Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазанда ооз ачтырган адамга берилчү 4 сооп

Автору: Марат кызы Ширин / Жарыяланды: 26 апрель 2021

Рамазан- ибадат кылууга жана жакшы иштерди жасоо үчүн эң жакшы ай болуп саналат. Себеби бул айда кылынган жакшы амалдардын сообу көбөйөт, бейиштин эшиктери ачылып, тозоктуку жабылат. Ошондой эле, күнөөкөр жана жаман иштерди жасагандардын тобосу кабыл болуп, Аллах пенделердин дубасын кабыл кылат. Ал эми орозо кармоочуларды ооз ачтырган адам кандай соопко ээ болот? Биз мындай адамдарга жазылчу төмөнкү 4 соопту тизмектейбиз.

%article_title%

1.Орозо кармаган адам менен даражасы бирдей болот

Зайда бин Халид аль-Джунхи (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын ﷺ минтип айтканын кабарлайт: “Бир адам орозо кармаган бирөөнү сыйлап ооз ачтырса, орозо кармаган адамдын сообуна тете соопко ээ болот. Орозо кармаган адамдын сообунан да эч нерсе кемибейт”(ат-Тирмизи, ан- Насаи ж.б).

2. Рамазан айы боюнча периштелер ага рахматын айтышат

Салман (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадиске таянсак, Пайгамбарыбыздын ﷺ бул тууралуу: “Ким орозо кармаган адамды тамак-аш менен камсыз кылса, ал адамга периштелер Рамазан айы боюнча рахматын айтышат, ал эми Жабраил (а.с.) Кадыр түнүндө ага батасын берет”,- деп айткан (имам ат-Табани).

3. Күнөөлөрү кечирилет.

Аллахтын Элчиси ﷺ: “Бул айда ким бир адамды тойгузса, анын күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан кутулат. Ошондой эле Аллах ага менин “Хавз” булагымдан ичирет жана ал эч качан чаңкабайт”- деди. Ошондо кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын Элчиси, орозо тутуучунун курсагын тойгузуу баардыгыбыздын эле колубуздан келбейт”- дешти. Пайгамбарыбыз болсо: “Ким бир уурттам суу же сүт, же бир курма менен ооз ачырса, Аллах ага тойгузгандын сообун берет” –деп жооп берди (Ибн Хузайма).

4. Пайгамбарыбыздын ﷺ батасын алат.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадиске таянсак, Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалардан Саад бин Убааданын жанына келгенинде, азирети Саад бир кесим нан менен зайтунду анын алдына коёт. Пайгамбарыбыз ﷺ андан ооз тийип жеген соң: “Дасторконуңардан ар дайым орозо кармагандар ооз ачсын, тамагыңарды жакшы адамдар гана жесин, периштелер силерди алкасын”- деп батасын берген (имам Абу Дауд).

Кудурети күчтүү Аллах башкаларга жардам берүү үчүн сизге насип кылган ырыскыларына шүгүр келтириңиз. Бул жоомарт убакытты туура пайдаланып, жакшы амалдар менен ибадаттарды аткарууга жетишип калыңыз.

Эскерте кетсек, учурда Бишкекте “Умма” журналы демилгелеп, “Кайнар Групп” ресторандар тармагы башкы демөөрчүлүк кылган “Рамазанда тамак-аш менен бөлүш” аттуу акция жүрүп жатат. Жардамга муткаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары таратылып, өтө оор шартта жашап жаткан тургундардын жашоо-турмушу чагылдырылууда. Стористерди калтырбай көрүңүз. Сиз да бул акцияга кошула аласыз. 1 азык-түлүк баштыгы – 1200 сом болот. Акчалай жардамды ЭлСомго 0500 034 007 которуңуз;

Төмөндөгү банк реквизиттерине да которсоңуз болот:

1. Оптима банк:

Карта номери: 4169-5853-4045-0930

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

2. Демир Банк:

Доллардык эсептин төлөмү: 1180000059135147 (591351)

1180000059135349 (591353)

Евролук эсептин төлөмү: 1180000059135248 (591352)

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

????Сбербанк картасы.

5469 3800 7803 0573

Марат Жакыпович Т

3. Золотая Корона:

ФИО: Джусупов Бекжан Эркинович

Телефон номер: +996555279595

4. PayPal: bekzhan.dzhusupov@gmail.com

5. Дүйнө боюнча акчалай которуулар:

ФИО: DZHUSUPOV BEKZHAN ERKINOVICH

✔ Бузулбай турган азык-түлүктөрдү (ун, шекер, май жана башка) төмөндөгү дарек боюнча жардам пунктуна алып келиңиз: “Тюбетейка” рестораны, Турусбеков көчөсү, 31.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов