Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр түндүн жашырылыш себеби эмнеде?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 23 апрель 2021

Кадыр түн даана кайсы түндө катылганы бир гана Аллахка маалым. Мусулмандардын арасында Кадыр түндү Рамазан айынын 27-түнүндѳ күтүшѳт. Анткени ислам аалымдары, Рамазан айынын 27-күнүнѳ басым жасашып, ыктымалдуу күн катары эсептешкен. Бул жагынан алганда, Пайгамбарыбыздын ﷺ ар түрдүү хадистери бар. Мисалы “Кудуреттүү түндү, Рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн жупсуз күндѳрүнѳн издегиле” же “Кудуреттүү түн – бул жыйырма жетинчи күндүн түнү”.

%article_title%

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, анда жалкоолуктан улам адамдардын көбү калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.

2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсы бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.

3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Кадыр кечеси тууралуу Пайгамбарыбыздан ﷺ минтип сураган: «Кадыр кечеси пайгамбардын заманасына эле таандыкпы, же андан кийин да уланабы?” Пайгамбарыбыз ﷺ: «Кыяматка чейин болот», деген. Ал эми Кадыр түндүн так датасы тууралуу суралганда: «Эгерде Аллага бул максат болгондо Өзү эле айтып койбойт беле. Акыркы жети күндөн издегиле”,- деди да, “Башка сураба!»- деп айткан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдагы болжолдуу Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленери муфтияттын расмий сайтына жайгаштырылды.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43