Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Орозо медициналык көз караштан алганда

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 июль 2015

Эй ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн (буйрулду)

(«Бакара» сүрөөсү, 183-аят

Күнүмдүк жашообуз менен алпурушуп жүрүп, көпчүлүгүбүз Аллах ар бирибизге тартуулаган жашоодон ырахат алууну унутуп калабыз. Биз адат болуп калган түйшүктөрдөн арыла албай, тилекке каршы, ойлонгонго жана жан жагыбызды караганга убактыбыз жок. Жараткандын ырайымы менен, бардык мусулмандарга — боорукерликтин, марттыктын, сүйүүнүн жана көңүл буруунун айы жиберилген. Рамазандын аркасында, дин тутуучулар жашоого башкача көз караш менен мамиле кыла башташат. Кудуреттүү Аллахтын ар бир буйругунда улуу акылмандык катылган. «Бакара» сүрөөсүндө, Кудуреттүү Аллах адамдарга кайрылат: «... Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы» (184-аят).

«Рамазан менин жашоомду түп-тамырынан өзгөрттү»

Бишкек шаарынын жашоочусу өзүнүн алгачкы орозосу жөнүндөгү ой-пикирлери жана эмоциялары менен бөлүштү: «Өткөн жылы, Рамазан айынын башында, динди тутунган мусулман катары, исламдын парздарын аткаруу үчүн, орозо кармап баштадым. Рамазанга чейин кадимкидей эле тамактанчумун. Жумушта, түшкү тыныгуу учурунда ылдам даярдала турган тамактарды көп колдончумун. Чындыгында, ысык тамак даярдоого убактым жок болчу. Анын натыйжасында, ден-соолугум начарлап, тамак сиңирүүдө көйгөйлөр жарала баштады. Кымбат баалуу дарылар да жардам бере алган жок. Керемет! Орозо кармап жаткан, Ыйык Рамадан айынын алгачкы жумасында эле, өзүмдү жеңил сезип, өзүмө-өзүм таңгала баштадым. Ден-соолугум эле эмес, жан дүйнөмдүн абалы да жакшырды. Мен өзүмдү токтоо, туруктуу кармап, ар бир жашап жаткан күнүмдөн ырахат ала баштадым. Жашоого таптакыр бөлөк көз караш менен карап, жашоодогу ар кандай көйгөйлөргө, майда барат окуяларга көңүл бурбай, жашоонун жакшы жактарын гана көрүүдөмүн».

Ушул макаланы даярдап жатканда, орозо кармаган көптөгөн адамдар менен тааныштым. Алардын көпчүлүгү, тамак сиңирүүнүн жакшырганын, өнөкөт баш оорунун басылганын, кээ бири өзүнө ишенүү пайда болгонун белгилешти. Орозонун пайдасы жөнүндөгү маалыматтарды көп уккан сайын, анын ар тараптуу пайдасына таңгала баштадым.

Жылына бир ай ачка болуу — жашоонун жана жаштыктын негизи

Мындан 1400 жыл мурда, пайгамбарыбыздан (ага тынчтык болсун!) берилген хадисте айтылат: «Орозо кармасаңар — ден-соолугуңар оңолот». Бүгүнкү күндө, кандай оору болбосун диета же кээ бир азыктарды колдонууга тыюу салуу менен дарылоо жүргүзүлөт. Окумуштуулардын изилдөөлөрү далилдегендей, орозо адамдын организми үчүн чоң пайдасын тийгизет.

Кытайда: Окумуштуулар, жылына бир ай ачка болуу — жашоонун жана жаштыктын негизи деп эсептешет.

Орусияда: Медицина илимдеринин доктору М.Магомедов, адамдардын жылдык биоритминин алмашуусу Рамазан айына туура келип, организмде кийинки жылга даярдануу жүрөөрүн далилдеген. Бул учурда, тамак сиңирүү жолдорунун бардык бездеринин иши басаңдап, анын натыйжасында, күндүз тамак ичкен мезгилде, организм аны оор кабыл алат. Анткени тамак сиңирүү бездеринин жигердүүлүгү төмөндөйт. Ошондуктан Рамазан айында орозо кармабаган адамдарда, ичеги-карын жолдорунун ооруларынын күчөшү байкалат.

Германияда: Ачка болуунун адамдын организмине тийгизген таасирин изилдеп жатып, окумуштуулар төмөндөгүдөй корутундуга келишкен. Үч же төрт аптанын аралыгында, 10-15 саат жеңил жумуш аткарган учурда, каалаган тамак-ашты же сууну кабыл албоо, идеалдуу болуп эсептелет.

Иорданияда: Амман медициналык университетинин доктору Солиман 1984-жылы, Рамазан айында (июнь-июль айларында) орозо кармагандарга эксперимент жүргүзгөн. Ага 15 жаштан 64 жашка чейинки 42 эркек, 16 жаштан 28 жашка чейинки 26 аял катышкан. Аларды таразага тартып, канынан анализ алышкан. Рамазан айынын башталышындагы жана аякташындагы бардык маалыматтар жазылып, белгиленген. Натыйжасында эркектерде (6,8−7,1 кг) жана аялдарда (4,2−4,8 кг) салмактын төмөндөшү байкалган. Глюкозанын деңгээли жогорулап, эркектерде 23,6 дан 90,2 мг/дл жетсе, ал эми аялдарда 1.1 ден 7 мл/дл жеткен. Калган көрсөткүчтөр өзгөргөн эмес.

Орозо − бардык организмдин эс алуусу

Мээ: Орозо кармаган учурда, организм өзүнүн май запастарын колдонуп, анын натыйжасында кандагы холестериндин деңгээли азайып, инсульт болуу ыктымалдуулугу төмөндөйт.

Жүрөк: Бүт дене бой аркылуу айланган кандын 10 % тамак сиңирүү органдарына багытталат. Орозо кармаган учурда, бул пайыз төмөндөп, өз кезегинде жүрөк азыраак иштеп, ооруга кабылуусу азаят. Орозо кармаган адамдын организминдеги топтолгон майлар күйүп, кандагы холестериндин кармалышына таасирин тийгизет. Күнүмдүк турмушта ал майлар кан тамырларга топтолуп, артериосклерозго жана кан басымдын жогорулашына алып келет.

Кан: Орозо кармаган учурда кандагы суунун кармалышы азайып, анын коюланышына жеткирет. Бул өз кезегинде, кан тамырлардагы кандын көлөмүн азайтып, простогландиндин бөлүнүп чыгышын жогорулатат. Ал ашказан жарасын жана төрөөттү жеңилдетип, кан айлануу тутумунда маанилүү ролду аткарат.

Теринин абалы: Орозо кармаган учурда кан сыяктуу эле, теридеги суунун кармалышы төмөндөйт. Бул көптөгөн тери ооруларын дарылоого шарт түзүп, иммунитеттин жогорулашына, тери ооруларынын пайда болушун төмөндөтүүгө, рак ооруларынын пайда болуу себептерин жоюуга таасирин тийгизет.

Ашказан: Орозо кармаган учурда карын ширесинин бөлүнүп чыгышы төмөндөп, ашказандын кычкылдуулугун азайтат. Анын натыйжасында, көптөгөн адамдар жабыркап келген, ашказандын жарасы оорусунун келип чыгышы азаят.

Карын астындагы без: Орозо карын астындагы бездин эс алышына жагымдуу жагдай түзөт. Карын астындагы без ткандарда топтолуучу, кантты кургак же майлуу заттарга айландыруучу, инсулинди бөлүп чыгарат. Ашыкча тамактанган учурда, бөлүнүп чыккан инсулиндин саны ченеминен ашып кетип, карын астындагы безди жабыркатып, чарчоону чакырат. Жыйынтыгында, ал өзүнүн функциясын аткара албай, канда канттын топтолушу жүрөт да, кант диабети оорусуна алып келет.

Боор: Орозо кармаган учурда, организмдеги уулуу заттар табарсык жана жоон ичеги аркылуу чыгарылып, бул жараян организмде топтолгон майларды жоготуп, боордун клеткасынын иштешин активдештирет.

Бөйрөктөр: Орозо кармаган учурда организмдеги суюктуктун азайышы, бөйрөктөрдүн ишине оң таасирин тийгизип, кан басымынын төмөндөшүнө алып келет. Бул гипертония менен ооруган адамдарга пайдалуу. Аны менен бирге натрий туздарынын, оксалаттардын жана фосфаттардын концентрациясы азайып, таштардын жана шишиктердин пайда болушуна бөгөт болот.

Клеткалар: Адамдын организминде секунд сайын 2,5 миллион клетка өлүп, кайра жаңыланып турат. Организм дайыма аларды жаңылап турат. Орозо кармап жаткан учурда организм жигердүү иштеп, клеткалардын алмашуу жараянына оң таасирин тийгизет.

Көз: Орозо кармап жаткан учурда организмдин бөлүп чыгаруусу нормалдашат. Мисалы, көздүн физиологиялык корголушуна жооп бере турган, жаштын бөлүнүшү активдешет. Көздүн ички кан басымы төмөндөп, глаукома сыяктуу коркунучтуу оорулар менен ооруган бейтаптардын абалына оң таасир тийгизип, көздүн торчосундагы кошумча оорулардын пайда болушун азайтат.

Муундар: Орозо кармап жаткан учурда адамдын организми муундардагы оорулардын себепкери болгон уулуу заттардан тазаланат. Медицинада, орозодон башка мындай тазалануу ыкмасы табыла элек. Сапатсыз этти жана сүттү пайдаланганда, муундарда заара кычкылы көп топтолуп, подагра оорусуна алып келет. Орозо кармоо бул оору менен жабыркоонун алдын алат.

Жогоруда саналгандардын баардыгы, орозонун адамдын организмине тийгизген оң таасирлери. Ал эми нервдик-психикалык саламаттык жөнүндө айта турган болсок, пайдасы андан да көп. Мында эң негизгиси — адамдагы эркти жана такыбалыкты тарбиялоо. Бир айдын ичинде, адам өз инстинктин башкарып, күчтүү эркти калыптандырып, ышкынын кулу болбостон, анын ээсине айланат. Аны Аллах көрүп турганынан, тамактан баш тартпастан, жаман иштерден сактанып, Жараткандын көзөмөлүн таанып-билүү зарыл.

ОРОЗО − Жараткандын буйругу, исламдын төртүнчү түркүгү, чың ден-соолуктун жана жаштыктын негизи!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47