Рамазан айынын кириши менен таравих намазы окулуп баштады. Намазды окуунун тартиптери менен таанышып алыңыздар.
Тахажжуд намазы же түнкү намаз - Куптан намазынан кийин таң атканга чейин окула турган намаз. Ошол эле тахажжуд намазы Рамазан айында окулгандыгы үчүн таравих намазы деп аталып калган.
Таравих араб тилинен алынып, тыным, эс алуу дегенди билдирет. Анткени таравих намазынын рекеттеринин саны көп болгондуктан, ар бир 4 рекеттен соң мусулмандар тыным алып, эс алып алышып, андан соң намазын улантышат.
Мусулмандар үчүн (эркектерге да, аялдарга да) таравих намазды окуу муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:
Таравих намазын окуу мезгили:
Рамазан айынын 1-күнүнөн тарта айдын соңуна чейин.
Таравих намазын окуу сааты: Куптан намазынан кийин, витр намазына чейин. Таравих намазынын убактысы багымдат намазынын кириши менен токтойт.
Кыргызстан боюнча таравих намазы мечиттерде куптан намазынан кийин окулат.
Жамаат мененби же өз алдынча?
Таравих намазын жамаат менен да, жалгыз туруп да окуса болот. Бирок жамаат менен окуган жакшыраак. Эгер сиз таравих намазына жетишпей, намазды каза кылып алсаңыз, анын казасы окулбайт. Анткени ал фарз амалга кирбейт. Таравих муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.
Таравих намазы канча рекеттен турат?
Таравих намазы 8, 20 же андан көп рекеттен окулат.
Таравих намазын көбүнчө ар 4 рекетте бир салам берип окуп келишет. Тактап айтканда, сүннөт намаздын 4 рекетиндей кылып окуйсуз.
Ханафий мазхабы боюнча таравих намазынын саны азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аткарганына ылайык бекитилген. Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) мамлекет башчысы, мусулмандардын амири болуп турганда, пайгамбарыбыздын мечитинде халифалыгынын акыркы мезгилдеринде жыйырма рекет окуткан.
Пайгамбарыбыз (Алланын салават-саламдары болсун) жамаат менен таравих намазын окуп, кийин адамдарга парз болуп калуусунан коркуп окубай койгон. Кийин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) адамдар мечитте өз-өзүнчө болуп таравих намазын окуп жатышканын көргөндө, Пайгамбарыбыздын бул сүннөтүн кайрадан жандандырып бир имамдын артынан окууларын буйруган. Кийин адамдардын бир имамдын артында жамаат менен окуп жатышканын көргөндө:
Бул азирети Умардын "Бул кандай гана жакшы бидъат"-деп айтканы, бир гана тилдик маанисин максат кылган жана динде негизи бар нерсени гана жандандыруу болгон. Кийинки мусулмандар да ушул боюнча жыйырма рекет окуганды четке кагышкан эмес. Себеби Пайгамбарыбыз (Аллахтын салам-салаваттары) болсун мындай деген: «Менден кийин, менин сүннөтүмдөн жана туура багыттагы халифалардын сүннөтүнөн ажырабагыла».(Абу Дауд, Сүннөт,5)
Дагы эмне кылуу керек?
Таравих намазынын ар бир 4 рекетинде тыным алганда Аллахты улуктап, же ыйманды көтөрө турган баяндарды окуп, угуп турса болот. Аллахты улуктоонун мындай дубасын айтууга мүмкүн:
«Субхаана зиль-мульки валь-малякуут.
Субхаана зиль-‘иззати валь-‘азамати валь-кудрати валь-кибрияяи валь-джабаруут.
Субхааналь-маликиль-хайиль-лязии ляя ямуут.
Суббуухун куддуусун раббуль-маляяикяти вар-руух.
Ляя иляяхэ илля ллааху настагфируллаа, нас’элюкяль-джанната ва на‘уузу бикя минан-наа бирахмаатика йаа архамар роохимийн”.
Мааниси:
Асман менен Жердеги падышачылыктын Ээси Аллахка тасбих-мактоо айтамын. Кудуреттин, улуулуктун, чексиз күчтүн, бийиктиктин жана бийликтин Ээси Аллахка тасбих айтамын. Түбөлүк Калуучу, баарын башкарып Туруучу Аллахка тасбих айтамын. Ал уктабайт жана Ага эч качан өлүм жетпейт. Баардык периштелердин жана рухтун, Жабраилдин (Аллахтын ага саламы болсун) Роббиси болгон Аллах Таала баардык айып - кемчиликтерден аруу жана таза.
Эгер орозо кармабаса да таравих намазын окууга болобу?
Болот. Таравих намазын окуга уруксат берилет.
Аллах Таалам баарыбыздын намазыбызды кабыл кылган болсун!