Берекелүү Рамазан айы кирип, мусулмандар кубанычка батып турган кез. Чыныгы мусулман үчүн орозо - ачка жүрүү эле эмес, бардык жамандыктардан алыс болуу, Аллах Таалага жакындоо жана күнөөлөрдөн арылуу.
Орозо араб тилинде «Ас-Соум» деп аталып, кармануу деген маанини билдирет. Исламда ибадат ниетинде таң аткандан күн батканга чейин тамак жеп, суусундук ичүүдөн жана жыныстык катнаш кылуудан тыйылууну түшүндүрөт.
Орозо мусулмандарга Хижранын 2-жылы, Шаабан айында парз кылынган.
ОРОЗО КАРМОО КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
Орозо балагатка жеткен ар бир акыл-эстүү мусулман үчүн парз.
Аллах Таала “Бакара” сүрөсүндө мындай дейт:
Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет:
Орозо кармоо - бизди бул дүйнөдө жамандыктардан сактап, акыретте тозоктун азабынан коргогон жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишине себепкер болгон маанилүү ибадат.
Аллахтын элчисиз ﷺ айтты:
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын ﷺ хадисин риваят кылат:
Рамазан Жаратканга жакындап, Аны менен мамилебизди бекемдөөгө жана кулк-мүнөзүбүздү оңдоп, күнөө иштерден арылууга - чоң мүмкүнчүлүк.