Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазан жөнүндөгү уламыштар

Автору: Кадыр Маликов / Жарыяланды: 14 сентябрь 2015

Биринчи: Орозо кармап жаткан мезгилде, жуунганга, бассейнге түшкөнгө болбойт, анткени кулакка жана мурунга суу кирип кетсе, орозо бузулат.

Орозо кармап жаткан мезгилде, душка түшүүгө, оозду чайкоого, тамактын даамын татып көрүүгө, мисвакты колдонууга, көлгө, дарыяга же мончого киринүүгө тыюу салынбайт. Бирок, мында эң маанилүү эрежени сактоо зарыл: тамакты же сууну жутпоо. Эгерде кулакка суу кирип кетсе, коркунучтуу эмес, анткени ал кулак аркылуу ашказанга өтпөйт.

Эрежеге ылайык, эгерде адам күндүзгү убакта жыныстык катнаш кылса, тамак же суу анын организмине киришине билип туруп жол берсе, кармаган орозосу бузулат. Душ кабыл алууга уруксат берилет. Бирок суунун оозго киргизбеш керек. Эгер аны жутуп алса, дароо орозо бузулат.

Орозо кармаган учурда, бат-баттан душ кабыл алуу же көлгө түшүү орозону бузбайт. Сууга жуунуп жатып, байкоосуздуктан суу жутуп алуу, эсепке алынбайт. Бизге белгилүү болгондой, орозо учурунда, пайгамбарыбыз (ага тынчтык болсун!) жана сахабалары сууга жуунушкан. Мисалы, Анас ибн Маликтин (радыяллаху анху) атайын ваннасы болгон. Күн ысыкта аны толтуруп, сууга чөмүлгөн. Ушул жана башкалар жөнүндө, имам Бухаринин хадистер жыйнагында айтылып, ал бардык маалыматтарды «Орозо кармагандардын денесин толук жуушу үчүн» бөлүмүнө топтогон. Жогоруда айтылган иш-аракеттерге тыюу салынган эмес. Ал дененин тазалыгы үчүн гана колдонулбастан, жайкы ысык күндөрдө, орозо кармагандардын абалын жеңилдеткен.

Экинчи: Орозо кармап жаткан мезгилде шилекейди жутууга болбойт.

Болот, анткени шилекей организмдин табигый суюктугу. Бирок сиз атайын орозону бузуу үчүн, суунун бир ууртамына барабар шилекейди жуткан болсоңуз, орозо бузулушу мүмкүн. Мында адамдын ниетине жараша болот.

Үчүнчү: Рамазан айында орозону 30 күн эмес, башында, ортосунда жана аягында 1 күндөн кармаса болот.

Мындай орозо эсепке алынбайт. Исламда мындай жаңыдан киргизүүлөргө тыюу салынган, анткени ал динди бурмалоо катары эсептелет. Рамазан айындагы орозо 29 же 30 күнгө созулат (анын мөөнөтүн муфтият аныктайт).

Төртүнчү: Эгерде сухур (саарлык) кылбаса, орозо эсепке алынбайт.

Эгерде орозо кармоону ниет кылган адам, сухур (саарлык) кылбаса, анын орозосуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Бирок ал савабанын (сыйлык) кээ бир бөлүктөрүнөн кур калып же Мухаммад пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) сүнөттөрүнө кирген иш-аракеттерди жасабаган болуп эсептелет.

Ошондой эле, ифтарды (ооз ачаар) да кечирээк убакытка жылдыруу сунушталбайт.

Мухаммад пайгамбар (САВ) айтты: «Менин үммөттөрүм, сухурду (саарлык) түндө жана ифтарды (ооз ачаар) убактысынан кечиктирип кылганга чейин, жетиштүүлүктө болушат.

Бешинчи: Орозо кармап жаткан мезгилде, түнкүсүн аялына жакындоого болбойт.

Уруксат берилет. Ал Куранда да көрсөтүлгөн: «Силерге орозо түндөрүндө аялдарыңарга жакындоо адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Аллах силер өзүңөргө кыянаттык кылып жатканыңарды билип, тобооңорду кабыл кылып кечирди. Эми аларга жакындай бергиле, Аллах силерге насип кылган нерсени тилегиле. Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла!...» («Бакара» сүрөөсү, 187-аят).

Алтынчы: Эгерде жыныстык жакындыктан кийин гусул (толук жууну) алынбаса, орозо кармоого болбойт же толук деп эсептелбейт. Күндүз аялын өпкөнгө тыюу салынат.

Толук жуунбаган же даарат албаган адамдын абалы орозого таасир тийгизбейт. Анткени гусулдун же даараттын болушу, намаздын шарттары. Бирок дин тутунган адам гусул алууга шашылуусу керек, ансыз намаз окуй албайт. Намаз — мусулмандын милдети (парз). Күндүзү аялын жеңил өбүүдөн орозо бузулбайт, бирок ылайыксыз иш-аракет болуп эсептелет.

Жетинчи: Орозо кармап жаткан мезгилде, намаз окубаса орозо эсепке алынбайт.

Намаз окубай, бирок жыл сайын орозо кармаган адамдар бар. Бул албетте, таң калычтуу. Бирок, бул диний билимсиздиктен же динге толук кандуу кирбегендиктен болушу мүмкүн. Орозо кармоодо исламдын бардык түркүктөрүн аткаруу зарыл. Юридикалык көз караштан алганда, мындай адамдардан орозонун милдети (фарз) гана алынып, бирок диний мерчемден (план) алганда толук эмес катары каралат. Сыйынуунун бардык түрүн аткарган адамга караганда, анын ала сыйлыгы болбошу мүмкүн. Тактап айтканда, орозо кабыл болот (юридикалык жактан), анткени орозо менен намаз — эки башка сыйынуунун жолу, бирок орозо толук деп эсептелбейт. Мисалы, эгер зекет бербеген адам намаз окуса, анын намазы кабыл болот. Бирок Аллахтын алдында зекет бербегени үчүн жооп берет.

Сегизинчи: Эмдөө, ийне саюу орозону бузат.

Эгерде сайылып жаткан дарынын курамында глюкоза, ар кандай витаминдер жок болсо, орозону бузбайт. Мерчемдүү (план) дарылоо үчүн ийне сайдырууга уруксат берилет. Мисалы, пенициллин, инсулин ж.б.

Орозону аялдын айызы («хайд»), төрөөттөн кийинки кан келүү («нифас»), кусунду (ооз толтура), ооз аркылуу дары-дармектерди кабыл алуу бузат. Бирок адамдын жогоруда саналгандары бүткөндөн кийин, орозо кармоону уланта берет. Рамазан айы бүткөндөн кийин деле, каалаган айда орозо кармабай калган күндөрүн толуктаса болот.

«... Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктагыла! Мүмкүн, силер шүгүр келтирээрсиңер» («Бакара» сүрөөсү, 185-аят).

Тогузунчу: Эгерде орозо кармоочу унутуп калып, тамак жеп, суу ичип же аялына жакындаса, анын орозосу бузулат.

Оозго кокустан же унутчаактыктан тамак-аш салып же суу ууртап алган учурда орозо бузулбайт. Орозо кармап жатканыңыз эсиңизге түшөөрү менен, тамак жана суу ичкенди дароо токтотуу керек. Пайгамбар (ага тынчтык болсун!) айтты, кимде-ким орозо кармап жатып, кокустан, унутчаактыктан же мажбурлоо аркылуу тамак-аш, суу ичип алса, ага сурак жүрбөйт. Хадисте, Мухаммад пайгамбар (САВ) айтат: «Орозо кармап жатканын унутуп калып, тамак же суу ичип алгандар, орозосун уланта беришсин, анткени Аллах аларды азыктандырып, суу берди», же: «Рамазан күндөрүнүн биринде, кимде-ким орозо кармап жатып, унутчаактыктан оозун ачып алса, ага толуктоо жана жаза (кафара) жок». Демек, адам тарабынан унутчаактыктан же кокустан аткарылган ушул иш-аракеттерден орозо бузулбайт.

Онунчу: Орозодо бир эле учурда эки ниет коюуга болбойт - Аллах үчүн орозо кармоого жана өзүң үчүн, арыктап, ден-соолукту чыңдоого ж.б.

Орозо кармап жаткан мезгилде, эки ниетти айкалыштырууга болот. Бирок негизги ниет Аллахка сыйынууга багытталышы зарыл. Ал эми ден-соолукту чыңдоо - «ниети» экинчи мерчемге (план) чыгат. Хадистердин биринде, пайгамбар (ага тынчтык болсун!) айтат: «Орозо кармагыла, ден-соолугуңар чың болот». Медицинада далилденген: ашыкча салмак — көптөгөн оорулардын себеби, ал эми ашыкча салмак менен күрөшүү орозо учурунда ыңгайлуу. Бир ай аралыгында, күндүзгүсүн ачка болуу арыктоого жана организмдеги шлактардын чыгышына өбөлгө түзөт.

Диний ырым-жырымдарды жеке максаттарды көздөп аткарууга, исламда тыюу салынат. Эгерде сиз орозону такыба адам катары таасир калтыруу же диета үчүн кармасаңыз, бул күнөө. Мисалы, Аллахтын ыраазычылы үчүн эмес, саясый упай топтоо же жеке атак даңкын жогорулатуу үчүн мечит салдыруу да тыюу салынган иш-аракет.

Он биринчи: Кадыр түндө, айызы келип жаткан аялга дуба (Аллахка кайрылууга) жана зикр (Аллахты улуктоого) кылууга болбойт.

Аялзаты каалаган тилинде дуба (Аллахка кайрылууга) жана зикр (Аллахты улуктоого) кылып, өзүнүн үйүндө отуруп алып, Жараткандан каалаганын сурай алат.

Он экинчи: Рамазан айы бүтөөрү менен, кийинки күндөн тартып, кармалбай күндөрдү толуктап, орозо кармоого болот.

Ханафиттик укуктук мектепте, Орозо айтта жана Курман айтта орозо кармоо ылайыксыз иш-аракет (махрух тахрими) катары эсептелип, башка мектептерде арам катары да саналат. Анткени, Мухаммад пайгамбар (САВ) бул эки майрамда, орозо тутууга тыюу салган.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37