Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 октябрь 2021

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө.

Кезектеги суроо Ислам улуттук суусундуктарга кандай карары туурасында келди.

Халал (адал) – шарият уруксат берген, харам (арам) – тыюу салынган, макрух (макүрөө) – жакшы эмес, жагымсыз азыктар. Суроо бул суусундуктардын курамындагы алкоголго байланыштуу берилген. Мисалы, жаңы кымыз шек-күмөнсүз адал, ичүүгө уруксат берилет. Анткени анын курамында алкоголдун үлүшү өтө аз. Ал эми бир нече күн же андан да көп туруп калган кымызда ачуу, кыжылдоо процесси башталат жана анын курамындагы спирттин өлчөмү жогорулайт. Жада калса, кымыздан спирт тартуу менен арак жасашканы тарыхта белгилүү. Ошондуктан, кымызды мас болуу максатында колдонуу – арам. Муну жүзүм менен салыштырса болот. Анын ширесин ичүүгө уруксат, бирок ал ачып, күчүнө кирип, шарапка (виного) айланганда суусундук шариятта тыюу салынган категорияга кирип калат. Эгер шарап ачып бүтүп, уксуска айланганда ал адал болуп эсептелет.

Бозо – дандан жасалган суусундук. Ал башынан эле алкоголь катары жасалып келет. Албетте, бул максатта колдонуу арам. Бирок бир өзгөчө жагдай бар: эгер бозо ачытыла элек (жөн гана кайнатылган жана угут кошула элек кези) жана эч кандай градусу жок болсо, Ислам ичүүгө уруксат берет. Ал эми биздин көчөлөрдө сатылган шоро түрлөрүнө келсек, булар - орус квасындай эле сергитүүчү улуттук суусундуктар. Албетте, булар адал категориясына кирет.

Негизи бардык сүт азыктарында же дары-дармектерде кандайдыр бир алкогольдун пайызы болот.

Спирт ичимдиктерин ташып келүүгө, өндүрүүгө, колдонууга жана сатууга расмий түрдө тыюу салган Сауд Арабиясы, Иран, Кувейт, Пакистан, Судан өлкөлөрүндө мындай практика бар: алкоголдун курамы белгилүү бир пайыздан ашпаган (0,5% же 1%га чейин) азык гана колдонууга уруксат берилет. Эгер спирт дары-дармектерде болсо жана аны узак убакытка сактоо зарылдыгы жаралса, анда алкоголдун уруксат берилген пайызы жогору болушу мүмкүн. Бул атайын шарият комиссиялары тарабынан көзөмөлгө алынат (айтмакчы, бул молдолор эмес, заманбап эксперттер – Экономика министрлигинин халал стандарттар бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнөт). Бул өлкөлөрдө ар бир жаңы азык, суусундук (Pepsi, Cola) массалык өндүрүшкө өтөр алдында текшерүүдөн өткөрүлөт.

Исламда эң негизгиси – тигил же бул азыкты, дарыны колдонуудагы адамдын максаты. Эгер адам медициналык максатта врач тарабынан жазылып берилген транквилизаторлорду ичсе, буга сөзсүз уруксат берилет. Бирок аларды наркотик катары колдонууга такыр тыюу салынган. Мисалы, бензинди алсак, ал- адал. Башка суюктуктардан айырмалаш үчүн жыттап көрүүгө кантип болбосун? Бирок токсикомандар айткандай “Кайфка жетүү” үчүн аны жыттоого тыюу салынган.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48