Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Диний жаатташуу

Автору: Жалилов Элдияр / Жарыяланды: 17 май 2021

Диний жамааттарга бөлүнүү жөнүндө кеп кылыштан мурун ислам тарыхында мусулмандардын өз ара ажырымынын тарыхы боюнча кыскача баяндап өтөйүн. Пайгамбар Мухаммад (САВ) 632 – жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан учурда анын ордуна башкаруучу катары ким болоору жөнүндө Меккеликтер (мухажирлер) менен Мадиналыктар (ансарлар) ортосунда талаш-тартыш пайда болот. Анткени Мухаммед пайгамбардын «пайгамбарлык» милдети аяктаган болчу.

%article_title%

Мухаммед (САВ) тирүү кезинде «пайгамбар» ошол эле учурда мусулмандардын «башкаруучусу» бизче айтканда «ажосу» жана «кол башчысы» да болгон. Бирок пайгамбар өзүнөн кийин башкаруучу катары атайын бирөөнү сөз түрүндө же жазуу түрүндө дайындаган эмес эле.

Мухажирлер менен ансарлар талашып, кеңешип отуруп тирүү кезинде ислам динин эң биринчи кабыл алган, дайыма пайгамбар менен чогуу жүргөн жана ислам дининин жайылуусуна чоң салым кошкон, бир эле мезгилде пайгамбардын кайнатасы болгон Абу Бакрды халифа (башкаруучу/ажо) шайлашат. Абу Бакр 634 – жылы кайтыш болгон соң анын ордуна Умар бин Хаттаб халифа (орун басар) болот. Арийне Абу Бакр тирүү кезинде ордуна Умарды халифа дайындаган.

Азирети Умар 644 – жылы киши колдуу болуп кайтыш болгон соң анын ордуна Азирети Усман бин Аффан кеңешчи топ тарабынан халифа шайланат. Бирок Азирети Усмандын учурунда анын кээ бир иш аракеттерине нааразылыктар пайда болот. Усманга каршы болгондор аны халифалыктан кулатышты көздөп, бул аракеттердин натыйжасында 656 – жылы аны өлтүрүшөт. Анын ордуна Али бин Абу Талиб халифа болуп дайындалат. Халифа Алинин учурунда, мусулмандардын ортосунда түшүнбөстүктөн бийликке нааразылыктын натыйжасында Жамал (төө) деп аталган кагылышуусу болот. 657 – жылы Халифа Али (ра) менен Шам аймагынын ошол учурдагы губернатору Муавия бин Абу Суфйандын (ра) ортосунда Сиффин деген жерде чоң салгылашуу болуп өткөн. Анткени Алинин халифалыгын тааныбаган Муавия өзүнүн халифалыгын жар салат. Кандуу согуштун эң негизги себеби Муавиянын, Алиге баш ийбегендиги жана халифалык мансапты көздөгөндүгүндө болгон.

Халифа Алинин доорундагы согуштар «ишенимдик жана саясий» агымдардын пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Өзгөчө Сиффин согушунда Халифа Алинин буйруктарына каршы Хавариж атындагы радикал саясий агым пайда болгон. Жамал/төө окуясы жана Сиффин согушу мусулмандардын ортосунда ишеним жана каапырчылык, чоң жана кичине күнөө маселеси, адамдын жеке ыктыяры жана тагдырга байланыштуу укук-шарият темаларынын айланысында талаш тартышты пайда кылган. Кийинчерек ислам аалымдары жогорудагы окуяларга жана темаларга байланыштуу көптөгөн китептерди жазышкан.

Халифа Али (ра) 661-жылы Хавариж саясый агымынын мүчөлөрү тарабынан киши колдуу болуп шейит болот. Мындан кийин мусулман дүйнөсү династиялык башкаруу ыкмасына өтөт. Ислам дүйнөсүн Умаййа уулдары (Умаййиттер) 661-жылдан 750-жылга чейин, Аббас уулдары (Аббаситтер) 750-жылдан 1516-жылга ченйин, Осмон падышалыгы 1300- жылдан 1922-жылга чейин башкарып, 1924 – жылы халифалык кулайт.

1924 – жылдан кийин ислам дүйнөсүндө мусулмандар өз алдынча көз карандысыз мамлекеттерге бөлүнө баштайт. Бирок мусулман өлкөлөрү саясий жана экономикалык жактан Британия, Франция жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн карамагында болушкан. Саясий жана экономикалык жактан көз каранды болгон мусулман өлкөлөрдөгү кээ бир мусулмандар Батышты мактап алардын башкаруу системасы гана өз өлкөлөрүн өнүктүрө алат деп ишенсе, кээ бирлери халифалык башкарууну мактап келишкен.

Батыштын кээ бир укутук системасын кабылдаган ири мусулман өлкөлөрүндө ар кандай диний кыймылдар жана жамааттар пайда болгон. Египетте «Ихванул муслимин-мусулман туугандар» , Иорданияда «Хизбут тахрир саясий партиясы» , 1932-жылы Сауд Арабия өз башкаруусунда королдугун жар салуусу менен бирге «Ваххабийлик кыймылы» пайда болгон. Индияда дийубандий мектебинен бөлүнүп чыккан «Таблиг жамааты» , Түркияда болсо Нуржулар, Сулайманжылар, Гүленчилер деген аталыштагы жамааттар пайда болгон.

Жогоруда аты аталган диний кыймыл жана жамаатар Орто Азияда да өз иш- аракеттерин ачык жана жашыруун түрдө жүргүзүп келишет.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өлкө ичинде диний окуу жайлар, мечиттер жана диний уюмдар, диний кайрымдуулк фонддор ачылып динге суусап турган элибиздин диний сабатсыздыгын жоюу боюнча өз салымдарын кошуп келет жатат. Кыргызстанда, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу дин эркиндиги кенен берилгендигинден улам, ошондой эле мамлекет башчыларынын да исламга болгон көз караштары түз болгондуктан, диний майрам күндөрүн эс алуу күнү деп жарыялап, айт намаздарын мамлекеттин аянттарында окууга уруксат берилген.

Бирок дин эркиндиги десе эле эркелеп кеткендер да жок эмес. Кудайдын берген бул жакшылыгын билбегендер динди жамынып, кээде терс багытга үндөгөн өз максаттарын ишке ашырыш үчүн жаштарыбызды туура эмес жолдорго азгырган учурлары кездешип, ал түгүл мамлекеттик органдарга да таш ыргыткандар да бар экендиги баарыбызга аттын кашкасындай белгилүү.

Ислам динин жайылтабыз деген мүдөө менен өлкөбүзгө чет жактан ар кандай диний тайпалар/жамааттар келген. Көпчүлүгү ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин карманабыз деген менен алардын ортосунда да чоң айырмачылыктар бар. Ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин четке каккан жана өздөрүн салафу салихиндердин жолундабыз деп аташкан ваххабий/салафий кыймылындагылар да мусулмандардын ортосунда ажырымдардын пайда кылууда десек жаңылышпайбыз.

Бир адам кайсы бир жамааттан же диний кыймылдан ислам жөнүндө маалымат жана таалим алып жаткан кезде ошол жамааттын ислам түшүнүгүн өзүнө сиңирип алат. Андан соң башкаларга таңуулап, башка диний тайпанын мүчөсү менен диний көз караштары келишпей калып жатат. А түгүл фанат болуп кеткендер бири-бирин каапырлык менен күнөөлөп келет.

Эч бир мазхап, диний жамаат же тарикат ислам динин толук түрдө чагылдырбайт!

Жамаатташуу, тайпалашуу, группага бөлүнүү социалдык жашоодо нормалдуу көрүнүш катары болгону менен диний жаатташуу бул – адамдардын динге болгон жакшы көз карашын терс тарапка буруусуна да себеп болушу мүмкүн. «Албетте момундар (Аллага ишенгендер) бир тууган» деп Ыйык Курандагы аятта ачык айтылганына карабастан диний бир жамаатын өкүлү башка тайпадагы мусулманды көзүнүн кыйыгы менен карап, бирок бетме-бет келгенде жылмайып бирин бири мактап, анан эле ал көрүнбөй калса артынан каралап кирген учурларга да күбө болдум.

Бул өз ара ажырымдын түпкүрүндө диний тайпалардын дин түшүнүктөрүнүн, көз караштарынын жана дин жайылтуудагы методикасынын бир бирине туура келбей калгандыгы жатат.

Ислам тынчтыктын, ишеним, коопсуздуктун дини жана мусулмандарды, дегеле жалпы адамзатты тынчтыкка, биримдикке чакырат деп ишенгенибиз менен практикалык жашоодо мындай нерсе көрбөй жатабыз. Бул кемчилик исламда эмес, ошол исламды туура түшүнө албаган мусулмандардын түркөйлүгүндө болгондугу баарыбызга белгилүү.

Куран, мусулмандарды ынтымакка, биримдикке, бөлүнүп жарылбоого чакырат. Биримдикте жашап жардамдашуу үчүн бизге көптөгөн аятарында кайрылып, өз өкүмдөрүн буйруган. Мечиттерде, семинар-конференцияларда дайым бөлүнүп жарылбоо, ынтымакта болуу жөнүндө айтылып келингени менен аны иш жүзүндө көрө албагандыгыбыз өкүндүрбөй койбойт. Тилекке каршы мындай чакырыктар, насааттар жана жакшы сөздөр жөн гана мечиттердин ичинде эле айтылып калып жатканы өкүнүчтүү.

Диндин биримдикке, тынчтыкка чакырган функциясы кайда калды?

Диндеги бир туугандык, диний жамааттардын чектөөсү менен чектелип калды десек жаңылыштык болбос. Анткени жамааттар өз жамааттарынан болгон адамына же аларга жакын достук мамиледе болгондорго жардам колун узатып аны колдоп, көтөрмөлөп башка катардагы мусулмандар экинчи планга калтырат. Ар бир диний агым жана тайпалар куран жана хадистерден далил келтиришип өздөрүнүн жолу, көз карашы жана ишенимдери гана туура экендигин тастыктоого аракеттенишет.

Исламда амирге/жол башчыга итаат/баш ийүүнү, диний жамааттар өздөрүнүн лидери, амири же аалымына же болбосо иш аракеттеринде атайын дайындалган адамдарына карата колдонушат. Мисалы рамазан айынын аягында айт күнүн майрамдоодо кээ бир жамаааттар муфтияттын белгилеген күнүндө эмес, башка мусулман өлкөдөгү диний лидеринин же өздөрүнүн аалымдарынын фатваларына карап майрамдашат.

Динди жайылтууда, динге адамдарды чакырууда бир эле аалымдын китеби же бир эле аалымдын көз карашы заманбап экендигин таңуулап келген кээ бир диний тайпалар, катардагы мусулмандардын дин таануудагы көз карашын бир тараптуулукка үндөп жаткандыгы жакшы көрүнүш эмес. Кайсы бир диний тайпага мүчө адам ийгиликке жетсе аны көкөлөтө мактөө менен биздин мыкты адамыбыз же бизге нусрат келди деп төш кагып келгендик бул - мусулмандарды бөлүнүп жарылууга алып барат.

Диний жамааттардын ачкан медреселери канчалык муфтияттын көзөмөлүндө жана бирдиктүү программанын негизинде ислам динин окутканы менен алардын сабактан сырткары убакыттарында өздөрүнүн аалымдарынын китептерин окутуусу ыктымал. Медреседе жайкы же кышкы эс алуу учурунда атайын лагерлер уюштурулуп бир эле аалымдын көз карашын жана ошол тайпаны жактаган адамдардын китептерин окутуу жана аудио-видеолорун көрсөтүү менен да келечекте өздөрүнүн ырын ырдай турган адистерин даярдашы да мүмкүн.

Кандай болсо да диний тайпалар адамдарды жакшылыкка, ибадат кылууга, адеп-ахлактуу болууга чакырып көптөгөн адамдарды туура жолго жетелегендерине алардын коомго кылган жакшы иштери алкышка тете жана баалай билиниш керек. Бирок диний тайпалар, келечекте коомубуздун жаат жаатка бөлүнбөөсүн кааласа анда ошого жараша усулдарын жана иш аракеттерин өзгөртүүсү зарыл.

Кыргызстанда иш алып барып жаткан медресе же диний билим берүү мекемелери мамлекетке окутуу программаларын ачык көрсөтүшү керек. Эгерде мамлекетке көрсөтүлгөн программа менен бирге жашыруун түрдө бир аалымдын эле китептерин же өздөрүнүн гана идеологиясын жактаган китептер окутулса анда бул мусулманчылыкка да жатпайт деп ойлойм. Бирдиктүү программма кабыл алынып, бул программа стандартка коюлуп, окутууда ийгиликкке жетүү зарыл.

Диний жаматтардын иш аракетин мамлекет сөссүз түрдө ийне жибине чейин көзөмөлдөш керек деген ойдомун. Диний тайпалырды шайлоодо добуш алыш үчүн колдоо жана аларды колдонуунун кооптуу тарабы да бар болушу мүмкүн. Анткени саясий жактан колдоо көргөн диний жамаат, кийинчерек өздөрүнүн талаптарын койо башташы толук ыктымал. Коомдо адилеттүүлүктү орнотуш үчүн кайсы бир диний жамаатты колдоо эмес жеке адамдын билими жана жетишкендигине жараша баа берилиш зарыл.

Кыргызстанда диний тайпаларга мүчө же ошол жамааттын иш аракетин жактырган мусулмандар мамлекетти да ойлош керек. Мамлекет болбогон жерде адамдар өз динин да ээн -эркин жашай албайт, диний иш аракет да кыла албайт. Ошондуктан ар бир мусулман динди бекем кармануу менен бирге мамлекеттик, улуттук баалуулуктарды урматтап ошол эле учурда мекенчил болсо талаш тартыш жана келишпестикерден оолак болор беле.

Автор: Жалилов Элдияр Анкара Университетинин Теология факультетинин докторанты



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов