Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Раби-уль-авваль - пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) төрөлгөн ай

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 28 октябрь 2019

Хижрий жыл санагы боюнча эртең, 29-октябрда, Раби-уль-авваль айы кирип келет. Бул ай - бардык мусулмандар үчүн өзгөчө. Анткени дал ушул айда дүйнө жүзүнө мээрим болуп жиберилген сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жарык дүйнөгө келген. Раби-уль-авваль кыргызчага которгондо “жаз, жазгы мезгил” деген маанини түшүндүрөт.

null

Бул айда дагы кандай маанилүү окуялар болгон?

1- Пайгамбарыбыз Меккеден Мединага көчкөн.

2- Ислам тарыхындагы биринчи мечит саналган Аль-Куба мечити салынган.

3- Дал ушул айда Аль-Куба мечитинде тарыхтагы алгачкы жума намазы окулган. Намазга имамдык милдетти Абу Хузайфа боштондукка чыгарган Салим алган. Салим Меккеден көчүп келген, Куранды баарынан мыкты окуган мырза эле.

4- Бул айда Абу Бакр ас - Сыддык биринчи халиф болуп жарыяланган.

5- Дал ушул айда адамдардын мыктысы, пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул дүйнө менен кош айтышкан.

Келиңиздер, пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жарык дүйнөгө келген бул айда өзүбүздүн динибизге дагы жакшылап көз жүгүртүп, Аллах Тааланын акыркы элчисинин өмүр-баяны менен дагы жакыныраак таанышып, башкаларга да үйрөткөнгө аракет кылалы.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56