Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы жооп берет: Ислам бүгүнкү күнү тирүү адамдардын жана жаныбарлардын сүрөтүнө кандай карайт?

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 29 октябрь 2021

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө.

Кезектеги суроо: Ислам бүгүнкү күнү тирүү адамдардын жана жаныбарлардын сүрөтүнө кандай карайт?

Исламда тирүү адамдарды жана жаныбарларды сүрөткө түшүрүүгө тыюу салынышынын да бардык башка нерселердей эле өз маани-максаты болгон. Мен муну ширктен (көп кудайлуулук) сактануу үчүн болгон деп эсептейм. Ислам дининин негизги түркүктөрүнүн бири – монотеизм (жалгыз кудайлуулук), жалгыз Аллахтан башкага сыйынууга жана кайрылууга тыюу салуу. Ислам дини келген убакта бутпарастык кеңири жайылып, адамдар сүрөткө – айкелдерге, буюмдарга сыйынышчу. Жада калса, христианчылыкта “образ” пайда болуп, иудаизмде Аллахка түс беришкен.

Ошентип, жаш Ислам дини сүрөттөргө тыюу салуу менен өзүнөн мурдагы коомдордой мусулмандардын ширкке кирип кетүүсүнөн сактаган. Башкача айтканда, буюмдарды же инсандарды кудайлаштырууга алып бара турган жолдорду жапкан. Бир гана пайгамбарыбызды ﷺ эле эмес, жалпы жандууну тартууга тыюу салган. Арабдар кечээ эле бутпарас болчу, анан кайра ошол жолго түшүп, жалгыз кудайлуулуктан чыгып кетүү азгырыгы жөнөкөй бедуин үчүн жогору эле. Айрыкча, пайгамбарыбыздын ﷺ көзү өткөндөн кийин жалган пайгамбарлар пайда болуп, араб уруулары Исламдан чыга баштаган.

Ал эми бүгүнкү күндө укук (факих) аалымдары арасында пикирлердин плюрализми (ихтилаф) бар. Узакка созулган талаш-тартыштардын жыйынтыгы менен хадистерди түшүнүүдө жана колдонууда эки көз караш пайда болгон. Биринчи (сөзмө-сөз) тараптагылар Мухаммед пайгамбарыбыздын ﷺ тыюу салууга негиз болгон хадисин карашат. Анын маанисин карасак, Жараткан Кыямат күнү сүрөтчүдөн тарткандарына жан берип, тирилтүүнү талап кылат. Албетте, муну жасоо эч кимдин колунан келбейт. Бул хадис азыркыга чейин толук түрдө түшүндүрүлө, чечмелене элек. Көп интерпретациялар бар. Балким, аны мындайча түшүнүү керек: Эгер адамдын, жаныбардын элесин тарткан же жасаган сүрөтчү Жараткан менен теңтайлашкысы келсе, анда иш жүзүндө көргөзсүн, ишке ашырсын.

Экинчи көз карашты кармангандар рационалдуу (логикага негизделген) – ар бир тамга, сөзгө эмес ислам мазмунуна таянышат. Бул факих аалымдары алгач сүрөт эмне максатта жана кандай ниет менен тартылып жатканына кароо керек деп эсептешет. Эгер сыйынуу үчүн болсо, албетте тыюу салышат. Мисалы, сыйынуу жана инсанды кудайлаштыруу үчүн тартылган Лениндин, Сталиндин портреттери шариятка каршы келет жана тыюу салынган.

Өзүн мусулман мамлекети деп эсептеген Иракта Саддам Хусейндин кулатылганга чейинки тирүү кезиндеги эстеликтеринин Ислам менен эч кандай байланышы жок. Же Түркмөнстанда эстелик орнотулгандыгын айтсак... Исламда инсанга сыйынууга жана башкаруучуну кудайлаштырууга такыр тыюу салынган. Кененирээк айтсак, бардык бутка (идол) кумирге уруксат берилген эмес. Табынуу, сыйынуу бир гана элестерге болбойт. Доллар да бутка айланышы мүмкүн. Пайданы гана көздөө, оңой акча табууга жутунуу – бул акчага сыйынуу эмеспи?! Демек, Ислам эң оболу идолду өзүңдөн издөөгө жана аны менен күрөшүүгө үйрөтөт. Ислам Аллахтан бөлөк ыйыктыкты тааныбайт. Адам тагдыры жылдыздарга да, кара мышыкка да, акчага да, башка адамга да байланыштуу эмес, баары Жараткандан гана көз каранды. Исламда эркиндик ушундайча түшүндүрүлөт, жалгыз Кудайга сыйынуунун маңызы мына ошондо. Жада калса, жылдыз менен жарым ай, Меккедеги кара таш – булар жөн гана символ. Эгер момун аларга кудайлардай табына баштаса, жалгыз Жаратканга сыйынуу ишенимин бузган болот. Кээ бир мусулмандар тумар тагынып жүрүшөт. Исламда бул айыпталып, буюмдар эч кандай сыйкырдуу күчкө ээ эмес деп эсептелинет. Бүгүнкү күнү уруксат берүү же тыюу салуу маселесинде экинчи тараптагы аалымдардын көз карашы үстөмдүк кылууда. Сүрөттөргө толугу менен тыюу салынган бир дагы мусулман мамлекети жок. Өзгөчө бул балдардын окуу китептерине, жарнама ж.б тиешелүү. Анткени азыр сүрөттөр сыйынуу үчүн эмес, практикалык максаттарда колдонулгандыгын баары түшүнүшөт.

Сүрөт, фотография – бул жөн гана курал (маалымат жеткирүү үчүн), башкы максаты – колдонуу. 1998-жылы талибандар тушунда гана Афганистанда сүрөт, скульптурага тыюу салынган. Бирок алар да айрыкча документтерде сүрөт колдонуу үчүн уруксат берүүгө аргасыз болушкан. XXI кылымда буларга тыюу салуу – аңкоолук. Өзгөчө 2021-жылдагы талибан командирлеринин президенттик сарайда отуруп алып, тирүү адамдардын сүрөтүнүн фонунда билдирүү жасаганы чоң кызыгууну туудурат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов