Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жамгырдын күчү жана керемети. Жамгыр дубасын жазып алыңыз

Автору: Марат кызы Ширин / Жарыяланды: 3 сентябрь 2020

Күз мезгилине жамгырлуу аба-ырайы мүнөздүү. Келиңиздер, жамгырга жөнөкөй табигый кубулуш катары эмес, ага терең маани берүү менен ой жүгүртүп көрөлү. Бекеринен, хадистерде жамгыр жааган учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору деп айтылбаган чыгар.

%article_title%

Көпчүлүк учурда адамдар жамгырды жөнөкөй эле табигый кубулуш катары көрүшөт. Айрымдары бир нече күн катары менен жааган жаанга кабак-кашын бүркөп, ага нараазы болушса, айрымдары жамгырга анча деле маани бере бербейт. Ал эми жаанды бир канча жылда бир эле жолу көргөндөр (кургак аймакта жашагандар) аны Улуу Жаратуучунун Ырайымы жана Мээрими катары баалашып, шүгүр кылышат.

Жамгырдан алынган сабак

Жамгыр Алла Тааланын кереметтеринин бири. Бул керемет аркылуу Ал өзү жараткан баардык жандууларды кубанычка бөлөйт. Алсак, топурак жамгыр аркылуу жанданат, өсүмдүктөр сугарылат, айлана болсо тазаланып жашылданат. Ал эми адам баласына Аллах жамгыр аркылуу ырыскы тартуулайт. Бул боюнча Куранда:

“Аллах шамалдарды жиберет да, булуттарды жылдырып, аны Өз каалоосу боюнча асманга жаят. Булуттарды кыймылга келтирип турат. Ошондо алардын ортолорунан жамгырдын чыкканын көрөсүң. Ал жамгырды пенделеринин каалаганына жеткирет. Ошол убакта алар кубанычка ээ болот”,
- деп айтылат (“Рум” сүрөсү, 48-аят).

Жамгыр болбосо жер жүзүн кургакчылык каптап, баардык жандуулар зыянга учурап калмак. Себеби жаныбарлардын азыгы болгон өсүмдүктөр, адам баласы оокат кылган жашылча-жемиштер, биздин ден соолугубузга пайдалуу болгон чөптөрдүн баардыгы асмандан келген жаан аркылуу нымдуулугун сакташат.

Куранда:

“Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн бардык нерсени чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктү, тизмектенген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана (жалбырактары) окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүмарларды, зейтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карачы?! Акыйкатта, мунун баарында ыймандуулар үчүн белгилер бар”

(“Анам” сүрөсү, 99-аят).

Жамгыр жогорудан ылдыйды көздөй жазылган жазууга окшош. Анын жаай турганын тамдын чатырларына, терезелерге тийгендеги үнүнөн билебиз. Жаандын жаашынын өзү анын бизге “жогору жактан” келгенин айгинелейт. Ошол эле учурда анын ар бир тамчысы соолуган өсүмдүктөргө, өлүк, жарамсыз болуп калган топуракка кайрадан жан берип, акыретте кайрадан тириле турганына ишенбегендерге эскертүү бергендей:

“Аллах асмандан өлчөмдүү жамгыр жаадырат. Аны менен өлүк жерди кулпурттук. Ошол сыяктуу (силер да) тирилтилип чыгарыласыңар”

(“Зухруф” сүрөсү, 11-аят).

Жамгыр Алла Тааланын Ыйык китебинде бир нече жолу эскерилет. Бул аркылуу жамгырдын Курандын символу экенин түшүнсөк болот. Башкача айтканда, жамгыр жерди кантип жумшартса, Куран дагы пенденин жүрөгүн жумшартат. Албетте, Куран менен жамгырдын биз билбеген башка дагы байланышы, башка мааниси болушу мүмкүн. Чындыгында, Аллах баарын Билүүчү!

Жамгыр жана Дуба

Жамгырдын сыйкырдуу күчү жөнүндө Аравиянын жашоочуларындай эч ким биле бербесе керек. Себеби Араб жарым аралы - жер бетиндеги эң кургак жерлердин бири. Бул аймакка жаан бир нече жылда бир жолу жаашы мүмкүн. Ошондуктан, араб эли суунун баркын дайыма билишчү жана жамгырды Аллахтын Мээрими катары баалап, кубанышчу.

Хадисте жамгыр жааган учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору деп айтылат.

“Аллах дубаны сөзсүз кабыл кылган эки учур бар. Биринчиси, азан айтылганда, экинчиси жамгыр жааган учурда” (Жамиуль-ахадис).

Албетте, дубаны жамгырга айтпайбыз, дубалар Аллахка гана айтылат. Ал эми жаан жааган учурда анын айтылышы, ошол учурда жер бетинде периштелердин көп болушу менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу аалымдар жамгырдын ар бир тамчысын бирден периште жерге алып келет жана пенденин кылган дубасын кайра асманга көтүлгөндө Аллахка ала кетишерин айтышат.

Хадисте айтылгандай, пайгамбарыбыз (САВ) кээде жамгыр жааганда анын тамчысы алып келген жакшылыкка ээ болуу үчүн сыртка чыгып, кийимин (төшүн) аччу. Андан эмнеге мындай кылганын сураганда, пайгамбарыбыз (САВ): “Чындыгында, бул жамгыр менин Эгемден жаңы эле келди”,- деп жооп берген (Сахих Муслим).

Жамгырдын жаашы жакшылык, ошол эле учурда апаат дагы болушу мүмкүн. Алсак, кээде кургакчылыкта жаап, адамдарга жакшылык алып келсе, айрым учурларда сел каптап, мөндүр жаап, чагылган чартылдап, ар кандай апаат-кырсыкты алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Куранда:

“Карабайсыңбы, чындыгында, Аллах булуттарды айдайт да, анан алардын ортолорун бириктирип, аларды кабат- кабат кылат. Ошондо булуттун араларынан жамгыр төгүлгөнүң көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар булутту тоолордон түшүрөт да, ал аркылуу каалаган пендесине апаат алып келип, каалаганынан буруп кетет. Көрбөйсүңбү, чагылгандын жаркылдагы көздөрдү алып кете жаздаганын”
(“Нур” сүрөсү, 43-аят).

Ошондуктан, пайгамбарыбыз (САВ) жамгыр катуу жаай баштаганда кабатырланып, ал алып келчү жакшылык же жамандык үчүн Аллахка жалбарып, дуба кылган.

“Аллахумма инни ас-алюка хайраха ва хайра ма фиха ва хайра ма урсилят бихи ва аузубика мин шарриха ва шарри ма фиха ва шарри ма урсилят бихи”.

Мааниси: “О, Аллахым, мен сенден бул жамгырдан жакшылык сурайм, жамгырдан жана анын алып келчү жакшылыгын сурайм. Мен анын жамандыгынан жана ал алып келчү жамандыктан сага гана баш калкалайм”.

Ошондой эле, Алланын Элчиси (САВ) жамгыр учурунда төмөнкү дубаларды окуган:

“Аллахумма сойибан нафиъан”.

Мааниси: “Оо Аллах! Жамгырды бизге жакшылык жана пайдалуу кыла көр”.

Эгерде чагылган катуу чартылдаса анда пайгамбарыбыз (САВ):

“Аллоохумма ля тактульна би хадабик ва ля тухликна би адабик ва афина кабля залик”.

Мааниси: “Оо Аллах! Бизди өзүңдүн жазаң менен жок кыла көрбө. Бизди өзүңдүн жазаңдан куткара көр” (Сунан Тирмизи, Муснад Ахмад).



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 октябрь 2020г.
Багымдат
5:47
Күндүн чыгуу
7:21
Бешим
12:46
Аср
16:28
Шам
18:15
Куптан
19:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов