Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр түндүн белгилери жана Кадыр түндө айтылчу дуа

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 6 май 2021

Бүгүн- Ыйык Рамазан айынын 24-күнү. Рамазандын акыркы 10 күндүгүндө катылган Кадыр түндү издеп, дуа тилектер кылынып жатат. Кадыр түн дал кайсы түнгө жашырылганы Кудуреттүү Аллахка гана маалым. Бирок бул түндүн белгилери мусулмандарга айтылган.

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ хадистерге ылайык:

Жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык, бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал, ысык болбойт.

Бул түн тынч, бейпил келип, тимеле табият демин ичине каткандай, асман булутсуз жана жаансыз болот.

Бул түндө жылдыздар учпайт.

Бул түндүн таңында, күндүн нурлары өтө чагылбай, жумшак кызыл түстөгү төгөрөк сымал болот. Анын жарыгы жумшак, көздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон айдай жарык чачат.

%article_title%

Кадыр түндү бирге тособуз

Биринчиден, мындай түн бир жылда бир келерин эске алуу зарыл. Андыктан, ушул учурду колубуздан чыгарбай, мүмкүн болушунча Аллахка чын ыкласыбыздан кайрылып алуубуз керек. Барынан жакшысы Ыйык Куранды окуп, Жараткандан баштап жаткан ишиңе бата сурап, берекесин тилөө.

Сүннөт боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ сунуш кылган дуаны араб тилинде окуса болот:

«Аллаахумма иннакя ‘афуввун каримун тухиббуль-‘афва фа‘фу‘анни».

«О Аллахым! Чындыгында, Сен Кечиримдүүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Мени кечир!»

Экинчиден, Кадыр түндү сыналгынын же столдун жанында эмес, Жаратканга сыйынуу менен, мүмкүнчүлүк болсо, таравих намаздан кийин мечитте өткөрүү жөндүрөөк.

Жыйынтыгында, эң маанилүүсү: Аллахтан келечектеги жыргалчылык жөнүндө суроо керек. Чын пейилден окулган дуба гана жогорудан жиберилген сыноолордон сактайт. Ишенимдүү хадистерде Пайгамбарыбыз ﷺ минтип айткан: «Чындыгында, адам жасаган күнөөсүнө жараша жыргалчылыктан же энчисинен айрылып калышы мүмкүн! Бизди аныкталып калган жаман нерселерден, Аллахка дуба кылуудан башка эч нерсе сактай албайт» же «Сыйынуу (Кудайга сөз же ой менен кайрылуу) боло турган нерсенин (жогорудан буйрук кылынган) алдын ала турган абалда (жашоо жолунан алып коюу)».



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43