Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Уктап калбаңыз! Кудуреттүү түн — Кадыр түндү (Ляйлятуль кадр) өткөрүп жибербеңиз

Автору: Кадыр Маликов / Жарыяланды: 20 июль 2015

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күнүндөгү бул түндү, жер жүзүндөгү 1 миллиарддан ашык ашык мусулман чыдамсыздык менен күтөт. Ушул Кадыр түндө, Аллах жети кабат асмандын биринчи деңгээлине, өзүндө сакталган диний сөздөр жазылган тизмектен Ыйык Куранды түшүрүп, бул түндө Меккеге жакын жердеги Жабал ан-Нур тоосундагы Хира үңкүрүнө, Аллах Курандын биринчи сүрөөсү аль-Алякты («Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» сөздөрү аркылуу) жиберип, Мухаммад (САВ) анын акыркы элчиси жана пайгамбары болуп калган. Андан кийин, жыйырма үч жыл аралыгында, Аллахтын өкүмү менен, Курандын аяттары Жабраил периште (САВ) аркылуу, Мухаммад пайгамбарга (САВ) жиберилип турган.

Кадыр түн жөнүндө Куранда Аллах мындай дейт: «Акыйкатта, Биз аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн — миң айдан да артыгыраак. (Ал түндө) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таң атканча тынчтык-амандык» («Кадр» сүрөөсү, 1-5 аяттар).

Ислам динин туткан элдердин арасында, Кадыр түн (арабдарда — Лайлатуль-кадр) — майрам! Мухаммад пайгамбар (САВ) айтты: «Кимде-ким Кадыр түндөгү сыйынуусун, кылган иши үчүн сыйлык аларына ишенип жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана кылса, анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет». Жараткандын элчиси, Мухаммад пайгамбар (САВ), Рамазан айынын акыркы он күнүндө, көбүрөөк ибадат кылып, үй-бүлөсүн сыйынууга тургузуп, пайдалуу иштерди көп жасаган.

Мусулмандардын арасында Кадыр түндү Рамазан айынын 27-түнүндѳ күтүшѳт. Анткени ислам аалымдары, Рамазан айынын 27-күнүнѳ басым жасашып, ыктымалдуу күн катары эсептешкен. Бул жагынан алганда, Мухаммад пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) ар түрдүү хадистери бар. Мисалы “Кудуреттүү түндү, Рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн жупсуз күндѳрүнѳн издегиле” же “Кудуреттүү түн – бул жыйырма жетинчи күндүн түнү”

Кадыр түндүн белгилери

Мухаммад пайгамбардан (САВ) берилген хадистерге ылайык:

Жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык, бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал, ысык болбойт.

Бул түн тынч, бейпил келип, тимеле табият демин ичине каткандай, асман булутсуз жана жаансыз болот.

Бул түндө жылдыздар учпайт.

Бул түндүн таңында, күндүн нурлары өтө чагылбай, жумшак кызыл түстөгү төгөрөк сымал болот. Анын жарыгы жумшак, көздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон айдай жарык чачат.

Кадыр түндү бирге тособуз

Биринчиден, мындай түн бир жылда бир келерин эске алуу зарыл. Андыктан, ушул учурду колубуздан чыгарбай, мүмкүн болушунча Аллахка чын ыкласыбыздан кайрылып алуубуз керек. Барынан жакшысы Ыйык Куранды окуп, Жараткандан баштап жаткан ишиңе бата (тавфик) сурап, берекесин (баракят) тилөө.

Сүннөт боюнча, Мухаммад пайгамбар (САВ) сунуш кылган кайрылууну, араб тилинде окуса болот: «Аллаахумма иннакя ‘афуввун тухиббуль-‘афва фа‘фу‘анни». «Э Кудай! Чындыгында, сен Кечиримдүүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Мени кечир!»

Экинчиден, Кадыр түндү сыналгынын же столдун жанында эмес, Жаратканга сыйынуу менен, мүмкүнчүлүк болсо, тарабих намаздан кийин мечитте өткөрүү жөндүрөөк.

Жыйынтыгында, эң маанилүүсү: Аллахтан келечектеги жыргалчылык жөнүндө суроо керек. Чын пейилден окулган дуба гана, жогорудан жиберилген сыноолордон сактайт. Ишенимдүү хадистерде Мухаммад пайгамбар (САВ) айтты «Чындыгында, адам жасаган күнөөсүнө жараша жыргалчылыктан же энчисинен айрылып калышы мүмкүн! Бизди аныкталып калган жаман нерселерден, Аллахка дуба кылуудан башка эч нерсе сактай албайт» же «Сыйынуу (Кудайга сөз же ой менен кайрылуу) боло турган нерсенин (жогорудан буйрук кылынган) алдын ала турган абалда (жашоо жолунан алып коюу)».



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов