"Рухуңузга азык болсун" рубрикасынын алкагындагы окуялар сизди шыктандырат.
Умар (разияллоху ъанху) мындай дейт:
“Бир жолу Аллахтын Элчиси ﷺ Аллахка жага турган иш үчүн курмандык кылууну өтүндү. Ал убакта мен бир аз мал-мүлктүн ээси болчумун.
Мен: “Абу Бакр (разияллоху ъанху) Аллахтын жолунда курманчылык кылууда ар дайым менден өтүп жүрчү эле. Аллах кааласа ушул жолу андан өтөм, анткени менде азыр мал-мүлк бар, аны мен өзүм каалагандай корото алам”,- деп ойлодум.
Ушул ой менен кубанган боюнча үйгө жөнөдүм. Үйгө келип, өзүмдүн бүткүл мал-мүлкүмдү тең экиге бөлдүм. Бир бөлүгүн өзүмдүн үй-бүлөм үчүн калтырдым да, ал эми экинчи бөлүгү менен Аллахтын элчисине ﷺ келдим.
Ал мени менен саламдашты да: “Үй-бүлөң үчүн бир нерсе калтырдыңбы, Умар?”- деп сурады.
Мен: “Тепе-тең жарымын”,- деп жооп бердим.
Бир аз убакыттан кийин Абу Бакр өзүнүн жүгү менен келди. Ал болсо болгон дүнүйөсүнүн баарын алып келиптир.
Мен Аллахтын элчисинин ﷺ андан: “Үй-бүлөң үчүн эмне калтырдың, Абу Бакр?”- деп сураганын уктум.
Ал: “Мен алар үчүн Аллах жана Анын элчисин калтырдым”,- деди.
Ушул күнү Умар Абу Бакрдан ашып өтөрүнөн күмөн санап калды.
Бул окуя Курандан да макулдук тапты:
Биз байкагандай, ушул сыяктуу жакшы иш-амалдар боюнча бири-биринен ашып өткөнгө умтулуулар колдоого алынат. Аллах аларга айкөлдүктөрү үчүн соопторунан берген болсун!