Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын ﷺ түнкү саякатынан алынчу сабактар

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 март 2021

Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган.

null

Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:

“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”

620-жыл биздин сүйүктүү пайгамбарыбызга ﷺ абдан оор жылдардан болгон. Бул жылы ал сүйүктүү жубайы Хадижа жана аны дайыма колдоп келген абасы Абу Талибден айрылып калган. Мындай оор учурда Аллах Таала Өз пендесин колдоп, аны “Аль-Акса” мечитине, андан соң асманга көтөрүп кеткен.

Кыргызстан муфтиятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов ар бир мусулманга бул окуяны тереңден түшүнүү зарылчылыгы бар экенин айтты. Биринчиден, дал ушул түнкү саякатта пайгамбарыбыз ﷺ адамдын жашоосу үчүн эң маанилүү жана чоң өкүм намазды алып келген.

Экинчиден, бул - пайгамбарыбызга ﷺ гана таандык болгон жападан жалгыз окуя.

Аль-Исра валь-Мираждан (түнкү саякат) алына турчу сабактар:

- Намаздын баалуулугу: диндеги өкүмдөр пайгамбарыбызга ﷺ Жебрейил периште аркылуу келген. Ал эми намазды Аллах Таала пайгамбарыбызды ﷺ асманга көтөрүп, Өзү тартуулаган.

- Аллах Таалага баш ийбөөнүн коркунучу: түнкү саякат учурунда пайгамбарыбызга ﷺ Жараткандын буйруктарын бузган күнөөкөрлөргө даярдалган тозок жана жазалоонун түрлөрү көрсөтүлгөн. Алардын арасында оор жазалоону дин илимин башкаларга үйрөтүп, бирок өзүлөрү амал кылбаган аалымдар; ушакчылар жана жалаа жапкычтар; сүткорлуктан пайда тапкандар жана тамактангандар, ойноштук кылгандар; элдерди алдагандар, зекет бербегендер жана намазга бейкапар мамиле жасагандар алышат.

- Бул саякаттын маанилеринин бири ошол кезде оор сыноолорду баштан өткөрүп жаткан пайгамбарыбыздын ﷺ жана анын сахабаларынын көңүлүн көтөрүү, кайрат берүү болгон.

- Аль-Исра валь-Мираж саякатында Аль-Акса мечити жана анын айланасынын тарыхый мааниси көрсөтүлгөн. Анткени дал ушул мечит орун алган жер бардык пайгамбарлардын чогулуп жана намаз окуй турган жери катары тандалып алынган.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
25 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
12:53
Аср
17:06
Шам
18:58
Куптан
20:29
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов