Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Лотерея ойносо болобу?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 19 ноябрь 2020

Бул маанилүү темага байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев макала даярдады.

Аллах Таалага мактоо-алкыштар, Пайгамбарыбызга жана ал кишинин үй-бүлөсү, сахабаларына жана аларды ээрчиген салих инсандарга салават жана саламдар болсун!

Чындыгында, лотерея оюну - кумардын бир түрү. Анткени, инсан пайда келүүсү же келбестиги анык болбогон ар кандай алды-берди оюндарга катышуусу кумар болуп саналат.

null

Абул Бака Ханафий (рахимахуллах) мындай деген: “Уткан инсан утулгандардан бир нерсе алып ойноло турган оюндар кумар болот” [“Куллият”, 702-бет].

Демек, лотерея ойноо да кумар болуп саналат. Анткени анда уткан инсан башкалардын лотерея сатып алуу үчүн сарптаган каражатынын эсебинен утушка жетишет. Аллах Таала Куранда:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿٩٠﴾ إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَعَنِ الصَّلَاةِ ۖ فَهَلْ أَنْتُمْ مُنْتَهُونَ ﴿٩١﴾

Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутуларсыңар. Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Аллахты эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!”- деген (“Ал-Мааида” сүрөсү, 90-91-аяттар).

Аллах Таала кумар ойноону чоң күнөөлөрдүн катарында атагандыгы жана аны шайтандын амалдарынан деп сыпаттагандыгынан аалымдар кумар ойноону чоң күнөө деп айтышкан.

Ошондой эле, кумар ойноо өзгөлөрдүн мал-мүлкүн арам жол менен өздөштүрүү да болуп саналат. Аллах Таала ал жөнүндө мындай деген:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ ….﴿٢٩﴾

Эй ыйман келтиргендер! Бир-бириңдин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жеп койбогула!… (“Ан-Нисаа” сүрөсү, 29-аят).

Имам Багавий рахимахуллах ушул аяттын тафсиринде мындай деп айткан: “Аяттагы “арам жолдор менен” деген сөздөн максат өзгөлөрдүн мал-мүлкүн сүткордук, кумар, каракчылык жана уурулук сыяктуу арам жолдор менен жеп койбостук” [“Тафсири Багавий” 2/199].

Жахилиятта (исламга чейин) арабдар чогулуп алып кумар ойношчу. Анын көп тараган түрү: он киши чогулуп бир төөнү ортодо сатып алып, андан кийин чүчү кулак жолу менен оюн кылышат эле. Жети оюнчу адат боюнча белгиленген ар кандай үлүштөргө ээ болушса, калган үчөө эч нерсе ала албай калышчу.

4312 حَدَّثَنِي زُهَيْرُ بْنُ حَرْبٍ ، حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ مَهْدِيٍّ ، عَنْ سُفْيَانَ ، عَنْ عَلْقَمَةَ بْنِ مَرْثَدٍ ، عَنْ سُلَيْمَانَ بْنِ بُرَيْدَةَ ، عَنْ أَبِيهِ ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : مَنْ لَعِبَ بِالنَّرْدَشِيرِ ، فَكَأَنَّمَا صَبَغَ يَدَهُ فِي لَحْمِ خِنْزِيرٍ وَدَمِهِ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Сулайман ибн Бурайда атасынан риваят кылат:

“Албетте Пайгамбар ﷺ : “Ким нарда (кумар) ойносо, кудум өз колун чочконун этине жана канына малып, боёп алгандай болот”,- деп айтты” (Имам Муслим риваяты).

Аалымдарыбыз хадистеги нардадан мурат, ар кандай кумар оюндары, деп айтышкан.

Бурханиддин Маргиланий (рахимахуллах): “Кумар ойногон адамдын күбөлүгү кабыл кылынбайт”, - деп айткан.

Кумардан табылган малды пайдалануу сүткордук менен табылган малды жештен да арамдыгы оор. Себеби кумар ойногон адам шариятта арам кылынган эки чоң күнөөгө кол урат. Арам оюн ойнойт жана оюнда утуп алган арам малды өздөштүрөт. Андан сырткары, кумар Аллахты эстөөдөн тосот. Ошондуктан, Исламда кумар ойноонун арамдыгы сүткордуктан жогору турат жана ал Исламда сүткордуктан мурда арам кылынып, ойноого тыюу салынган.

Аллама ибн Хажар Маккий: “Кумардын арам кылынуусуна себеп, кумарпоз адам башкалардын мал-мүлкүн батыл (арам) жол менен өздөштүрөт. Шариятта болсо башкалардын мал-мүлкүн батыл жол менен жеш арам кылынган”— деген.

Азыркы күндө да кумар оюнунун түрлөрү көбөйүп кетти. Алардан бири- лотерея, анын деле түрү көп. Эң эле жөнөкөйү - тиражда коюлган мал үчүн номерлүү лотерея билеттерин сатып алуу. Баары акча салат, бирок утуш айрымдарга гана чыгат. Мында бирөөнүн акысы башкага арам жол менен өтүп кетет.

Дагы бири, ичинде белгисиз нерсе болгон бир буюм сатып алынат же нерселер сатып алынганда сан кошуп берилет муну менен кийинчерээк утуштар аныкталат ж.б. Булардын баары, бирөөнүн акысы башка бирөөгө арам жол менен өтүп кеткендиктен, кандай ат менен аталбасын, ал “Кайрымдуулук лотереяларыбы”, же башкасыбы, шарият боюнча баары бир арам.

Ошондой эле, кумар оюндарынын бардык түрү кумарга кирет. Азыркы күндө айрым жерлерде атайын кумарканалар (казинолор) да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ал жайларда мына ушул чоң күнөөнү жасоо үчүн “жашыл столдор” орнотулган.

Ат жарыш жана ушуга окшогон мелдештердеги акча коюу да кумарга кирет. Ошондой эле, кээ бир оюнканалар жана көңүл ачуу очокторундагы кумарга багыттоочу оюндар да мына ушул кумар оюндарыны түрлөрүнө кирет.

Эки тараптан байге коюлуучу мелдештер да арам деп эсептелинет.

Валлоху Аълам. Аллах Таала баарыбызды адал ырыскыга умтулуучулардан кылсын!



Башка макалалар
Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов