Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы жооп берет: Карыз тууралуу мусулман эмнелерди билүүсү зарыл?

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 ноябрь 2021

Адамдын ыйманы көбүнесе карыздын (аманаттын бир түрү) кайтарылышы менен аныкталат.

%article_title%

Ислам – адам жана коом мамилелеринин дини (аль ислам - динуль муъамаля). Тилекке каршы, учурда карызды кайтаруу жана сактоого берилген бирөөнүн мүлкүнө (аманатка) жасалган мамилеге байланыштуу жагымсыз жагдайларга көп дуушар болуудабыз.

Диндеги бир туугандарыбыздын кылык-жоругу боюнча суроолор, арыз-даттануулар, нааразылыктар көп келет. Айрыкча, беш убак намаз окуган, ыйык Рамазанда орозо туткан, диний келбети бар (сүннөт боюнча сакал койгон, топу кийген, тесме көтөргөн), финансылык мүмкүнчүлүккө ээ болуп туруп, карызды төлөбөй жүргөндөр, аманатты кайтарбагандар кездешет.

Ислам – бул диний ритуалдарды (намаз, орозо, ажылык ж.б) аткаруу гана эмес, эң башкысы, ыйманыңдын Исламда, сенин кылык-жоруктарыңда, адамдарга болгон жакшы мамилеңде (туугандар, кошуналар менен болгон мамиле, карызды кайтаруу, убадага туруу) чагылдырылышы.

Ислам жана мусулмандар бир гана сөз менен эмес, биринчи кезекте башкалардын укуктарына болгон мамилеге, конкреттүү иш-аракетке, кылык-жорукка карап бааланат. Бул жерден эң негизгиси – каржылык мамилелелер, карызды кайтаруу жана аманатты сактоодогу ишенимдүүлүк.

Ислам карыз берүүчүлөрдү, муктаждарга жардам бергендерди кубаттайт. Анткени азыр айдын аягына чыгуу үчүн карыз албай жашоо кыйындап баратат. Пайгамбарыбыз ﷺ өзү да карыз алган. Бир жолу Аллахтын элчиси ﷺ соот кийимин күрөөгө коюп, иудейден карыз алган окуя тарыхта бар. Бирок Ислам карызды убагында төлөө маселесине өтө олуттуу мамиле кыларын унутпашыбыз зарыл.

Абу Катада (р.а) бир жолу тирүү кезинде карызын төлөй албаган маркумга пайгамбарыбыз ﷺ жаназа намазын окуудан баш тарткандыгы тууралуу окуяны баяндайт. Ошондо Абу Катада (р.а) карызды төлөө милдетин өзүнө алгандан кийин гана Аллахтын элчиси ﷺ жаназасын окууга макул болгон. Молдо дайыма жаназа намазга чейин маркумдун карызы жоктугун сурагандыгын байкаган чыгарсыз.

Карыз – бул аманаттын бир түрү. Аллах момундарга буйруйт: “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууну буйрук кылат...” (Куран, 4:58). Аманатка жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн момундар Жараткандын каалоосу менен бул дүйнөдө да, акыретте да соопко (сыйлыкка) ээ болушат. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айтат: “Чындыгында, момундар ийгиликке жетишти... Алар аманатын сакташат жана убадаларын аткарышат” (Куран, 23:1,8).

Аманаттын талаптарын аткарбоо Исламда чоң күнөө катары саналып, Ыйык Куранда Жаратканга жана анын пайгамбарына ﷺ кыянаттык кылуу деп эсептелет. Буга далил катары “Анфал” сүрөөсүнүн 27-аяты: “Эй, ыймандуулар! Аллахка жана Анын элчисине кыянаттык кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп, кыянаттык жасабагыла!” (Куран, 8:27).

Кылган убадасына турбаган жана карызды кайтарбаган адам мунафыктыкындай коркунучтуу сапаттарга, белгилерге ээ (бирок ал мунафык эмес). Хадисте мындай деп келет: “Мунафыктын үч белгиси бар: жалган сүйлөйт, сөзүндө турбайт жана аманатка кыянаттык кылат” (Бухари, Муслим).

Карызга акча алуу менен адам белгиленген мөөнөт ичинде кайтарып берүү милдетин алат. Мында карыздын суммасы пайызсыз кайтарылышы керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Карызды кайтаруу үчүн акчасы болуп туруп, убагында карызды кайтарбоо – адилетсиздик” (Муслим).

Белгилүү бир себептерден улам карызын убагында төлөй албаган адам карыз ээсинин макулдугу менен кийинчерээк кайтарууга уруксат. Анткени адам жашоосунда өз убагында карыз төлөй албай калган учурлар көп кездешет. Ошондуктан Мээримдүү Жараткан минтип билдирет: “Эгер ким кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө. Ал эми билсеңер, кайрымдуулук кылууңар өзүнөр үчүн жакшыраак” ( Куран, 2:280).

Кечиримдүүлүк жана бири-бирин кыйынчылыкта куткаруучулук – момундун мыкты сапаттары. Демек, карызды күтүү же кечип жиберүү жакшы иш гана болбостон, кээ бир күнөөлөрдүн кечирилишине себепчи болушу дагы мүмкүн.

Исламда карызга акча, мал-мүлк алуу уруксат берилгенине карабай, мусулман кырдаалдан карызсыз чыгууга аракеттенүүсү зарыл. Карызды оор учурларда жана кутула аларыңа көзүң жеткенде гана алыш керек.

Карызды кайтарбай коюу тууралуу алдын ала ойлонгондор жана ага жеңил ойлуу мамиле кылгандар да кездешет. Мындай сөз жүзүндөгү гана “мусулманды” акыретте кандай азап күтүп турат, ал түндө кантип уктайт, кантип бейкапар күнөө кылат? (бул эки жүздүүнүн белгиси эмеспи).

Карыз алып, аны кайтарбай коюуну ойлоордон мурун жакшылап ойлонуңуз! Лукман аль-Хаким мындай деген экен: “Карыздын жүгүн көтөргүчө, оор таштарды көтөргөнүм жакшы”.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Карыздан сактангыла! Карыз бул – түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби”.



Намаз убактылары
17 август 2022г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов