Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мираж түнү жана анын өзгөчөлүгү

Жарыяланды: 27 февраль 2022

Мираж түнүнүн толук аталышы – Аль-Исра валь-Мираж. Исра – бул пайгамбарыбыздын ﷺ Меккедеги Харам мечитинен Иерусалимдеги Акса мечитине чейинки сапары. Мираж – бул окуядан кийин Аллахтын элчисинин ﷺ асманга көтөрүлүп, Улуу Жараткан менен сүйлөшүүсү.

%article_title%

Качан орун алган?

Керемет окуя 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү болгон. 620-жыл биздин сүйүктүү пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосундагы абдан оор жылдар катары белгилүү. Бул жылы ал сүйүктүү жубайы Хадижа жана аны дайыма колдоп келген абасы Абу Талибден айрылган эле.

Кантип ишке ашкан?

Исра жана Мираж – пайгамбарыбызга ﷺ Аллах Таала тарабынан тартууланган кереметтердин бири. Бул окуяны Аллахтын элчиси ﷺ мындайча баяндаган:

“Мен уйку-соонун ортосунда Каабанын Хатим бөлүгүндө жаткан элем. Бир караан мага жакын басып келип, көкүрөгүмдү жарып, жүрөгүмдү чыгарды. Ыйман жана хикматка толтурулган бир идиш алынып келинди. Жүрөгүмдү жууп, тазалашты. Анан идиштеги ыйман жана хикматтан жүрөгүмө толтуруп, кайра салып койду...”

Пайгамбарыбыз ﷺ “Бурак” деген жаныбарды минип, Иерусалимге (Исрага) жеткен. Бул тууралуу Имам Муслим Анас ибн Маликтен келген хадисти келтирет:

“Мага Бурак алынып келинди. Бул – эшектен чоң, качырдан жапыз, ак боз жаныбар. Алдыңкы бутун көзү жеткен эң акыркы жерге чейин созуп, учуп-сызып жол тартты. Аны минип, Байт-уль-Мукаддаска жеттим. Жолдон Мадинада токтоп, 2 рекет намаз окудум. Ошондой эле Муса пайгамбардын дарагынын жанындагы Мадьян жергесинде токтоп, 2 рекет намаз окудум. Мындан соң Муса пайгамбар Жараткан менен сүйлөшкөн “Тур Асайнга” жетип, дагы 2 рекет намаз окудум. Марьям уулу Иса пайгамбар төрөлгөн жерге чейин жол тарттык, бул жерде да 2 рекет намаз окудум.

Аль-Акса мечитинде пайгамбарыбыз ﷺ эмне кылган?

Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде Аллахтын элчиси ﷺ имамдыкка өтүп, бардык пайгамбарлар менен бирге 2 рекет намаз окуду.

Мечиттен чыкканда Жебреил шарап жана сүт куюлган эки идиш менен келип, тандоону сунуштады. Пайгамбарыбыз ﷺ сүттү тандады. “Сен тазалыкты тандадың”, - деди Жебреил.

Пайгамбарыбыз асманга кантип көтөрүлгөн?

Асмандан нурдан болгон тепкич түшүп, ал аркылуу пайгамбарыбыз ﷺ жогору көтөрүлгөн. Бул тепкич аскага түшкөн, кийинчирээк анын үстүнө мечит тургузулган. Ал “Аска куполу” (Куббат ас-Сахра) деп аталат.

Пайгамбарыбыз ﷺ кимдерге жолуккан?

Асмандын биринчи кабатында Мухаммед ﷺ Адамды (а.с) көрдү. Адам (а.с) Пайгамбарыбыз ﷺ менен саламдашып, Аллахтан ал үчүн жакшылык тиледи.

Аллахтын элчиси ﷺ асмандын экинчи кабатынан Марьям уулу Иса (а.с) жана Яхья ибн Закария (а.с) менен көрүшөт. Үчүнчү кабаттан дүйнө сулуулугунун жарымы берилген Жусуп пайгамбарды (а.с), төртүнчүдөн Идрис (а.с), бешинчиден Харун, алтынчыдан Муса, жетинчи кабаттан Ибрахим пайгамбар менен кездешет.

Мындан ары эмне болду?

Пайгамбарыбыз ﷺ периштелердин эч кимиси аша албаган Сидратуль Мунтаха аймагына жеткенде Жебреил: “Аллах Таала мага ушул жерге чейин гана уруксат берген. Кокус мындан ары бир кадам жакындай турган болсом, күйүп күл болуп кетем”, - деди.

Бул жерге Жебреилди калтырып, андан ар жолун жалгыз уланткан. Жол катар ажайып окуяларга күбө болгон. Жараткандын жамалын көргөн. Бул кереметтерди сөз менен дал өзүндөй сүрөттөө мүмкүн эмес. Акыл-эстен жогору турган акыйкатты жеткирүү колдон келбей турган машакаттуу иш.

Миражда пайгамбарыбызга ﷺ эмнелер тартууланган?

Имам Муслим келтирген хадисте Аллахтын элчисине ﷺ Миражда үч нерсе берилгени айтылат. Алар: беш убак намаз, “Бакара” сүрөсүнүн акыркы аяттары жана ширк кылбаган үммөтүнүн чоң күнөөлөрү кечириле тургандыгы кабарланган

Пайгамбарыбызга башында 50 маал намаз парз кылынган. Бирок Муса пайгамбардын кеп-кеңеши аркылуу 5 убак намазга кыскартылган.

Мираж окуясын адамдар кандай кабыл алышты?

Мираж окуясын угар замат Меккедеги мушриктер анын айткандарын төгүнгө чыгарышты. Алар жалган-жалааларды жарыялап, калктын башын айландырууга басым жасашты. Бул жөнүндө Абу Бакрдан сурап көрүштү. Абу Бакр алардын шаабайын минтип суудурду:

“Ал эмне айтса, баары туптуура. Мен ага чын дилден ишенем”.

Мухаммед пайгамбардын бул окуясына душмандары шек санаса, мусулмандар ага дароо ишеништи. Ыйман келтиргендердин жүрөгүндө Мираж окуясынын чындыгына шектенүүгө кыпындай да орун жоктугу далилденди.

Бул түндү ибадат кылып, Аллахты эстеп, дуба кылып өткөргөн жакшы. Салман Фариси (р.а) пайгамбарыбыздан риваят кылат:

“Ражаб айында бир (өзгөчө) күн жана (өзгөчө) түн бар. Бул - айдын 27-түнү. Ким бул күнү орозо кармап, түндү ибадат менен өткөрсө, жүз жыл орозо кармап, ибадат кылган адамдай болот”.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32