Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Такбир-ташрик айтуу Аллахка жаккан амал

Жарыяланды: 7 июль 2022

Эртең Арапа күнү белгиленет. Бул күндөн баштап, такбир-ташрик айтуу – Аллахка жаккан амалдардын бири.

%article_title%

Арапа күнүнүн (8-июль) багымдат намазынан тартып, майрамдын 4-күнүнүн (12-июль) аср намазына чейин такбир-ташрик айтуу зарыл. Такбир-ташрикти (жалпы 23 жолу) ар бир мусулман парз намаздан соң айтат.

%article_title%

ТАКБИР-ТАШРИК МЫНДАЙЧА АЙТЫЛАТ:

للهُ أَكْبَرُ اللهُ أَكْبَرُ لَا إلَهَ إلَّا اللهُ وَاَللهُ أَكْبَرُ اللهُ أَكْبَرُ وَللهِ الْحَمْدُ

“Аллаху акбар, Аллаху акбар! Ля иляха илляллаху валлаху акбар. Аллаху акбар ва лилляхиль хамд”.

Мааниси: “Аллах улук, Аллах улук! Аллахтан башка Кудай жок жана Аллах улук. Аллах улук жана бардык мактоолор Ага таандык”.

%article_title%

ТАКБИР-ТАШРИКТИН ТАРЫХЫ

Ибрахим пайгамбар (а.с) уулу Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн жаткызат. Мына ошондо Жебреил периште Исмаилди куткаруу үчүн кой алып келе жатып, Исмаилдин (а.с) курмандыкка чалынуусунан коркуп кетип: “Аллаху Акбар, Аллаху Акбар”, - деп айтат. Жебреилди көргөн Ибрахим пайгамбар мындай дейт: “Ля иляха илляллаху валлаху акбар”. Куткарууну уккан Исмаил: “Аллаху акбар ва лилляхиль хамд”, -дейт. Ошентип, такбир-ташрик айтуу келип чыккан.



Намаз убактылары
7 октябрь 2022г.
Багымдат
5:32
Күндүн чыгуу
7:06
Бешим
12:49
Аср
16:48
Шам
18:37
Куптан
20:08
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов