгилинде добушун саткандар бул тууралуу терең ойлонушу керек.

Ыйык Куранда мындай деп айтылат:

“Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты (ишеним көргөзүлүп тапшырылган иш, жумуш, тапшырма, же кандайдыр мал-мүлк, буюм-тайым) анын ээсине тапшырууга (аман-эсен, кечиктирбей, бузуп, кемитип, жок кылып, өзгөртүп, же аткарбай койбой, жеткирүү) буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Аллах силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Аллах Угуучу, Көрүүчү! (“Ниса” сүрөсү, 58-аят).

Мамлекеттик мүлк, улуттук байлык да – аманат. Аларга зыян алып келүү, же аны жеке кызыкчылыктарга пайдалануу өзүнүн аманатына кыянаттык кылган болуп саналат.

4- Жакындарыбыз жана досторубуз биз менен бөлүшкөн жүрөк сырлары дагы аманат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз Мухамеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) хадисинде мындай деп айтылат:

“Эгер силер менен сүйлөшүп жаткан адам сизге бир нерсе айтып берип жатып, эки жагын караса - анын сөздөрү да аманат («Сунану Аби Дауд», 4868) . Анын айткандарын башка бирөөгө айтып бербеңиз”.

Аманаттын шарттарын аткаруу милдетин, керек болсо асман, жер, тоолор да алуудан коркушкан. Бул нерсеге төмөндөгү аят күбө. “Чындыгында, аманатты (Ислам динин) асмандар менен жерге жана тоолорго сунуш кылдык. Ошондо алар аны моюнга алуудан баш тартышты, андан (Исламдын шарттарын толук аткара албай калуудан коркушту) коркушту. Аны адам баласы мойнуна алды. Анткени ал өтө заалым, такыр билимсиз. (Азхаб сүрөсү, 72-аят).

Бул жерден аманатты сактоо өтө маанилүү иш экенин билебиз. Аманатка бекем болуу мусулман адамдын негизги сыпаттарына кирет.

Курани Каримде ыйман келтиргендердин сыпаттары айтылып келип, мындай делет: “Алар аманатын сакташат жана убадаларын аткарышат” ("Муминун" сүрөсү, 8-аят).

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) аманатка кыянаттык кылган адамды эки жүздүүлүктүн белгиси деп айткан (Бухари, «Иман», 24).

Эгерде аманатка кыянат кылган болсоңуз, бул ишти тезинен оңдоого аракет кылыңыз. Эгерде сизге калтырылган буюмду өз ээсине кайтарып бербесеңиз, дароо аны кайтарып берүүгө ашыгыңыз. Кимдир-бирөөгө сөз берип, аткарбай койсоңуз ал кишиден кечирим сурап, акысын адал кылуусун өтүнүңүз. Аллах Тааладан көп-көп кечирим сурап, истигфар айтыңыз.

Аллах Таалам баарыбызды аманатка бекем тургандардан кылсын!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23