Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазан айындагы сообу чоң өзгөчө убактарды өткөрүп жибербеңиз

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 апрель 2021

Ыйык Рамазан айындагы бул 3 өзгөчө убакытты өткөрүп жибербөөгө аракет кылуу зарыл. Ал кайсы убактар экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов чечмелеп берди.

%article_title%

Биринчи убакыт: Ооз ачардын алдындагы мүнөттөр

Дасторконду эртерээк даярдап, ооз ачарга чейин жакшылап дуа кылыңыз. Анткени “Орозо кармаган адамдын ооз ачып жаткандагы дуасы кайтарылбайт”,- деген хадис бар. Дуасы кайтарылбайт деген сөз ал адамдын Аллахтан сураган нерсеси кабыл болуп, сөзсүз ордун табат дегенди билдирет. Бул учурда өзүңүз үчүн, жакындарыңыз, жакшы көргөн адамдарыңыз үчүн, бардык үммөт үчүн жакшы дуаларды кылыңыз.

Экинчи убакыт: Түндүн акыркы бөлүгү

Бул учурду истигфарга жана дуага арнаңыз. Бул мезгилде Аллах Таала дүйнө асманына түшүп, “Мага кайрылып дуа кылгандар барбы? Мен аларга жооп берейин. Менин кечиримимди каалагандар барбы? Мен аларды кечирейин”,- деп сурайт экен.

Үчүнчү убакыт: Эртең мененки намаздан күн чыккага чейинки убакыт

Бул учурда көп зикр кылып (Аллахты эстеп), Куран окуган жакшы.

Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ минтип айткан: “Кимде ким багымдат намазын жамаат менен окуп, андан соң отуруп күн чыкканга чейин Аллахты эскерип, анан кошумча эки рекет намаз окуса, ажылыктын жана умранын сообундай сооп алат”.

Аялдарга жамаатта намаз окуу сөзсүз болбогондуктан, бул иш-аракеттерди ал үйүндө аткарып, ушундай эле соопторду ала берет. Кошумча намаз күн чыккандан кийин окулат, ага чейин Куран окуп, зикр кылуу керек.

Мындан тышкары, чоң жамааттын ичиндеги дуалар, жамгыр жаап жаткандагы баталар да берекелүү болот. Келиңиздер, Ыйык Рамазан айынын ар бир мүнөтүн ибадатта өткөргөнгө аракеттенели. Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн, дүйнө жүзүндөгү мусулман бир туугандарыбызга арнап эң бир жакшы дуаларды кылалы.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
12:53
Аср
17:06
Шам
18:58
Куптан
20:29