Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эртең улуу Арапа күнү. Кандай амалдарды жасоо керек?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 июль 2020

Эртең, 30-июль, мусулмандарга маанилүү күндөрдүн бири болгон Арапа күнүнө туура келет. Бул күндү кандай өткөрүү зарыл? Макаланы окуңуз.

%article_title%

Имам ан-Навави мындай дейт:

“Зул-хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арапа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”.

Ардактуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул күндүн улуктугу туурасында минтип айткан:

«Арапа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».

Демек, мусулмандар Арапа күнүнө өзгөчө маани бериши керек. Анткени дал ушул күнү кармалган корозо эң чоң артыкчылыкка ээ болуп, 2 жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себепчи болот.

Абу Катаданын сөздөрүнөн Аллахтын Элчисинин мындай дегени риваят кылынат:

«Арапа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот».

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул жерде кичине күнөөлөр тууралуу айтылып жатат. Анткени, чоң күнөөлөр тообо келтирүү жана Алла Тааланын ырайымы менен гана кечирилет.

Айша Аллахтын Элчисинин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин баяндаган:

“Аллах Өзүнүн кулдарын тозок отунан ушунча көп бошото турган Арапа күнүндөй башка күн жок. Акыйкатта, Ал (аларга) жакындайт, андан соң периштелердин алдында: «Алар эмнени каалашат?», - деп мактанат”.

Эң жакшы дуа – бул Арапа күнкү дуа

Лаа илааха илла-Ллааху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа ‘алаа кулли шай-ин кадиир.

Абдуллах ибн ‘Амрдан Аллахтын Элчисинин мындай дегени кабарланат: “Эң жакшы дуа – бул Арапа күнкү дуа. Мен жана (мага чейинки) пайгамбарлар Арапа күнү айткан эң жакшы дуа бул: «Жалгыз, шериги жок Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир кудай жок! Бүткүл бийлик жана мактоо Ага таандык, жана Ал бүткүл болумуш үстүнөн кудуреттүү!»”.

Бул кадыры көтөрүлгөн күндөрдө төмөндөгү амалдарды аткарса болот. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин Фейсбук баракчасында жазган маалыматы менен бөлүшөбүз:

АРАФА КҮНҮНҮН ЭРЕЖЕСИ

1. Арафа түнү бүгүн күн батканда башталат, эрте жатып уктаңыз!

2. Эртең менен саарлык кылуу үчүн эртерээк ойгонуңуз, саарлык убактысы Бишкек убактысы боюнча саат 03:53. Көрсөтүлгөн убакытка чейин ооз бекитиңиз.

3. Жок дегенде 4 рекет тахажжуд намазын окуңуз! Башыңызды саждага коюп дүйнө жана акырет жакшылыктарын сураңыз! Ушундай күндөргө жеткиргенине Аллахка алкыш-мактоолор айтыңыз!

4. Багымдат намазынын убагы киргенге чейин «Таң жүргөндө Аллахтан кечирим суроочу пенделерин Аллах көрүп турат» (Али Имран, 17-аят) аятындагы пенделерден болуу үчүн истигфар менен алек болуңуз!

5. Багымдат намазынын азанынан беш мүнөт мурда сиз намазга даяр болуңуз! Элестетип көрүңүз, дааратыңыздын акыркы тамчылары менен даарат алгандагы дене мүчөлөрүңүздүн баарынан күнөөлөрүңүз агып чыгып кетип жатат.

6. Даарат алып бүткөндөн соң окулчу дубаны окуңуз!

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лах, ва ашхаду анна Мухаммаддан ъабдуху ва росуулух. Аллохуммажъалнии минат тавваабийна важъалнии минал мутатоххирийн. Субхаанакаллохумма ва бихамдика, ашхаду аллаа илааха иллаа анта, астагфирука ва атуубу илайка” Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) Имам Муслим жана Имам Термизий риваяты.

7. Багымдат намазын окуп, салам бергенден соң артынан дароо үч жолу такбири ташрикти айтыңыз!

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллоху валлоху акбар Аллоху акбар, валиллахил хамд. (Арапа күнүнүн (30-июль) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркысы (3-август) күнүнүн аср намазына чейин (жалпы 23 убак намаздын артынан) айтылат.)

8. Андан кийин жайнамазда күн чыкканга чейин Куран, таңкы зикирлер менен алек болуңуз! Күн чыгып (Бишкек шаары боюнча 30-июлда күн чыгуу убактысы 05:51) он беш мүнөт өткөндөн соң...

9. Бир ажылык жана бир умранын сообу жазылуусу үчүн “Ишрак” намазын окуңуз!

10. Сиздин эми тандоо укгуңуз бар. Эгер уктабастан бул күндү өткөрө алсаңыз, уктабаңыз! Ар бир көз ирмемди канимет билип зикир, дубалар кылыңыз! Ошондой эле кылган дубаңыздын кабыл болуусуна ишениңиз!

11. Же болбосо Аллахка ибадат кылуу үчүн күч топтоп алуу ниетинде бир сааттай уктап алыңыз!

12. Андан соң ойгонуп даарат алыңыз! Эң аз дегенде 4 рекет Зуха намазын окуңуз. Айрыкча такбир айтууну, зикир, тилават кылууну унутпаңыз! Ошондой эле төмөнкү зикирди көп айтыңыз:

«Ла илааха иллаллоху Вахдаху лаа шарийка лах, Лахул мулку ва лахул хамду ва Хува ъалаа кулли шайъин Кодийр »

13. Бешим намазын окуңуз! Такбир айтыңыз! Курандан бир аз тилават кылыңыз!

14. Бүгүнкү дуба кабыл боло турган күндө көзү өтүп кеткен жакындарыңыз жана жалпы көзү өтүп кеткен момун-мусулмандарга да Куран окуп дуба кылып коюңуз!

15. Аср намазын окуңуз! Такбир айтып кечки зикирлер жана дуба кылуу менен алек болуңуз!

16. Шам намазына бир саат калганда Куран окууну баштаңыз! Чын ыклас менен дубаларды кылыңыз!

17. «Эй, Роббим! Ушул күндүн күнү батып жатат, мени тозоктон азат болуп, бейиштик деп жазылган пенделериңдин катарына кошкун» деп дуба кылыңыз!

18. Аллах сизди салих амалдарга ылайыктуу кылсын! Дубаларыңыздын кабыл болуусуна биз да тилектешпиз!

19. Шамга азан айтылды. (Бишкек убактысы боюнча 30-июль ооз ачуу жана шам намазынын убактысы 20:29) ооз ачууну баштаңыз!

Ага чейин көп дуба кылыңыз! Эсиңизде болсун, орозо кармаган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот!

20. Бул эрежени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана бейиште бирге болууну каалаган досторуңузга жеткириңиз!

Эскертүү: ооз ачып бекитүүдө ар бир аймак календарь боюнча өзүнүн убагына карасын!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53
Жаӊылыктар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов