Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы жооп берет: Маданияттуу адам кандай болуш керек?

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 ноябрь 2021

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактагы баракчалары аркылуу окурмандардын суроолоруна активдүү жооп берүүдө.

%article_title%

Кезектеги суроо: Маданияттуу адам кандай болуш керек?

Жүрүм-турум маданияты, кантип сүйлөшөсүң, баарлашасың, үйдө жана көчөдө өзүңдү кандай алып жүрөсүң – мунун баары кенедей кезден калыптанарына, тарбиядан көз каранды экендигине ынаныңыз.

Билим маанилүү болгонуна карабастан, маданияттуулук андан көз каранды эмес. Азыр канчалаган адамдар жогорку билимдүүлүгүн тастыктаган диплом алганы менен эл арасында ал жөнүндө “маданиятсыз, тартипсиз, өзүн орой алып жүрөт, текебер, жүрүм-турум этикасын үйдө да, көчөдө да сактабайт, өкүрөт, жадагалса сөгүнөт, сүйлөп жатканда сөздү бөлөт” деген сөздөр айтылып жүрөт.

Ошондуктан билимдүү адамды гана эмес, маданияттуу адамды тарбиялоо маанилүү. Баары үй-бүлөдөн башталат, мында балдар ата-энесин туурашат, аларга окшошкусу келет.

Маданияттуулук – төрөлгөндөн баштап калыптанып, эне сүтү менен берилген назик сезим. Ошол себептүү кыздардын татыктуу тарбия, билим алуусу чоң мааниге ээ. Анткени келечекте алар балдарын маданияттуулукка үйрөтүшөт.

Маданияттуу, адептүү, интеллектуалдуу адам болуу – бул көп окуу, адабиятты, музыканы, тарыхты түшүнүү же театрга баруу дегенди гана билдирбейт. Бул кайсы бир деңгээлде башкаларга кылган мамилесинде, жүрүм-турумунда байкалган, руханий дүйнөсү бай адам.

Мындай адам башканын кадыр-баркына кылдат жана урмат-сый менен мамиле жасайт, анын ой-пикири менен эсептешет. Бөлөк адамдын жеке жашоосуна кийлигишпейт, менменсинбейт жана өз көз карашын агрессивдүү түрдө таңуулабайт.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 август 2022г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29