Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кош бойлуу жана бала эмизген айымдардын орозосу кантип кармалат?

Автору: Марат кызы Ширин, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 9 апрель 2021

Рамазан айына 4 гана күн калды. Орозону чыдамсыздык менен күткөн миллиондогон мусулмандар бул ыйык айга даярдык көрүп башташты. “Орозону кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдар кантип кармашы керек?”- деген суроо абдан көп кездешет. Биз ага жооп таап көрүүгө аракеттендик.

%article_title%

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов Ислам дини оорлотууда эмес, тескерисинче жеңилдетүүдө курулганын баса белгиледи.

“Шариатыбызда 2 учур баса белгиленип, бул убакытта орозону кармабай, токтото туруу айтылат: 1- Сапардагы адам; 2- Ден соолугунан кыйналып, ооруп жаткан адам. Дал ушул 2 категорияга кирген адамдар орозону карыз кылып, кийинчерээк кармап беришет. Ал эми кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдар тууралуу айтсак, бул учурларда эненин ден соолугу менен биргеликте баланын дагы өмүрү эске алынат. Боюнда бар аялга орозо анын ден соолугуна жана ичтеги баланын саламаттыгына зыяны болбосо, анда ал орозосун кармай берет. Бирок алдын ала дарыгер менен кеңешип, ага кабарлап койгон жакшыраак болот. Бала эмизип жаткан аял да так ушундай кылышы керек. Өзүнүн жана баласынын ден соолугу жабыркап турганына карабай орозо кармайм десе, бул, тескерисинче, күнөө амалдардын катарына кирип калат. Ошондуктан, сөзсүз доктур менен кеңешүү зарыл".

Кош бойлуу айымдар орозо кармашы керекпи?

Биз акушер- гинеколог Элнура Таштемировага байланышып, медицина кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын орозо кармоосуна кандай карарын билгенге аракеттендик.

Элнура айым кош бойлуулуктун өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди:

“Биринчи триместр (1-12 жума) ымыркайдын өнүгүшү үчүн эң маанилүү мезгил. Бул убакыт ичинде анын ички системаларынын жана денесинин түзүлүшү калыптана баштайт. Кош бойлуу айымдарга витаминге бай тамак-аштар сунушталат. Бул учурда көпчүлүк айымдар токсикозго да кабылат. Биринчи триместрда орозо кармоо кош бойлуу аялдар үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Мындай учурда орозо кармабай эле койгон оң болот. Эгер аял өзүн абдан жакшы сезип, доктурдан уруксат алса орозосун кармай берет.

Кош бойлуулуктун экинчи триместри (13-27 жума) - токсикоз өткөн эң жагымдуу мезгил. Түйүлдүктүн активдүү өнүгүшү үчүн кош бойлуу энеден бардык витаминдер жана минералдар камтылган азыктар менен керектүү өлчөмдө тамактануусу талап кылынат. Бул учурда орозо кармоо - көпчүлүк кош бойлуу айымдар үчүн жеңил болот. Аял өзүн жакшы сезсе орозо кармай берет.

Үчүнчү триместрде(28-40 жума) бала дээрлик калыптанып калат. Кош бойлуулуктун акыркы жумаларында жарык дүйнөгө келчү ымыркай салмак кошууну улантуусу керек. Эне да көз жарганга даярданып, оюнун баары ошол тууралуу болот. Андыктан, кош бойлуу айымга бул мезгилде орозо кармоо татаалдашат”.

Акушер – гинеколог Элнура айым кош бойлуулук учурунда орозону татаалдаштырбоо үчүн эненин шарты эң жакшы деңгээлде болушу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

“Орозо кармоону ниет кылган айым медициналык текшерүүлөрдөн өтүп (кан тапшыруу, УЗИ ж.б.), аз кандуулук жок болуп, баланын өсүп- жетилүүсү жакшы болгон учурунда гана орозо кармаганы жакшы. Кош бойлуулук учурунда кан басымынын төмөн болушу, баш айлануу ж.б. белгилер орозо учурунда эки эсе байкалышы мүмкүн. Ошол себептен орозо кармаган кош бойлуу аял үйүндө жалгыз калбашы керек. Орозо кармоо тууралуу өз алдынча чечим кабыл алуудан мурун кош бойлуу эне дарыгер менен кеңешүүсү зарыл. Эгер кош бойлуу аял орозо кармоо учурунда кандайдыр бир оорунун белгилерин байкаса, анда дарыгерге сөзсүз кайрылышы абзел”,
- деди ал.

Кош бойлуу учурунда орозо кармагандар үчүн кеңештер

Төмөнкү кеңештер орозо кармоо учурунда кош бойлуу эненин жана курсактагы баланын коопсуздугунун алдын алат:

1. Эртең мененки тамакты өткөрүп жибербөө (Сухур);

2. Ооз бекитүүдө салмактуу аш болумдуу тамак жеш керек. Мисалы,татаал углеводдор жана курамында клетчатка бар азыктар сунушталат;

3. Көбүрөөк суу ичүү (болжол менен 1.5-2 литрдей). Курамында кофеин бар суусундуктардан баш тартуу. Мисалы, кофе, чай, кола ж.б. Себеби кофеин организмдеги сууну көп сарпташы мүмкүн;

4. Организмдеги туз менен шекердин тең салмактуулугун сактоо үчүн азыктарды ченеми менен жеп туруу;

5. Кандагы кантты тез көтөрүүчү көптөгөн таттуу тамактардан алыс болуу. Анткени кандагы кант тез түшүп, баш айланууга алып келиши мүмкүн;

6. Төө буурчактан, жаңгактан, жакшы бышырылган эттен жана жумурткадан жетиштүү протеин (белок) алып туруу, бул баланын салмак кошуусуна жардам берет;

7. Эс алып, оор жумуштан алыс болууга аракет кылуу, мүмкүн болушунча үйдө болуу;

8. Ооз ачуу учурунда алгач жай тамак жеп көрүү. Себеби ичеги-карындар күндүз эс алат. Ошондой эле, көп тоюп албоо кажет. Анын ордуна денени күнүмдүк дозада пайдалуу заттар менен камсыз кылуу үчүн тез-тез ден-соолукка пайдалуу тамактарды жеп туруу;

9. Ооз ачып жатканда жана ооз бекиткенде курмага (финик) көбүрөөк көңүл буруу. Себеби курма жана бир стакан сүт адамдын азык-түлүккө болгон минималдуу муктаждыгын камсыздай алат.

Бала эмизген аялдын орозосу кандай кармалат?

1. Төрөттөн кийинки мезгилдеги аял өзүнүн ден соолугуна жана эмизип жаткан баласына терс таасирин тийгизбесе орозо кармоого болот.Эгер кан аздуулук жок, иммунитети жакшы болсо, орозо кармоого мүмкүнчүлүгү болот. Себеби ымыркай баштапкы мезгилде көп сүттү талап кылбайт жана эне баланы тойгуза алат. Күнүмдүк тамак-аш, суу жана витаминдерди ооз ачкандан кийин да толуктоого мүмкүн.

2. Баласы кичине (6ай), кошумча тамак ичпеген, эмчек сүтү менен эле тойгузган аял орозосун кармабай, кийинчерээк кармап бергени жакшы. Себеби эненин организми көп витаминдерди жана сууну талап кылат. Сүтү азайып, баланы тойгуза албай калышы мүмкүн. Эненин организминде иммуниттети түшүп, кан аздуулука алып келиши толук ыктымал.

3. Эгер бала эне сүтүнөн тышкары кошумча тамак-ашка аралашкан убак болсо, аял өзүнүн ден соолугунан коркпосо, анда орозо кармап берүсү мүмкүн.

Кош бойлуу болуп жана бала эмизип орозо кармабай калган энелердин карыз орозолору кантип толукталат?

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешовдун айтымында, аялзаты өзүн жакшы сезип, орозо кармоого мүмкүнчүлүгү пайда болуп калган убакта улам кийинкиге жылдыра бербей, орозолорунун карызын толуктап койгону жакшы экенин баса белгиледи.

“Аялзаты төрөттөн, бала эмизүүдөн толук өзүнө келип, орозо кармоого кудурети жетип калганда акырындан карыз орозолорун кармай берет. Сөзсүз үзгүлтүксүз 30 күн бою кармашы керек эмес. Өзү каалаган учурда кармап, 30 күн кылып толуктап коет. Мисалы, бир жумада 2 же 3 күн кылып кармай берет”, - деди ал.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
12:53
Аср
17:06
Шам
18:58
Куптан
20:29