Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сапарга чыккан адамдын намазы кандай окулат?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 3 сентябрь 2020

Үйүңүздөн алыс чыккан учурда, башка шаар, же өлкөгө келсеңиз, намаздарды кантип окуйм деген суроо жаралса керек. Динибизде сапардагы адамдын намазы демейдегиден башкачараак, тактап айтсак, жеңилдетилген түрдө окулат.

null

Бул маселе тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү Бактияр Токтогазы уулу “Умма” журналына кененирээк түшүндүрмө берди.

“Жакында эле Аалымдар кеңеши сапар намазы жана анын аралыгы тууралуу фатва (диний чечим) чыгарды. Пайгамбарыбыздын (САВ) учурунда аралык километр бирдиги менен өлчөнгөн эмес. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (САВ) канча жерди басып өткөн соң намаздарын кыскартып окуган деген маселеде аалымдардын түрдүү ойлору бар. Ишенимдүү далилдердин негизинде, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү колдоп берген чечим кабыл алдык”,
- деди Бактияр ажы.

Сапардагы адам бул – ким?

Ханафи мазхабы боюнча, адам өз үйүнөн 15 күндөн аз калуу максатында 120 кмден узак жолго чыккан болсо , ал сапардагы адам болуп эсептелет. Демек, ушул таптан тарта ал намаздарын кыскартып окуп баштайт.

Ал эми 15 күндөн көбүрөөк бир жерде тура турган болсо, ал сапардагы адам болуп эсептелбей калат. Эгер ал бир шаарга токтобой, эки жакка орун которсо жолоочу болуп кала берет да, намаздарын кыскартып окуйт.

Намаздар кантип кыскартылат?

Сапардагы адам намаздарын төмөндөгүдөй тартипте кыскартат:

1- 4 рекет фарз намаздар 2 рекетке кыскартылат;

2- Сүннөт намаздар толук окулат;

3- Шам намазынын 3 рекет фарзы жана витр важиб намазы кыскартылбастан толук окулат.

Сапар намазын кыскартып окуу – парз, ага баш ийбөө- күнөө

Курандан далил. Алла Таала Курани Каримде:

"Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт…"
— деп буюрган (Ниса сүрөсү, 101-аят).

Алла Таала бул аят менен сапарда намазды кыскартып, төрт рекеттүү намаздарды эки ирекет кылып окууну шариятка өкүм катары киргизген.

Сүннөттөн далил:

Яьла бин Умаядан (разияллоху анху) риваят: “Умар ибн Хаттабдан (разияллоху анху) «Силер жолдо болгон учуруңарда эгер каапырлардын жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор, анда намазды кыскартып окуп койсоңор, күнөө болбойт…» — деген аят жөнүндө сурадым. Адамдар эми (каапырлардын жамандыгынан) аманчылыкта (болсо деле эмнеге кыскартып окуп жүрөбүз)?” Ал айтты: “Мен да сага окшоп таң калып Пайгамбарыбыздан (саллаллааху алайхи ва саллам) сураганымда минтип айтты: «Бул Алланын силерге берген садагасы. Анын садагасын кабыл кылгыла». (Имам Муслимдин риваяты).

Андыктан, ханафий мазхабында Алла Тааланын пенделерге берген садагасын кайтарбай кабыл кылуу максатында сапарда төрт рекеттүү намаздарды кыскартып эки ирекет кылып окуу фарз болуп саналат. Жолоочу адам билип туруп кыскартып окулушу керек болгон намазды төрт рекет кылып толук окуса күнөөкөр болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 октябрь 2020г.
Багымдат
5:47
Күндүн чыгуу
7:21
Бешим
12:46
Аср
16:28
Шам
18:15
Куптан
19:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов