Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ооз ачуу – тамак ичүү эле эмес, Жаратканга болгон ибадат

Жарыяланды: 17 апрель 2022

Рамазандын ар бир күнү ооз ачуу менен аяктайт. Ал – тамак ичүү эле эмес, чыныгы майрам. Ифтарлык өткөрүүнүн көлөмү, катышуучу адамдардын саны, даярдаган тамактын түрлөрү ар кандай болуп, эч кандай чектөө жок.

%article_title%

Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:
«Орозо кармаган адамдын эки кубанычы бар: бири - ооз ачып жаткандагы, экинчиси - өзүнүн Роббисине жолугуп жаткандагы».

Ооз ачуунун өзгөчө пайдасы – анын Исламда өтө бийик бааланган маанилүү ибадат болгондугу. Анткени бул учурда ар бир адам жакшы амал кылууга: муктаждарды тойгузууга жана биримдикте жалпы адамдар менен Алла Таалага дуба кылууга мүмкүнчүлүк бар.

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Орозо кармаган адамды тойгузган инсан орозо кармаган адамга берилүүчү соопторго ээ болот».
Берилген тамак өтө чүйгүн тамактардан болобу, же бир сындырым нан, же бир ууч курма, же бир жутум суу болобу эч айырмасы жок.

Урматтуу окурман! Сиз дагы Жараткан Аллах Тааланын берекелүү соопторуна ээ боло аласыз.

Ал үчүн “Рамазан чатыры” кайрымдуулук долбооруна катышыңыз. Аз камсыз болгондор үчүн уюштурулуучу ооз ачууга салым кошуу үчүн кайрымдуулук садакаңызды ЭлСом 0222 044 577 номерине которсоңуз болот.

Ооз ачуу – 1 адам үчүн 350 сом

Ошондой эле “Рамазан чатыры” долбоору буларды кабыл алат:

- Азык-түлүктөр;

- Кийимдер (жаңы же жакшы абалдагы);

- Жашылча-жемиштер;

- Печенье, конфеттер;

- Оюнчуктар, китептер ж.б.

Аллах Рамазан айында кылган жакшы амалыңыз үчүн Өз ыраазычылыгын насип кылсын!



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32