12-июнда Зулькаада айы кирди. Бүгүн бул айдын 3-күнү. Зулькаада айы Ислам календарындагы 11- ай болуп саналат.
Бул ай Аллах Таала Куранда айткан тыюу салынган 4 айдын бири болуп эсептелет:
Эмне үчүн бул айлар тыюу салынган болуп саналат?
Анткени:
1. Аскердик иш-аракеттерди жүргүзүүгө болбойт, эгер душман өзү биринчи агрессия көрсөтпөсө. Өзүн коргоого тыюу салынбайт.
2. Бул айларда күнөө иш жасалса, башка айларга караганда жазасы күчтүү болот. Дал ошондуктан, Аллах Таала Куранда бизди тыюу салынган иш-аракеттерге баруудан эскерткен:
“Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла [Аллага гана жасалуучу ибадаттардан башка күнөөлүү иштерге бир саатыңарды коротпогула]” (“ат-Тавба” сүрөсүнүн мааниси).
Бул айларда жакшы иштердин сообу да көбөйтүлүп берилет.
Көбүбүз билгендей, орозо кармоо ибадат кылуунун маанилүү түрлөрүнө кирет. Анткени орозолуу адамдын ибадаты башкаларга ачык көрүнбөйт, көбүнчө Аллахка гана белгилүү. Мындан тышкары, имам Абу Дауд келтирген ишенимдүү хадисте мындай деп айтылат:
Демек, бул айда кошумча орозорлорду кармоо мыкты ибадат болот.
Бирок күн сайын орозо кармап алуу туура эмес экенин эскертүү керек. Анткени, белгилүү болгондой, Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айында гана күн сайын орозо кармаган.
❤ Зулькаада айы сиз үчүн жемиштүү болсун.