Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазанда Куран окуу – такыбалардын сүйүктүү амалынан

Жарыяланды: 15 апрель 2022

Момундардын жүрөктөрүн толтуруп туруучу жарык нур – бул Ыйык Куран. Анын Сурак күнүнө чейин ар бирибизге ишенимдүү жол көрсөткөн сөздөрү кандай гана чырайлуу!

%article_title%

Рамазан айында өтө берилүү менен Куран окуу, анын акыйкатына кулак салып, ой жүгүртүү жана эч каршылыксыз аны ээрчүү осуят кылынган. Ыйык Куранда Жараткан Өзү тандаган Рамазан айынын улуу баалуулугу бар.

Аллах Таала айткан (мааниси):

«Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү» (Куран, 2:185).

Биздин такыбалардын (салаф ас-соолихиин) жашоо үлгүсүнө ылайык Рамазан айында бардык амалдардан артыгыраак көрүп, ой жүгүртүү жана көңүл бөлүү менен Куран окушубуз керек.

Абу Ханифа (Ага Аллах ырайым кылсын) Рамазанда Куранды биринчи сабынан акыркы сабына чейин эки жолу окуп турган. Ал эми сахих хадистерди түзүүчү Имам Бухари (Ага Аллах ырайым кылсын) Рамазан айында бир күндө жана үч таравих намазында Куранды толук окучу. Имам Шафи (Ага Аллах ырайым кылсын) Рамазанда Куранды 60 жолу окуган, араб тарыхчысы Ибн Асакир жөнөкөй учурда бир жумада бир жолу, ал эми Рамазанда ар бир түнү Куранды толук окуп чыккан.

Ыйык Куран – бул Аллах Тааланын ырайымы жана даанышмандыгы, анткени андан биз бардык суроолорубуздун жообун алабыз жана алардан кантип жашоону жана кандай нерселер арам, кандай нерселер сооптуу экендигин билебиз. Куран аркылуу биз бардык доорлордун, элдердин даанышмандыгын түшүнөбүз!

«Акыйкатта, бул Куран бизге эң туура жолду көрсөтөт», – деп айтылат Куранда (17:9). Акыйкатта, Куран окуу адамды тазалайт, туура жолго жолдойт, ага өзүнүн каталарын түшүнүп жана аларды оңдоого мүмкүнчүлүк берет, башка адамдарга жакшылык кылууга багыттайт.

Рамазан айында Аллахтын Китебин окуп калуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калуу керек, анткени бул учурда жүрөгүбүз жана рухубуз үчүн Аллахтын айткан теңдешсиз сөзүнүн маанисин түшүнүүдөн да жакшыраак, пайдалуураак эч бир амал жок.

Куран окууда Аллах Таала бардыгына тырышчаактыкты, сабырдуулукту берсин!



Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов