Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ашура күнү кармалган орозо бир жылдык күнөөлөрдү кечирет

Жарыяланды: 27 июль 2023

Эртең ыйык Ашура күнү. Мухаррам айынын 10-күнү – Исламдагы маанилүү күндөрдүн бири. Ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп, эбегейсиз чоң соопторду табууга жол ачат.

%article_title%

Пайгамбарыбыз ﷺ: “Арафат күнүндө кармалган орозо 2 жылдын күнөөлөрүн кечирсе, Ашура күнүндө кармалган орозо былтыркы жылдын күнөөлөрүн кечирет”, - деп айткан.

Ошондой эле Абдулла ибн Аббас: “Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ бул күндөгү (Ашура) орозо сыяктуу бир да күндүн орозосун артык көрүп, кармоого тырышканын көрбөдүм жана рамазан айында да орозо кармоого ушундай тырышар эле”, - деп айткан.

Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу – сүннөт. Анткени жөөттөр да ушул күнү орозо тутушкандыктан пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ аларга окшоп калбоо максатында алдыңкы жана кийинки күнүн кошуп туткан.

Бул тууралуу пайгамбарыбыздын мындай хадиси келтирилет: “Ашура күнү орозо кармагыла, бирок (Ашура күнү гана орозо кармаган) жөөттөргө окшошпогула. Ашурага чейин бир күн, Ашурадан кийин бир күн орозо кармагыла. Ошондо силер (жөөтөргө окшобостон) 3 күн орозо кармаган болосуңар”.

АШУРА ОРОЗОСУН КАРМООНУН ЭРЕЖЕСИ:

• 9-10-11-күндөр (Үч күн орозо кармоо)

• 9-10-күндөрү же 10-11-күндөрү орозо кармоо.

Мындан тышкары, бул күнү башка ибадаттарга да маани берүү керек. Нафил намаздарды окуу, дуба кылуу, Куран окуу, садака берүү да эбегейсиз соопко ээ кылат.

Байхаки келтирген бир хадисте келет: “Ким Ашура күнү үй-бүлө мүчөлөрүн кубантса, Аллах да жыл бою аны кубантат”.

Ыйык күнү Аллах Таала күнөолөрүбүздү кечирип, бейиштик болууну насип кылсын!



Намаз убактылары
21 январь 2025г.
Багымдат
06:47
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
13:13
Аср
16:17
Шам
18:04
Куптан
19:19
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов