Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын суктандырган мүнөзү - жумшактык

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 21 декабрь 2018

Өзүңүздүн мүнөзүңүздөгү оройлук, катаалдыкты байкайсызбы? Дал ушул сыпаттардын айынан адамдар менен мамиле курууда кыйналасызбы? Анда бул макала – дал сиз үчүн. Анткени төмөндөгү материалда адамзаттын алтын таажысы, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мүнөзүндөгү жумшактык сыпаттарын анын өмүрүндөгү окуялар аркылуу таасын баяндап беребиз. Жумшактык тоңгон жүрөктөрдү жибитип, сүйүү сезимин пайда кылат. Пайгамбарыбыздын жумшактыгы аркасында канчалаган адамдар ислам динин кабыл алып, үммөттүн катарына кошулушкан. Сиз да Аллах Элчисинен үлгү алып,бул жашоодо жана акыретте чоң ийгиликке жетише аласыз.

null

Пайгамбарыбыздын (САВ) кызматчыларына жасаган мамилеси

Аллах Таала Пайгамбарыбызды (САВ) жиберүү менен алсыз, бечара кызматчылардын даражасын көтөрүп койду. Кызматчылар жасаган кызматына жараша эмес, кармаган динине жана такыбалыгына жараша баалана турган болду. Кызматчыларына чоң мээрим менен жумшак мамиле кылган Пайгамбарыбыз (САВ) алардын акысы жөнүндө: "Алар да силердин бир тууганыңар, Аллах Таала аларды силерге кызмат кылдырып койду. Аларды өзүңөр жегендей жедирип, өзүңөр кийингендей кийиндиргиле. Аларга колунан келбеген ишти буйрубагыла, эгер буйрусаңар өзүңөр жардам бергиле" – деп айткан. Пайгамбарыбыздын (САВ) кызматчысы Анастын (андан Аллах ыраазы болсун) аны мактаган сөзүнө баам салалы, кайсы кызматчы кожоюнун мынчалык мактай алат. Ал айтат: "Аллахтын элчисине он жыл кызмат кылдым. Мага бир жолу да "Уф" дегенин укпадым. Жасаган ишиме бир жолу да "Эмне үчүн мындай кылдың?" деп айтпады. Аткарбай койгон ишим үчүн бир жолу да "Эмне үчүн аткарбадың?" дебеди". Он жыл, бул он ай, же он күн эмес. Мынчалык узун мөөнөттө адамдын башына эмнелер келбейт дейсиң, кубаныч жана кайгы, мээрим жана ачуу, байлык жана кедейлик, мына ушундай учурлардын биринде да кызматчысына жаман айтпаган Пайгамбарым ата-энем сага садага болсун. Жаман айтуу ары турсун, алардын көңүлүн көтөрүп, жардам берип, дуба кылып өзүңдүн кичипейилдигиңди көрсөттүң”.

Мечитке зара ушаткан адамга карата мамилеси

Пайгамбарыбыз (САВ) адамдарга, алардын дүйнө тааным деңгээлине түшүнүү менен мамиле жасап, жумшактыгы менен туура жолго салып тарбиялаган.

Пайгамбарыбыз (САВ) мечитте отурган кезде бир бедуин (көчмөн араб) кирип, намаз окуйт. Андан соң ордунан туруп, мечиттин бир бурчуна туруп заара ушата баштайт. Анын бул кылыгына күбө болушкан сахабалар ачууланып, сазайын бермек болушат. Анда Пайгамбарыбыз (САВ) аларды тыйып: “Ага тийбегиле. Ажатын бүтүрсүн. Анан ал жерге бир чака суу куюп салгыла. Силер жеңилдетүүчү катары келдиңер, оорлотуу үчүн эмес!”,-деди.

Андан соң бедуинди жанына чакырып: “Бул мечиттер даарат ушатуу үчүн же башка жаман иш кылуу үчүн курулган эмес. Булар Аллах Тааланы зикир кылуу, намаз окуу жана Куран үчүн курулган” деп насаат айтты.

Бедуин буга чейин мечит адебин билбегендиктен ушундай иш-аракет жасаган. Бул көрүнүштү Пайгамбарыбыз (САВ) сабырдуулук менен кабыл алып жумшак мамлеси менен насаат кылган.

Пайгамбарыбызды (САВ) жакадан алганда

Бул окуяны Азирети Анас бин Малик (р.а) жана Абухурайра (р.а) айтып беришет.

“Бир жолу Пайгамбарыбыз(САВ) менен бирге бара жатканбыз. Ал жакасы катуу кементай кийип алган эле. Жолдон бир бедуин чуркап келип, Пайгамбарыбыздын (САВ) кементайынан катуу тартты. Кементай жыртылып, жакасы мойнунда калган эле. Пайгамбарыбыздын (САВ) мойнун карасам, катуу тартылган кездеменин изи турат. Бедуин: “Оо, Мухаммед! Төөлөрүмө азык жүктөп бер, себеби колуңдагы мал-мүлк сеники да, атаңдыкы да эмес” дейт. Бедуиндин бул мамилеси өтө орой эле. Пайгамбарыбыз (САВ) буга карабастан бедуинге жылмая тиктеп, “Оболу мени капа кылгандыгың үчүн кечирим сура” дейт. Бедуин: “Жок, кечирим сурабайм”,-деп жооп кайтарат. Пайгамбарыбыз (САВ) ал бедуинге сылыктыкты үйрөтөйүн десе да ал кабыл алгысы келбеди. Бедуиндин оройлугуна көңүл бурбастан сахабаларга кайрылып: “Бул кишинин төөлөрүнүн бирине арпа, экинчисине курма жүктөп бергиле”, - дейт. Талабы аткарылган бедуин кубанган бойдон кетет.

Пайгамбарыбыздын (САВ) туткундарга жасаган мамилеси

Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) туткундарга жасаган мамилеси да бизди тан калтырбай койбойт.

Адатта ар дайым жек көрүү жана өч алууну көздөгөндөр мусулмандарды туткунга алганда түрдүү зордук-зомбулук, кыйноолорду көрсөтүшчү. Бирок Пайгамбарыбыз (САВ) бутпарастардан колго түшкөндөрдүн эч бирисине андай мамиле жасаган эмес. Ал туткундарды туура жолго түшүүгө муктаж адамдар катары кабыл алып, ырайым, мээрим, жумшактык менен мамиле жасап, согушта бүлгүнгө учураган жан дүйнөлөрүн калыбына келтирүү, алардын жана аларга берилчү өкүмдөр тууралуу кыжаалаттанган жакындарынын көңүлүн алуу үчүн түрдүү жакшылыктарды кылган. “туткундарга жакшы мамиле жасагыла!” деп, аларды бошотконго чейин жылуу мамиле жасап, көңүлдөрүн көтөрүүгө аракеттенген.

Пайгамбарыбыздын (САВ) сахабалары ал айткандарга амал кылып, баарын кылдаттык менен аткарганга аракеттенишчү. Мунун жыйынтыгында алардын бири-бирине болгон өз ара мамиле маданияты болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге чыккан.

Окуя: Бир жолу мусулмандар өздөрү деле байкабастан аларга каршы болуп келген уруу башчысын туткундап алышат. Анын аты Сумама болгон. Сумама Пайгамбарыбызды (САВ) ушунчалык катуу жек көргөн. Мурдараак ал анын өмүрүнө кол салууга да аракеттенген. Эми ал мусулмандардын туткунуна түшүп калат. Аны сахабалар мечитке алып келишип, мамыга байлап коюшат. Аллах Элчиси (САВ) мечитке кирип, байланып турган Сумаманы көрүп, таң калган бойдон сахабаларына кайрылат: “Силер кимди кармап алганыңарды билесиңерби?” Сахабалар билбестигин айтканда, Пайгамбарыбыз (САВ) Бул-Сумама ибн Усал аль-Ханафи. Ага эң жакшы деңгээлде мамиле кылгыла. Үйүңөргө барганда эмне тамак-аш болсо, баарын жыйнап келип, Сумамага бергиле”,-дейт. Ошондой эл, ал Сумамага эртең менен жана кечинде төөнүн жаңы саалган сүтүнөн берүүгө буйрук этет.

Бир нече убакыттан кийин Пайгамбарыбыз (САВ) Сумаманын жанына келип: “Сумама, сенде эмне бар?”, -дейт. Тиги болсо: “Менде бир гана жакшылык. Эгер мени өлтүргүң келсе, мен силердин каныңарды төккөм. Эгер мага кечирим берсең, анда сен ыраазы болгон адамга кечирим берген болосуң. А эгер сага менин ордума башка бир нерсе керек болсо, сен каалаганды берүүгө даярбыз”, -деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (САВ) андан ары сүйлөшүүнү улантпастан кетип калат. Эртеси кайрадан келип, ошол эле суроону берет. Сумама да мурдагы күндөгүдөй жооп кайтарат. Анын эртеси күнү кайрадан Сумаманын жанына келет. Сумама кайра эле: “Менде бир гана жакшылык. Эгер мени өлтүргүң келсе, мен силердин каныңарды төккөм. Эгер мага кечирим берсең, анда сен ыраазы болгон адамга кечирим берген болосуң. А эгер сага менин ордума башка бир нерсе керек болсо, сен каалаганды берүүгө даярбыз”, -деп жооп берет. Пайгамбар аны бул жолкусунда эркиндикке чыгарат. Сумама мечиттен чыгып, даарат алып, кайра келет да Пайгамбарыбызга (САВ) мындай сөздөрү менен кайрылат: “Аллахтан башка Кудай жок экендигине жана Мухаммед (САВ) Анын Элчиси экендигине ант беремин . Мухаммед, Аллах менен сага ант беремин, мага буга чейин сенин жүзүңдөн өткөн жек көргөн нерсем жок эле, ал эми азыр сенин жүзүң мага бардыгынан жагымдуу болуп калды. Сенин диниңди баарынан жаман көрчүмүн, бирок азыр мен аны баарынан жакшы көрүп калдым”, - дейт.

Бул окуя Жаратканга ишенбеген адамдын мусулмандардын коомунда жүрүп калгандыктан, анын жашоого болгон көз карашы канчалык деңгээлде өзгөргөнүн көрсөтүп жатат. Сумаманын Пайгамбарыбызга (САВ) жана ислам динине болгон көз карашын түп тамырынан бери өзгөртүүгө эмне себеп болушу мүмкүн эле?

Биринчиден, ал өзүнө болгон адамдык мамилени, жогорку руханийлүүлүктү сезе алды. Экинчиден, Сумамада Пайгамбарыбызды (САВ) жакындан көрүп, айткан сөздөрүн түзмө-түз угуу шарты болду. Пайгамбарыбыз (САВ) менен сахабалар кантип ибадат кылып, Куран окуп жатканына өзү күбө болду. Мечит бардык мусулмандар чогула турчу жай эле. Сумама мечитке келген адамдардын адеп-ахлагы канчалык деңгээлде жогорулаганын көрүп билди. Мунун баары анын ислам динин кабылдашына чоң түрткү болду.

Пайгамбарыбыздын (САВ) ага душмандай мамиле кылган кошуналарына карата мамилеси

Пайгамбарыбыздын (САВ) коңшусу Укба бин Аби Муайт Аллах Элчисинин (САВ) атасынын бир тууганы Абу Лахабдын жардамы менен айбандардын карынын алып келип, бок-жинин Пайгамбарыбыздын (САВ) эшигинин астына төгүп салчу. Алардын мындай кылыктарына капаланган Аллах Элчиси (САВ): "Оо, Абдуманнаф уулдары! Бул кандай коңшулук!”-деп, алардын кылганы адамдыкка жатпастыгын айтып, эшик астына ыргытылган нерселерди четке чыгарып, жолуна түшчү.

Куттуу Пайгамбарыбыз (САВ) мындай жийиркеничтүү аракеттерге барган адамдарга да адеп-ахлактуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүп, жумшак мамилеси менен элди караңгылыктан чыгарып, динди жайылтууну уланта берген.

Эми биз өзүбүзгө “Пайгамбарыбыздай боло алабызбы?” деген суроону берели. Азыр айрымдарына кимдир бирөө бир аз эле үнүн көтөрүп койсо, байкабастан бутун тебелеп кетсе, жулкунуп урушууга даяр турушат. Эгер Пайгамбарыбыз (САВ) үммөтүнүн азыркы ушундай иш-аракетин көрсө эмне демек эле?

Макала "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду чыгарган "Пайгамбарыбыз тынчтыктын жарчысы", диний ишмер Ильдар Аляутдиновдун "Незабываемые страницы истории" китептеринен жана hidayat.kg сайтынан алынып даярдалды.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23