Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Чынчылдык тууралуу 12 ой

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 22 февраль 2019

Чынчылдык - адам баласындагы эң баалуу мүнөздөрдүн бири. Аллах Таала Ыйык Куранда бул тууралуу мындай деген: “Оо, ыйман келтиргендер! "Аллахтан корккула жана чынчылдар менен бирге болгула!" (Тауба сүрөөсү, 119-аят). Бүгүнкү күндө биз канчалык чынчылбыз? Өзүбүз менен, Жараткан менен, айлана-чөйрөдөгүлөр менен болгон мамиледе чынчылдыгыбызды сактайбызбы?

null

Келиңиздер, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр-баянынан чынчылдык тууралуу маанилүү сабак алалы.

1- “Чынчылдык” деген сөз өзүнө “берилгендик” менен “ишенимдүүлүк” сыпаттарын камтыйт.

Чынчылдык биздин ой, сөз, иш-аракет, элдер менен болгон мамилебизде чагылып туруусу кажет.

Чынчылдык – кандайдыр бир айтылган сөздүн, же иштин, ошол абалга дал келүүсү, же болбосо адамдын ички дүйнөсү менен сырткы келбетинин бири- бирине дал келүүсү. Тактап айтканда, адамдын сүйлөгөн сөздөрүн, кылган иштери жалганга чыгарып койбош керек. Анткени сенин бардык сүйлөгөн сөздөрүң - ал сенин кылган иштериң. Ал эми кандай гана иш болбосун, ал иште ыкластуулук болушу керек. Ал эми ыкластуулук болсо чынчылдыкты талап кылат. Мына ошондуктан аалымдар айтышкан:

"Бардык чынчыл адамдар ыкластуу, бирок бардык ыкластуу адамдар чынчыл эмес".

2- Жаратканы менен болгон байланышта чынчыл болуу, өзүнө жана башка адамдарга чынчыл болуу мусулман адамдын ыкыластуулугун билдирет.

3- Пайгамбарыбыздын эң негизги сыпаттарынын бири анын чынчылдыгы эле.

Ал берген убадасын сөзсүз убагында орундатчу. Жадагалса, тамашалашкан учурда да чынчылдыктан тайган эмес.

Пайгамбарыбыз тууралуу Аллах Таала Ыйык Куранда Өзү минтип айтып жатат:

“Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң” (Калам сүрөсү, 4-аят).

4- Пайгамбарыбыз Мухамедди (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өз коомунда “Амин” деп аташкан. Бул сөз “ишенимдүү”, “чынчыл” деген маанилерди түшүндүрөт.

Пайгамбарыбыз (САВ) жашаган мезгилде банктар болгон эмес. Банктардын ордуна Пайгамбарыбыздай (САВ) өзгөчө сыпаттары менен айрымаланган адамдарга элдер өзүлөрүнүн мүлктөрүн ишенип тапшырышкан.

6- Пайгамбарыбыз Мухаммедге (САВ) ишенип, бирок кийинчерээк андан кандайдыр бир жалганды байкап калып, жүз буруп кеткен бир дагы жагдай болгон эмес.

7- Пайгамбарыбыздын (САВ) айыгышкан душмандары да анын чынчылдык, жоопкерчиликтүүлүк сапаттарын моюнга алышкан.

Ага урмат көрсөтүп, ишенимдүүлүгүнөн, чынчылдыгынан шек санашпаган. Ааламдардын Мырзасы (САВ) эч качан өз сөзүнө турбай коюп, келишимдерди бузган эмес.

8- Чынчылдык бул - бейпилдик.

Хасан ибну Али мындай деп айткан: Аллахтын элчисинен (САВ) бул сөздөрдү жаттап калдым: "Сага шек салган нерсени таштап, шектенбеген нерсени алгын. Албетте, чынчылдык – бул бейпилдик, ал эми жалганчылык болсо тынчсыздануу". (Тирмизи 2518)

9- “Чынчылдык жоголгон кезде Кыямат кайымды күткүлө” – бул сөздөрдү Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) айткан.

Бул хадисте Кыямат кайымдын белгилеринин бири айтылууда.

10- Азыркы заманда биз чынчылдыкка кандай мамиле жасап жатабыз?

Көпчүлүгү чынчылдыкты сөз жүзүндө мактайт, бирок иш жүзүндө кайдыгер мамиле кылат.

Биз өзүбүз деле анчейин этибарга албастан балдарыбызды да жалган айтууга үйрөтөбүз: “Бизди үйдө жок деп кой”. Балдарыбызды калп айтканы үчүн урушабыз, бирок өзүбүз дагы деле бул жаман адаттан кутула элекпиз.

11 - Окуя: Бир жолу Пайгамбарыбыз (САВ) меккеликтерди чогултуп, аларга мындай деп кайрылат: “О, Меккенин жашоочулары!Азыр мен силерге “тоонун артынан биз тарапка аскерлер агылып келе жатат” десем ишенмек белеңер?”-деп сурайт. Турган элдер бир добуш менен: “Албетте, биз сенин калп айтканыңды эч качан көргөн эмеспиз”, - дешет. Кыпындай да кир жукпаган Пайгамбарыбыздын (САВ) чынчылдыгы 40 жыл бою бардыгынын тең анын бул сыпатын тастыкоосуна себеп болгон.

11- Окуя: Ааламдардын Мырзасы (САВ) византиянын императоруна исламды кабыл алууга чакырган кат жөнөтөт. Ал учурда Абу Суфьян мусулманчылыкты кабыл ала элек болсо да Пайгамбарыбыздын (САВ) атына кир келтирген эмес.

“Ал бизди бир гана Аллахка сыйынууга чакырып, ага шерик кошпоого, биздин ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерди таштообузга, ибадат кылып, чынчыл болуубузга жана туугандык байланыштарды сактообузга үндөп жатат, - деген.

12- Окуя: Ааламдардын Мырзасынын 35 жаштагы кези. Бул учурда курайш уруусу чогулуп, Каабаны жыгып, кайрадан куруп чыгууну чечишет. Анткени көп жылдардан бери көңүл бурулбай келгендиктен, жамгырдан пайда болгон селдер араң турган дубалдарын жеп, урата баштаган. Мына ошентип курайштар өз ара бөлүштүрүп, дубалдарын кура башташты. Баары өзүнө бөлүнгөн жакка таш ташып, иш кызуу жүрүп жатты. Дубалдар урулуп, бийиктеп отуруп, Хажарул Асвад ташы коюла турган жерге жетти. Бирок бул куттуу ташты орнотууда уруулардын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Куттуу ташты дубалга орнотуу эң шарапаттуу иштердин бири болуп, ага эң кадыр-барктуу адамдар татыктуу эле. Мына ушундан улам уруулардын ташты коюуга өздөрүн эң ылайыктуу көрүп жатышты. Ошентип отуруп, талаш-тартыш улам күчөп, жумуш да токтоп калды. Урушуп отурушуп, ал тургай согушууга да ант ичип жиберишти. Чогулгандардын арасында бул маселени чечүүгө салым кошуу үчүн чакырылган аксакалдар да бар эле. Талаш-тартыштан эч кандай маселени чече турган майнап чыкпасын түшүнгөн аксакал ортого чыгып, тегеректеп тургандарга минтип кайрылды: “Эй, курайш эли! Минтип тартышкандан пайда жок Ушуну менен эле маселе чечилбейт. Андан көрө мындай кылалы. Колу менен эшик жакты көрсөтүп: “Менин сунушум, азыр бул турган эшиктен ким кирип келсе, ошону казы шайлагыла. Ал өкүм чыгарып, бул ишке чекит койсун”. Аксакалдын күтүлбөгөн бул сунушун тараптар олку-солкусуз кабылдашты.

Ошентип, баары ызы-чууну токтотушуп, эшиктен ким кирет экен деп карап отурушту. Баарынын оюнда бир эле суроо бар: “Эшиктен ким кирип келет болду экен? Уруулардын ортосундагы мындай чыр-чатакка ким чекит коет болду экен? Бул чыр-чатакка кандай чара табат болду экен? Бардык урууларды кантип ыраазы кылып, бул маселени чечет болду экен?”

Баары эшикке тигиле карап отурушканда бир адамдын кирип келе жатканы көрүндү. Чогулган курайштар аны көрөрү менен баарынын жүздөрүндө жылмаюу, кубануу пайда болду. Өзүнө жарашкан бою жана байсалдуу басышы менен кирип келген ал адамды дароо таанышып, кубанышып:

“Бул чынчыл адам! Бул Мухаммад! Биз анын берген өкүмүнө ыраазыбыз”, -дешти.

Ооба, кирип келген киши пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) эле. Баары пайгамбарыбызды (САВ) тегеректешип, ага абалды түшүндүрүштү. Пайгамбарыбыздын зээни да жүрөгүндөй таза, тунук болчу. Туура чечим чыгарууга көпкө күттүрбөстөн минтип буйруду: “Мага бир кездеме алып келгиле”. Дароо кездеме алып келишти. Бир риваятка караганда, ал кездеме Валид бин Мугиранын кийими болчу. Башка риваятка таянсак, Пайгамбарыбыз өзүнүн үстүнө жамынган сырткы кийимин кездеме катары колдонгон. Ааламдын Мырзасы алынып келген кездемени жерге жайды. Баары аны тегеректешип, бул эмне болду экен дегендей карап, түшүнө албай турушту. Бир аздан кийин өтө акылмандуу жана жана адилеттүү чечимге күбө болушту. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз акырын кездемени жерге жайып, ары жакта турган куттуу таш Хажарул Асвадды көтөрүп, кездеменин үстүнө койду. Андан соң баарына карап: “Ар бир уруудан бир киши чыгып, бул кездеменин ар бир учунан кармасын!” - деди. Мына эми баары иштин жайын түшүнүштү. Мындай акылмандуу чара эч кимдин оюна да келген эмес. Баары бирин бири карап, ыраазы болуп, ар бир уруудан бирден киши чыгып, кездеменин ар тарабынан кармашып, таш коюла турган жерге чейин көтөрүштү. Андан кийин Пайгамбарыбыз (САВ) куттуу ташты өз колу менен кармап көтөрдү да дубалга орнотту.

Карап тургандардын баары ушундай эле жөнөкөй адилеттүүлүк менен бүтө турган чечимге таң калышып, ыраазы болушту. Андан ары иштерин ынтымак менен улантышып, дубалды таштар менен тургузушуп, Каабаны куруу иши ийгиликтүү аяктады.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
7 декабрь 2019г.
Багымдат
06:37
Күндүн чыгуу
08:18
Бешим
12:53
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47