Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Айт намазын үй шартында окуу Ханафий мазхабында көрсөтүлгөн эмес. Себеби

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 июль 2020

Коомчулукта айт намаз окулбай калса анын ордуна окулуучу намаз барбы же аны мечиттерде окубасак да үй шартында окууга шарият уруксат береби деген суроолор да көп болууда. Бул суроолорго Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жооп берди.

%article_title%

Ал, ошондой эле шариятта жума намаздарын, же айт намаздарын окубай коюуга себеп барбы, болсо ал кайсы эреже менен жүзөгө ашырыларын толук түшүндүрдү.

Абибилла ажы Кадырбердиевдин билдирүүсүн толугу менен өзгөртүүсүз беребиз.

"Эгерде айт намазы аянттарда же мечиттерде окулбаса үй шартында ар ким өз алдынча окуп алуусу шариятта, тагыраагы “Ханафий” мазхабында көрсөтүлгөн эмес. Себеби айт жана жума намаздары окулуусу үчүн бир топ шарттар каралган. Алардан кээ бирлерин айта кетели:

“Изнул ъаам – айт же жума намаз окулуучу жайга мусулмандар эч тоскоолдуксуз кирип баруусу” керек. Ал эми үйлөрдө делингенде, бирөөнүн үйүнө башка бирөө эч тоскоолдуксуз кирип бара албайт. Демек айт намазынын же жума намазынын үйдө окулуусу үчүн уруксат берүүдө мына ушул шарт табылбайт.

Дагы бири, айт же жума намазын окуй турган имам падыша же муфтий тарабынан дайындалаган адам болуусу шарт. Үйлөрдө окулсун деп уруксат берүүдө бул шарт да табылбай калат.

Андыктан кээ бир мазхабы башка араб өлкөлөрүнүн айт намазы үйлөрдө окулса болот деген фатвасын көрсөтүп, биз да ошондой кылсак боло берет да, деп камынып алуу туура эмес.

Айт намазынын ордуна башка окулуучу намазга келсек, негизинен айт намазынын ордуна окулуучу, тагыраак айтканда ордун басуучу – кудум эле айт намазын өзүн окугандай эле сооп алып, карыздан кутултуучу намаз жок. Туура – Абдула ибн Масъуд (разияллоху анху) мындай деген сөз бар:

وروى الطبراني في: "الكبير"، عن الشعبي قال: قَالَ عَبْدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ: «مَنْ فَاتَهُ الْعِيدُ فَلْيُصَلِّ أَرْبَعًا». ورجاله ثقات كما في: "مجمع الزوائد".

“Ким айт намазына жетиш албай калса, төрт рекет намаз окуп алсын”. Имам Табараний өзүнүн “Кабийр” китебинде Аш-Шаьбийден риваят кылган.

Анын себебинен “Мажмаъул анхур” китебинде мындай деген сөз бар:

اعْلَمْ أَنَّ صَلَاةَ الْعِيدِ قَائِمَةٌ مَقَامَ الضُّحَى فَإِذَا فَاتَتْ بِعُذْرٍ يُسْتَحَبُّ أَنْ يُصَلِّيَ رَكْعَتَيْنِ أَوْ أَرْبَعًا وَهُوَ أَفْضَلُ

“Маалым болсун, айт намазы зуха намазынын ордуна коюлган. Качан гана айт намазы кандайдыр бир үзүр себептүү окулбай калса, эки же төрт рекет нафл намаз окуу мустахаб болот. Төрт рекет окуу абзел”.

Бирок муну дал айт намазынын өзүн окугандай болот деп түшүнүп албас керек. Себеби бул өкүм айт намазын жамаат менен окууга жетишпей калган адамга айтылган. Бул жанагы кыргыздардын “ачуу басар” деген сөзүндөй эле кеп. Себеби айт намазынын ордуна ар ким зуха намазын окуп алсын деген көрсөтмө берчү болсок, адамдарда түрдүүчө түшүнүктөр пайда болуусу турган сөз. Анткени ансыз деле эл ичинде айт намаздын ордуна таш көтөрүп койсо болот деген сыяктуу ырым-жырымдар кездешет.

Экинчиден зуха намазы, бир эле айт күнү окулбай калган айт намазынын ордуна окулуучу намаз эмес, балким ар күнү окулуучу нафл намаздардын түркүмүнө кирет. Бул намаздын өзүнчө орду жана артыкчылыктары бар.

رَوٰى مُسْلِمٌ مِنْ حَدِيثِ أَبِي ذَرٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: "قَالَ: رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: "يُصْبِحُ عَلٰى كُلِّ سُلَامَىٰ مِنْ أَحَدِكُمْ صَدَقَةٌ، فَكُلُّ تَسْبِيحَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَحْمِيدَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَهْلِيلَةٍ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ تَكْبِيرَةٍ صَدَقَةٌ، وَأَمْرٌ بِالْمَعْرُوفِ صَدَقَةٌ، وَنَهْيٌ عَنِ الْمُنْكَرِ صَدَقَةٌ، وَيُجْزِئُ مِنْ ذٰلِكَ رَكْعَتَانِ يَرْكَعُهَا مِنَ الضُّحَٰى".

Абу Зардан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): “Таңга маал күн сайын адам баласы денесинин ар бир мууну үчүн (денеде 360 муун бар) садака берүүсү керек. “Субхааналлах” – садака, “Алхамду лиллах” – садака, “Лаа илааха иллаллох” – садака, “Аллоху акбар” – садака. Жакшылыкка чакыруу – садака, жамандыктан тыюу – садака. Алардын баарына садака иретинде “Зуха” намазынын эки рекети жетиштүү”. Имам Муслим риваяты.

“Мурда Союз мезгилинде да айт намаздан элди тосуп келишкен. Ошондо аталарыбыз жашынып болсо да айт намазын окушкан. Андыктан биз да мечитте болбосо да башка жерде чогулуп окуй беребиз”, деген демилгелер да эл ичинде жок эмес. Урматтуу диндеш бир туугандар! Союз учурундагы тыюу атеисттик идея күчөп тургандыктан чындап эле намаз окутпаш максатында болгон. Ал эми учурдагы тыюу адам өмүрүнүн кооптуулугу үчүн болуп жатат. Ар бир акыл калчаган адам айырмасын оңой эле түшүнсө болот.

Учурда өлкөбүзгө эле эмес бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооп салып жаткан “Таажы ылаңынын" себебинен жергебизде аянттарда жана мечиттерде айт намазы окулбастыгы жөнүндө маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан коомчулукка жарыяланды. Адам өмүрүнө кооптуулук жаралганда шарият кандай жол тутат, биз сиздерге ушул жаатта кыскача болсо да түшүндүрмө маалымат бере кетүүнү эп көрдүк. Дегеле шариятта жума намаздарын же айт намаздарын окубай коюуга себеп барбы, болсо ал кайсы эреже менен жүзөгө ашырылат?

УМУМ АЛ-БАЛВА» ЭРЕЖЕСИ

Ислам жеңилдиктин тарапташы. Шариятыбыз инсанияттын кыйналуусун эмес, балким жеңилдик менен ибадат кылуусун, бейпилдик менен жашоо өткөрүүсүн каалайт. Инсанга күчү жетпей турган иштерди аткаруусун мажбурлабайт, талап кылбайт. Зарылдык, ооруу жана мүмкүнчүлүктүн чектелүүсү сыяктуу абалдар дайыма этибарга алынат. Андыктан Ислам фикхинде (укугунда) атайын эрежелер иштелип чыккан болуп, оор кырдаалдардагы көйгөйлөргө чечимдер табылат. Ошондой эрежелердин бири “Умум ал-балва” эрежеси. Азыр бул эреже жөнүндө кыскача таанышып чыгабыз.

Ислам фикхине таандык булактарда “умум ал-балва” (عموم البلوى) термини көп учурайт. Маселен, кайсы бир өкүмдүн иллатин (себебин) баяндоодо “умум ал-балва” эрежеси себептүү ушундай болот – дегенге окшош тексттер келтирилет.

Бул сөз сөздүктө “кең көлөмдүү балээ” маанисин билдирет.

Фикх терминологиясында деле сөздүктөгү маанисинен алыс эмес: факихтердин тилинде “умум ал-балва” – деп өтө көп инсандар дуушар болгон жана сактануу үзүрлүү болгон коомдук көйгөйлөргө айтылат. “Умум ал-балва” эрежесинин “аз-зарурат ул-ъаамма” (الضرورة العامة), “аз-заруратул-маасса” (الضرورة الماسة) “хаажатун-наас” (حاجة الناس) деген атамалары да бар.

Усул аалымдары ага төмөнкүдөй түшүндүрмө беришкен:

ما تمس الحاجة اليه فى عموم الاحوال

Жалпы учурларда муктаждык түшүүчү нерсе.

Фикхке таандык эрежелердин ичинде (المشقة تجلب التيسير) “Машакат (кыйынчылык) жеңилдикти тартат” — эрежеси “Умум ал-балва” эрежесине таандык болуп, шарияттагы жалпы уруксат жана жеңилдиктер ушул эрежеге таянат.

"Зарурат - зарылдык"тын шарияттагы терминология маанисин Саййид Шариф Журжаний (р.х.) өзүнүн "Ат-Таърифат" китебинде: و هو النازل مما لا مدفع له – "Башка түшкөн, бирок сактануу мүмкүн болбогон нерсе " деп түшүндүргөн (Саййид Шариф Журжаний. Ат-Таърифат. – Стамбул: Хусайния, 1300. – Б. 92).

Ошондой эле башка аалымдарыбыздын көпчүлүгү "зарурат"га мындай түшүндүрмө беришкен: "Зарурат – анык же күмөн менен адамдын ден-соолугуна же өмүрүнө кооп болуусу. Өлүм келгиче сабыр кылуу эмес. Кооптуулуктун болуусу күмөндүү болсо да өзү бул жаатта жетиштүү”.

Андыктан Вахба аз-Зухайлий (р.х.) ага жаңыча түшүндүрмө берүүгө аракет кылып көргөн: "Зарурат – инсан башына кооптуулук же күчтүү кыйынчылык түшүүсү болуп, ал өз жанына, дене мүчөлөрүнө, абийрине, акылына, мал-мүлкүнө жана ага таандык нерселерге зыян-залаканын же ызаанын жетүүсүнөн коопсурап калуу. Бул учурда күмөндүн басымдуу тарабы менен зыянды жолотпоо максатында арам болгон амалдарды болсо да кылуу же важиб болгон амалдарды таштоо же өз убагынан кечиктирип туруу керек болот. Албетте мында шарияттын өзүнө таандык эрежелери бар" (Вахба аз-Зухайлий. Назарияту аз-зарурат аш-шаръиййа мукаранатан маъа ал-канун ал-вазъий. – Байрут: Муассаса ар-рисала, 1985. – Б. 67-68).

Пандемия кооптуулугу башталганда өлкөбүздө мечиттерде жамаат менен намаз окууну жана жума намазын окууну убактылуу токтотулганы мына ушундай эрежелердин негизинде болгон.

يُرِيدُ اللّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلاَ يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ {185}

“Аллах силерге жеңилдик болуусун каалайт, силерге оор болуусун каалабайт" (Бакара, 185).

وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ {78}

"Бул динде Силерге эч бир хараж-кыйынчылык жараткан жок" (Хаж, 78).

وروى البخاري (668)، ومسلم (699) واللفظ له، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ الحَارِثِ، عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَبَّاسٍ، أَنَّهُ قَالَ لِمُؤَذِّنِهِ فِي يَوْمٍ مَطِيرٍ: "إِذَا قُلْتَ: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ ، أَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، فَلَا تَقُلْ: حَيَّ عَلَى الصَّلَاةِ، قُلْ: صَلُّوا فِي بُيُوتِكُمْ"، قَالَ: فَكَأَنَّ النَّاسَ اسْتَنْكَرُوا ذَاكَ، فَقَالَ: "أَتَعْجَبُونَ مِنْ ذَا؟!، قَدْ فَعَلَ ذَا مَنْ هُوَ خَيْرٌ مِنِّي، إِنَّ الْجُمُعَةَ عَزْمَةٌ، وَإِنِّي كَرِهْتُ أَنْ أُحْرِجَكُمْ، فَتَمْشُوا فِي الطِّينِ وَالدَّحْضِ".

Абдулла ибн Харис айтат: "Абдулла ибн Аббас, жамгырлуу күндө азанчысына: "Азанды айтканыңда "Ашхаду аллаа илааха иллаллох, ашхаду анна Мухаммадар росуулулулах", деп айтканыңдан соң, "Хаййа алас солаах –намазга келгиле" деп айтпагын. Анын ордуна "Соллуу фии буйуутикум - үйүңөрдө намаз окугула", деп айткын", деди. Адамдар мындай деп айтылуусуна жактырбагандай түр көрсөтүштү. Ошондо Ибну Аббас: "Мындан таң калып жатасыңарбы?! Жума намазы өтө зарыл болсо да так ушундай кылууну менден жакшы болгон адам (Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи ва саллам) жасаган. Силерди жамгырлуу күндө да мечитке келүүңөрдү буюрсам, анан силер ылай-баткак жана чуңкурларда басып келүүңөр мага жакпайт",”деп айтты". Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты.

Демек бул жердеги зыян жамгыр, адамдардын жамгырлуу күндө жума намазына же мечиттеги жамаатык намазга келүүсүндөгү кыйынчылыктар себептүү үйдө намаз окулуусуна буйрук болуп жатат. Карабайсызбы, жамгырчалык зыянды эске алган шарият кантип адам өмүрүнө кооптуу болгон нерсени эске албасын.

Демек пандемия учурунда мечиттерде окулуучу жамаатык намаз жана жума намазын убактылуу токтотуп туруу жөн жерден болгон жок же шариятка терс эмес. Айтаарым, ага негиз болуучу жогоркудай далилдер бар.

Маалымат катары айта кетишибиз керек. Карантин маселеси шариятта да жолго коюлган. Өкмөтүбүз тарабынан кырдаалга байланыштуу карантин жарыяланып, анын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерде окулуучу жамаатык намаздарды жана жума намазын убактылуу токтотуу боюнча фатвасын чыгарган. Ошондой эле айт намазынын да аянтта жана мечиттерде окулбастыгын карантин себептүү, кооптуулук бүтө электегинен болгондугун маалымдады. Андыктан шарият жаатынан алып караганда да мусулмандар өлкө жетекчилерине жана расмий диний жетекчиликке баш ийүүсү важиб болот.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنكُمْ ۖ ....﴿٥٩﴾

“Эй ыймандуулар! Аллахка баш ийгиле, Аллахтын элчисине баш ийгиле! Ошондой эле өзүңөрдүн жетекчилериңерге баш ийгиле...” (Нисаа, 59)

Албетте мындай тыюулар убактылуу гана. Келечек алдыда. Андыктан урматтуу мекендештер, мына ушундай дуба кабыл боло турган күндөрдө жерибиздин тынчтыгы элибиздин жаркын келечеги үчүн дуа кылыңыздар.

Жараткан Өзү Рамазан айынын жана айт күнүнү урматына жалпы адамзаттын башына балээ болуп турган "Таажы ылаң"ын баарыбыздан нары кылсын. Асмандан келген жана жерден чыккан балээ-апааттардан сактасын. Бейиштин берметиндей болгон жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-биримдик берген болсун. Өлкөбүз эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрүндө катарында болсун!

Аздыр – көптүр айткан маалыматтарыбызды – насааттарыбызды туура кабыл аласыздар деген ишеничтемин.

Айтыңыздар маарек болсун!"



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53
Жаӊылыктар